Болот Шамшиев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктагандан кийин "Манасчы" жана "Чабан" даректүү тасмасын жаратып, 1967-жылы казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "Караш-Караш окуясы" чыгармасынын негизинде фильм тартууга киришет. Кинофильмде Россия империясынын аймагынын көчүп келген эл менен Түштүк Казакстан, Кыргызстандын жергиликтүү калкынын ортосундагы мамиле жана ошол маалдагы жер бөлүштүрүү саясаты баяндалат. Шамшиев анын сценарийин бир айда эле Ауэзовдун чыгармасына таянып жазып, кошумча архивде иштеп, тарыхый фактылар менен толуктаган.
Режиссер көзү тирүү кезинде аталган кинокартинаны тартууга казак интеллигенциясынын айрым өкүлдөрү каршы чыккандыгын айткан жайы бар.
"1967-жылы СССРдин мамлекеттик кино тармагынын башкы редактору Геннадий Сурков Орто Азия республикаларынын кино тармагын текшерип, бул максатта Фрунзеге да келген. Мен ал убакта жумушсуз үйдө отуруп калгам. Сурков атайын издеп жолугуп, эмне үчүн бош жатканыма кызыкты. Мен фильм тартканга уруксат бербей жатканы тууралуу айтсам, Сурков уруксат алып берерин айтып, кайсы чыгарма боюнча фильм тарта турганымды сурады. Жолугушууга чейин үч күн мурда Мухтар Ауэзовдун "Караш-Караш окуясы" чыгармасын жаңы эле окуп чыккам. Ошону айттым. Анын буйругунун негизинде "Кыргызфильмдин" башкы редактору мени менен фильмди тартуу жөнүндө келишим түздү. Бир айдын ичинде сценарий жазып, жетекчиликке көрсөттүм, жактырышты. Андан кийин Москвага алып барсам, ал жак да колдоп берди. Бирок бир аз убакыттан кийин Сурков катуу ооруп жумуштан кетүүгө аргасыз болуп, анын ордуна келген жаңы редактор менин сценарийимди көрүп кетенчиктей баштады. Анткени 1965-жылы белгилүү кинорежиссер Андрей Кончаловскийдин Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасмасы кыргыз интеллигенциясынын нааразылыгын жараткан. Мындан улам мен тарта турган фильм казак интеллигенциясынын арасында терс көз карашты жаратышы мүмкүн деп чочулады окшойт. Адегенде бул сценарийди "Казакфильмдин" жетекчилигине көрсөтүп, макулдугун алуу керектигин айтып, мени Алматыга жөнөттү. Ак жактагылар жакшы кабыл алышкан жок. Азыр да эсимде, "Казакфильмдин" кызматкери Токол Бейбутов: "Сен кимсиң деги? Билесиңби, Мухтар Омарханович улуу жазуучу. Ушул чыгарманы ал жыйырма алты жашында жазган", — деп сөөмөйүн өйдө көтөрүп сүйлөдү. Мен ага кырк жыл мурда 26 жаштагы Ауэзов "Караш ашуусундагы окуясын" жазса, азыр мен да 26да экенимди айтып, каяша сүйлөдүм (күлүп). Ушул повесть боюнча белгилүү казак кинорежиссеру Мажит Бегалин көркөм тасма тартам деп жүргөнүн айтышты. Ошентсе да натыйжада мага "Казакфильм" бул тасманы тартканга макулдугун бир шарт менен берип, фильмдин көркөм жетекчилигине белгилүү режиссер Шакен Аймановду дайындаган", — деген Шамшиев.
Шамшиевдин биринчи көркөм тасмасын көрүүчүлөр жакшы кабыл алып, бир топ абройлуу сыйлыктарга татыган. Мисалы, 1969-жылы Алматыда өткөн Азия өлкөлөрү жана Казакстан фестивалында "Горный беркут" баш байгесин алып, кийинки жылы Минск шаарында уюштурулган Бүткүл союздук фестивалда экинчи байге жана "Советский экран" журналынын "Мыкты көркөм фильм" номинациясына ээ болгон. Андан сырткары, Болот Шамшиев Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгын алса, 1970-жылы Чокморов "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" диплому менен сыйланган.