17:01 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев. Архив

"Бөрү зынданды" Чыңгыз Айтматов сактап калган. Болот Шамшиев тасма тууралуу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
887 0 0

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев биринчилерден болуп СССРде баңгизат ташыган кылмыш топтору жөнүндө "Бөрү зындан" көркөм тасмасын тартып, өлкөбүздүн коопсуздугу менен келечегине балта чабылып жатканы тууралуу коңгуроо каккан.

Тасманы тартууда Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги ачык колдоо көрсөткөн. Ошол эле убакта ага республикабыздын мамлекеттик коопсуздук жана борбордук комитетинин жетекчилиги да тымызын жардам берген. "Бөрү зындан" бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. Шамшиев менен ушул тасма тууралуу Алмаз Батилов маектешти.

— Агай, сиз биринчилерден болуп көркөм тасма аркылуу СССРдеги уюшкан кылмыш тобу жөнүндө көйгөйдү алып чыктыңыз. Анда Совет мамлекетиндеги кылмыштуу топтордун баңгизат ташып, күчтөнүп, бийликке умтулуп жатканы чагылдырылган. "Бөрү зындан" — "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасынын уландысыбы?

— Ооба. "Бөрү зындан" тасмасы — "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасынын уландысы. Бул тасмаларда 1860-жылдардан баштап 1973-жылга чейин Ысык-Көл аймагында айдалган апийимдин элге терс таасирин тийгизгендиги тууралуу көрсөткүм келген. Апийим Түндүк Кыргызстанга тийген каргыш деп эсептейм. Ысык-Көл аймагында апийимди айдаган учурда аны эл уурдап, сатып, тез баюунун жолуна түшө баштаган. Анын айынан түрмөгө камалып, далай тагдырлар талкаланган. Эң кызыгы, апийимди кыргыздар "шайыргүл" деп атаган.

Блокбастер Волчья яма стал одним из фильмов кыргызского чуда
© Фото / Александр Федоров
Болот Шамшиев: тасманын сценарийин адегенде "Казакфильмге" алып бардык. Албай койгондон кийин "кыргызфильмге" сунуштап, тартууга дароо уруксат берди.

— Идеясы кайдан жаралган?

— Казак сценаристи Эркин Абишев түрткү болду. Ал мага "Бөрү зындан" тасмасынын сценарийин алып келген. Аябай жакса да мен Абишевдин сценарийин толугу менен өзгөртүп, кайрадан иштеп чыккам. Адегенде аны "Казакфильмине" сунуштагам, алар жактырбай коюшканда таң калып, жаман болгом. Андан кийин "Кыргызфильми" тасманы тартууга дароо уруксат берди. Анын үстүнө Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги абдан колдогон. Мындан сырткары, тасмамды тартканга республикабыздын мамлекеттик коопсуздук комитети менен жогорку партиялык жетекчилик тымызын көмөк көрсөттү деп айтса болот. Себеби алар бул тасма аркылуу коомчулук менен Кремлге Кыргызстанда баңгизат ташуу менен алектенген кылмыш топтору СССРдин коопсуздугуна балта чаап жатканы, апийим чеккендердин саны көбөйүп, Москва баңгизат сатуу боюнча ордого айланып баратканы туралуу коңгуроо каккысы келген. Ошол эле убакта "Бөрү зындан" тасмасы турмушта жолун таппай адашкан, өз атын жоготкон адам жөнүндөгү социалдык драма. Ал жашоодо өзүнүн чыныгы ысымын таап жана турмушта чыныгы жолун тапканга умтулган.

— Каршы чыккандар да болгон деп уккан жайыбыз бар…

— Тасманын тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети аябай каршы чыгып, фильмди коюуга бир жыл тыюу салынган. Биринчиден, тасмада тартылган наркотрафик өлкөдө болгон эмес, экинчиден, мамлекетте уюшкан кылмыш топтору жок, үчүнчүдөн, тасмада баңгизат менен кылмыштуулуктун ордосу Москва деп көрсөтүлгөнү чындыкка туура келбейт деген шоона эшпеген далилдерди келтирилген. Тасманы Чыңгыз Айтматов сактап калды. Ал Совет мамлекетинин башчысы Леонид Брежневдин күйөө баласы, СССРдин ички иштер министринин орун басары, генерал Юрий Чурбанов менен абдан жакшы мамиледе экен. Ошо кишинин көмөгү менен тасма киножүгүртүүгө чыкты. Бирок тасмада апийимдин ордуна аң-терилерди тартканга туура келген. Буга карабастан "Бөрү зындан" тасмасы СССРде абдан популярдуу болуп, тасма мамлекеттик казынага 100 миллион доллар каражат түшүрдү.

Съемки фильма Болота Шамшиева Волчья яма
© Фото / Александр Федоров
Режиссер: бул тасма аркылуу коомчулук менен Кремлге Кыргызстанда баңгизат ташуу менен алектенген кылмыш топтору СССРдин коопсуздугуна балта чаап жатканы, апийим чеккендердин саны көбөйүп, Москва баңгизат сатуу боюнча ордого айланып баратканы туралуу коңгуроо кагуу максаты бар эле.

— Тасмадагы терс каарман Бабаханды образы кандай жаралган?

— Чынында Бабахандын образы турмушта болгон. Мен сценарий жазганда Бабахандын образын бул кылмышкердин ишин тергеген бир нече тергөөчүнүн маалыматына таянып жазгам. Бирок убакыт өтүп, архивдеги материалдарды карап чыккандан кийин ал жөнүндө анык маалыматтарды окуп чыктым. Бабахан Түркмөнстанда апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык болчу. Кытай менен чек ара жабылганда кылмыш топтору апийимди өзгөчө Түркмөнстан менен Ыраакы Чыгыш аркылуу чет өлкөгө ташыганы жөнүндө кийин билдим. Бабахан баңгизат ташууга айыпталып камалып, соттон кутулуп чыккан. Бирок элибиз айткандай, кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет экен. Мен тасмада эртеби-кечпи кылмышкер жазаланат деген идеяны кармангам.

— Белгилүү Бабаханды ойногон казак актёру Кенебай Кожабеков тасмаңызга кандайча тартылып калды?

— Алма-Атада "Караш-караш" тасмасынын премьерасы болгондо Кененбай Кожабековдун майып болуп коляскада отурганын көрүп абдан жаман болдум. Анткени буга чейин мен анын "Кыз Жибек" тасмасында Сырлыбай ханды жараткан образын көрүп абдан суктанчамун. Кененбай ага Алма-Атада үч кылмышкердин кыз зордуктап жатканын көрүп, ага жардам көрсөтүүгө аракет жасаганда кылмышкерлер белине бычак урган экен. Бычак нервине тийгендиктен, бара-бара буту баспай калган. Кененбай агага кийинки тасманын сценарийинде сиз үчүн атайын образ жазам деп убада бергем. Он жылдан кийин гана Кожабековко берген убадымды аткардым. Ага мен Бабахандын ролун сунуштагам. Бабахандын ролу Кожабековго аябай жаккан. Ал образды укмуштуудай келиштирген. Үнүн орус тилинде Армен Джигарханян жаңыртканда Бабахандын образы ого бетер ачылган. Кененбай ага да абдан жактырып, ыраазы болгон.

— Тасмада Бухара эмиринин жүзбашысы Бабахан менен Баймырзанын кармашуусун Каракум чөлүндө тарттыңыз беле?

— Жок. Адегенде ошондой ой бар болчу. Бирок бир таанышым "Намангандын жанында Каракумга окшогон Язаван аттуу чөл бар, ошол жерден тартпайсыңбы" деп кеңеш берди. Айтылган жерди көрсөм, чынында эле Каракумга окшош экен. Ошондуктан тасманын бул бөлүгүн Намангандын Язаван чөлүндө тарткам.

Съемки фильма Болота Шамшиева Волчья яма
© Фото / Александр Федоров
Шамшиев: "Бөрү зындан" тасмасы СССРде абдан популярдуу болуп, тасма мамлекеттик казынага 100 миллион доллар каражат түшүрдү.

— Мурат Мамбетов тасмада "Композ" деп аталган каармандын образын жараткан. Азыр деле бул актерду элдин көбү ушинтип атайт…

— Бул өзүмдүн турмушуман алынган. Мамбетов тасмада жараткан "Композ" деген лакап ат мага таандык. Мен мурдагы Дзержинский бульварында өскөм. Атам белгилүү мамлекеттик ишмер болгону менен мен кылмыш дүйнөсүнүн сырын жакшы билчүмүн. Себеби биздин бала кезибиз Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин кылмыштуулук күчөп жаткан учурга туш болду. Көчөдө өсүп, Дзержинский бульварынын жанында жайгашкан темир жол вокзалы аркылуу өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген ар түрдүү кылмышкерлер менен таанышып, аралашып, кылмыш дүйнөсүнүн идеяларына арбалдык. Ошон үчүн айрым теңтуштарым түрмөгө кесилип кетти, кээ бир курдаштарым мунун кесепетинен каза болду. Мен болсо институтка тапшырып турмуштан жолумду таап кеттим. Москвадагы Кинематография институтуна тапшыруу үчүн эмгек стажы талап кылынчу. Айыл чарба транстын автобазасында автослесардын жардамчысы болуп иштегем. Алгачкы эки устатым дядя Лёна менен дядя Ваня болду. Мен аларга кээ бирде арак алып келем, экөө аракты шашпай ичип отурганда ар түрдүү окуяларды айтып берип көңүлүн ачып берчүмүн. Экөө тең менин айткандарымды таң калып угуп, мага "композитор" деген лакап ат коюшкан.

Режиссер показывает артистам, как он видит сцену. На съемках Волчьей ямы
Александр Федоров
Болот Шамшиев: Апийим Түндүк Кыргызстанга тийген каргыш деп эсептейм. Ысык-Көл аймагында апийимди айдаган учурда аны эл уурдап, сатып, тез баюунун жолуна түшө баштаган. Анын айынан түрмөгө камалып, далай тагдырлар талкаланган. Эң кызыгы, апийимди кыргыздар "шайыргүл" деп атаган.

— "Бөрү зындан" көркөм тасмасынын уландысын тартууга сценарийиңиз барбы?

— Албетте. Эки-үч адамдын тагдырынан куралган сценарий даяр. Бул тасманын уландысын "Дама Пик" деп атагым келет.

— 1991-жылы өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин Ысык-Көл аймагына апийим айдоо жөнүндө демилге көтөрүлгөн. "Бөрү зындан" тасмасы буга бөгөт болгон деген көз караш бар?

— 1993-жылы бир саясатчыбыз мамлекетибиздин туңгуч президенти Аскар Акаевге Ысык-Көл кылаасында апийим айдоо боюнча сунуш берген. Эгерде бул тасма тартылбаса, анда балким Ысык-Көл аймагына апийим кайрадан себилип калмак. Менин пикиримде, "Бөрү зындан" тасмасы өзүнүн башкы вазийпасын аткарып, бул демилгеге бөгөт койгон.

Тема боюнча

Болот Шамшиев менен Айтурган Темированын кызы Сүйүтай. "Ак кемеден" таберик сүрөт
Болот Шамшиевге — 75 жыл. Белгилүүнүн бейнесине сүрөт сүртүмдөр
Белгилер:
апийим, тасма, кылмыш, "Бөрү зындан" тасмасы, Болот Шамшиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ