Камерасын ыйлаткан да, кубанткан да жылкычынын баласы. Кадыржан Кыдыралиевди эскерүү

© Sputnik / Александр ФедоровБыйыл белгилүү кинорежиссер, оператор Кадыржан Кыдыралиев. Архив
Быйыл белгилүү кинорежиссер, оператор Кадыржан Кыдыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Быйыл белгилүү кинорежиссер, оператор Кадыржан Кыдыралиев көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында тургандардын бирин эскерип, кесиптештерин, шакирттерин жана жакындарын сөзгө тартты.
Кадыржан Кыдыралиев 1936-жылы Чүй облусунун Панфилов районундагы Чолок-Арык айылында жылкычынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы фронтко кетип кайтпай калып, балалыгы бирде ач, бирде ток болуп кыйынчылыктар менен өткөн. Ал алгач айылдагы, андан соң борбор калаадагы №5 мектептен билим алып, окууну аяктагандан кийин "Кыргызфильм" киностудиясында оператордун ассистенти болуп иштейт. Жаш жигит 1954-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтуна эки жолу тапшырып өтпөй калган. Ага карабай үчүнчү жолу документтерин жиберип, 1956-жылы СССРдин борборунда студент болот. Ошентип Бүткүл союздук кинематография институтунун операторлук факультетинде кесибин жогорулатып, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Александр Гальперинден сабак алган. Дипломдук ишин өзүнүн курдашы Мелис Убукеев экөө "Тоолордун дарыялары" деген аталыштагы даректүү фильмин тартып коргоп, көп өтпөй Мукай Элебаевдин "Бороондуу күндө", "Узак жол" чыгармаларынын негизинде "Тайгак кечүү" көркөм тасмасын жаратат. Жаш киночулардын ал эмгеги Алматы шаарында өткөн эл аралык фестивалда атаандаштарынан озуп чыккан.
© Sputnik / Александр ФедоровКадыржан Кыдыралиев 1936-жылы Чүй облусунун Панфилов районундагы Чолок-Арык айылында жылкычынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Кинорежиссер, оператор, Народный артист Кыргызской ССР Кадыржан Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кадыржан Кыдыралиев 1936-жылы Чүй облусунун Панфилов районундагы Чолок-Арык айылында жылкычынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Кийин СССРдин эл артисти, режиссер Төлөмүш Океев менен узак жыл иштешип, "Бакайдын жайыты", "Отко таазим", "Көк серек", "Улан", "Алтын күз" фильмдерин тарткан.
Океев көзү тирүү кезинде замандашынын кесипкөйлүгү жөнүндө буларды айткан жайы бар.
"Кадыржан Кыдыралиев оператор катары, эң негизгиси, жарык кое билет жана жарык ага кынтыксыз баш иет. Ошол эле маалда драматургияны мыкты түшүнөт, ички туюму менен эмнени тартып, кайсы кадрды жакын алуу керек экендигин сезет. Кыдыралиевдин камерасы өтө эмоционалдуу. Анысы ыйлай да, кубана да алат", — деген Океев
© Sputnik / Александр ФедоровКыдыралиев дипломдук ишин өзүнүн курдашы Мелис Убукеев экөө "Тоолордун дарыялары" деген аталыштагы даректүү фильмин тартып коргоп, көп өтпөй Мукай Элебаевдин "Бороондуу күндө", "Узак жол" чыгармаларынын негизинде "Тайгак кечүү" көркөм тасмасын жараткан.
Кинорежиссер, оператор, Народный артист Кыргызской ССР Кадыржан Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыдыралиев дипломдук ишин өзүнүн курдашы Мелис Убукеев экөө "Тоолордун дарыялары" деген аталыштагы даректүү фильмин тартып коргоп, көп өтпөй Мукай Элебаевдин "Бороондуу күндө", "Узак жол" чыгармаларынын негизинде "Тайгак кечүү" көркөм тасмасын жараткан.
Ал эми залкар актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов оператор Кыдыралиев менен иштөө өтө жеңил болгонун белгилеген.
"Кадыржан сулуулукту кыймылда, мейкиндикте көрө билет. Ошондуктан аны менен иштешүү мага өтө жеңил жана ырахат болчу. Ал актерлорго эркин, күчкө салбай иштегенге шарт түзүп берет, өзү да ошондой иштейт. Тажрыйбалуу оператор актерлорго бир дагы жолу сен минтип туруп алдың, туура эмес бурулуп койдуң деген эмес. Анын камерасынын алдында эмоция, кыймылдарыбыз менен жашайбыз. Өзү болсо аппаратурасын бизге карап ыңгайлаштырат. Кыдыралиев — жаратылышты өтө кылдат түшүнгөн адам. Киноэкспедицияларда сүрөт тартканы чыксам Кадыржандын таңды же күндүн батып бара жатканын эргүү менен карап отурганын көрчүмүн", — деген Чокморов.
Төлөмүш Океев, Кадыржан Кыдыралиев жана Сүймөнкул Чокморовдун биргелешип жасаган эмгеги көпчүлүктүн күтүп көргөн ырахаты эле.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кадыржан Кыдыралиев алкачкы профессионал кыргыз операторлордун бири болгондуктан эмгек жолунда көптөгөн шакирт тарбиялай алды. Жөнөкөй, баары менен тил табыша билген кинематографист артынан келе жаткан Нуртай Борбиев, Мурат Жыргалбаев, Мурат Алиев, Сергей Чадин, Сагын Макекадыров, Марлест Джадриновго жол көрсөткөн.
Шакирттеринин бири, кинофотограф Александр Федоров устаты союздук деңгээлдеги операторлордун бири болгонун айтат.
"Оператор Кадыржан Кыдыралиев бош отуруп калганда комузда кол ойнотуп ырдап калчу. Биз жаш элек. Ал Кыргызстанда гана эмес, жалпы СССРдин деңгээлиндеги мыкты операторлордун бири болгон. Россиялык атактуу оператор Сергей Урусевскийге салыштырып, "кыргыздын Урусевскийи" деп коюшчу. Тубаса талант эле. Мен андан сабак алып көп нерсе үйрөнүп, шакирт болуп калдым. Ошол эле маалда өтө жөнөкөй адам болчу. Кыргыздардын гана эмес, казактардын дагы бир топ тасмасын тартты", — деди Федоров.
© Sputnik / Александр ФедоровТалантуу инсан ар бир кинокартинада жөн гана оператор болуп тим болбостон, ой-пикирин, сунушун сөзсүз айтчу.
Кыргыздын Урусевскийи менен жылмайган Аринбасарова. Уландагы таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Талантуу инсан ар бир кинокартинада жөн гана оператор болуп тим болбостон, ой-пикирин, сунушун сөзсүз айтчу.
Кийин Кыдыралиев москвалык Ирина Поплавскаянын "Жамийла", "Мен — Тянь-Шань", "Василий жана Василиса" фильмдерин тарткан. Москвадагы киночулар дайыма өз катарына кесипкөй кыргыз операторун кубанып кошуп, далай жолу кызматташкан.
Талантуу инсан ар бир кинокартинада жөн гана оператор болуп тим болбостон, ой-пикирин, сунушун сөзсүз айтчу. Кинорежиссер Жали Сооданбек оператор тууралуу буларды эскерет.
© Sputnik / Александр ФедоровКыдыралиев убакыттын өтүшү менен режиссерлукту да аркалап, 15тен ашык даректүү тасманы көрүүчүлөргө сунуштаган.
Кинорежиссер, оператор, Народный артист Кыргызской ССР Кадыржан Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыдыралиев убакыттын өтүшү менен режиссерлукту да аркалап, 15тен ашык даректүү тасманы көрүүчүлөргө сунуштаган.
"Кадыржан Кыдыралиев жана Марлес Туратбеков биринчи профессионал операторлор. Ага чейин кыргыз кинолорун башка улуттагы операторлор тартып келишкен. 60-жылдары режиссер Мелис Убукеев менен биргеликте тарткан "Тайгак кечүү" кинофильми жакшы ийгиликтерге жетти. Убакыттын өтүшү менен агай башка кыргыз режиссерлору менен дагы тыгыз иштешти. Океевдин эң мыкты тасмаларын камерага түшүрдү, Геннадий Базаров менен "Искусство жөнүндө баян", мени менен "Не ищи объяснения" деген фильмди тартты. 80-жылдардын аягында уулу Хасан менен Казат Акматовдун "Мезгил" романынын негизинде "Гибель во имя рождения" ("Жаралуу үчүн жан берүү") аттуу фильмин тарттык. Ошол учурда уулу Хасанды ээрчитип иштеп калган. Азыр ал "Казакфильмдеги" эң мыкты тасмалардын үстүндө иштеп жатат. Мунун баары атасынын тарбиясы десек болот. Кадыржан агай экөөбүз жакшы мамиледе болуп жүрдүк. Өтө жөнөкөй, бой көтөрбөгөн, жаштар менен курдаштай эле мамиле түзүп, коммуникациясы күчтүү инсан эле. Ишсиз такыр жүрө алчу эмес, операторлук дарамети өтө күчтүү болчу. Союз тарагандан кийин кээде жолугуп сүйлөшүп калчубуз. Ал кезде бизде кино тартуу толугу менен токтоп калган. Ошондо мага "тасма тартуу аянтчасы түшүмө кирип жатат" деп айтып калчу", — деди Жали Сооданбек.
Кыдыралиев убакыттын өтүшү менен режиссерлукту да аркалап, 15тен ашык даректүү тасманы көрүүчүлөргө сунуштаган.
© Sputnik / Александр ФедоровЧыгаан оператор жубайы менен эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойткон. Залкар киночу Кадыржан Кыдыралиев 2015-жылы узак оорудан кийин 79 жаш курагында кайтыш болуп, сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган.
Кинорежиссер, оператор, Народный артист Кыргызской ССР Кадыржан Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Чыгаан оператор жубайы менен эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойткон. Залкар киночу Кадыржан Кыдыралиев 2015-жылы узак оорудан кийин 79 жаш курагында кайтыш болуп, сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган.
Тажрыйбалуу оператордун уулу Хасан Кыдыралиев бала кезинен атасын ээрчип жүрүп кино тармагына аралашып кеткенин кеп кылды.
"Мен алты жашыман атамды ээрчип, тасма тартуу иштерине аралашып калдым. 1966-жылы "Бакайдын жайытына" катышканым эсимде. Кээде командировкага төрт-беш айга кетип калганда сагынып күтчүбүз. Чоңойгондо мага жол көрсөттү, бирок мен анын экинчи оператору же ассистенти болуп иштеген жокмун. 1989-жылы "Өрүкзардагы баянды" тартканда ал режиссер, мен оператор болгом. Жумушта кесиптештери сыйлап Кадыржан Кыдыралиев эмес, Николай Николаевич дешчү. Үйдө балдарды эркелетип сүйүп чоңойтту", — деди Кыдыралиев.
Хасан Кыдыралиевдин уулу Жантай дагы чоң атасы менен атасынын жолун улап операторлукту аркалап келет. Азыр экөө тең коңшу Казакстанда кесиптик ишмердүүлүгүн улантууда.
Чыгаан оператор келинчеги менен эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойткон. Залкар киночу Кадыржан Кыдыралиев 2015-жылы узак оорудан кийин 79 жаш курагында кайтыш болуп, сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0