Старшина, лейтенант, подполковник. Капыстан өчкөн өмүрлөр...

© Sputnik / Табылды КадырбековЧасть жилмассива "Энесай" заблокирована милицией, идет проверка домов
Часть жилмассива Энесай заблокирована милицией, идет проверка домов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын бир катарларынын артында бир нече бала калса, кээ бирөөлөрү жаңы үйлөнөм деп турган. Кырсыкты кайдан деп болот... Бүгүн Кыргызстанда милиция кызматкерлеринин майрамы белгиленип жатат. Sputnik Кыргызстан 2017-жылдын башынан бери каза болгон милиция кызматкерлерин эске салды.

Бычак жеп, көчөдө жан берген милиция. Бишкектиктер үрөй учурган окуя тууралуу 27-октябрда эртең менен угушту. 26-октябрга караган түнү Бишкектин Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкеринин сөөгү табылган. Кылмышкердин колунан бычакталып каза болгон милициянын кызматкери 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков болуп чыкты 

Маркум Биринчи Май райондук милициясынын криминалдык кызматында иштечү экен. Ал мурунку күнү жасап бүткөн иштеринин эсеп-чотун берип, табелдик куралын тапшырып кубанган тейде эмгек өргүүсүнө кеткен. Иштен чыгып кесиптештерин Бишкектин ичиндеги бир жерге алып барууну суранып, ал жакта калган. Ал эми видеодон түн жамынган бирөө ага кантип бычак ургандыгын көрүүгө болот.

Начальник отдела розыска УПМ Бишкека Ажыбек Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Милиция: адамды өлтүрө сүзүп кеткен кылмышкерди тапканга селсаяк жардам берген
Кесиптеши атып алган старшина. Андан бир күн мурда, 25-октябрда, Нарын шаарында каргашалуу окуя болду. Адистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери Жолдошбек уулу Адилет окко учту. Окуя кечкурун, тагыраагы 18.15те Нарын ШИИБинин күзөт бөлүмүнүн курал сактоочу бөлмөсүндө болуп, 26 жаштагы ага сержант куралын өткөрүп жатып, жанындагы старшина тарапка ок чыгарып алган.

Ички иштер министрлиги сержант менен старшинанын чогуу иштеп жүргөнүн билдирди. 

Чолпон-Атада кырсыктаган инспектор. Июнь айынын соңунда Чолпон-Ата шаарында Кайгуул милиция кызматынын инспекторун иш учурунда көчөдө кетип бара жаткан Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, ал ооруканадан көз жумду.

Ок атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттин оксуз калган жансакчысы, бычакталган бөбөк. 90-жылдардагы кылмыштар
25 жаштагы айдоочу шаардын Совет көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, борбордук мечиттин аймагына жеткенде рулду оң жакка, кызматтык унаасынын жанында турган милиционерлер көздөй буруп жиберген. Милиционерди сүзүп кетип, анын эки буту сынып, ички органдары жабыркаган. Ал эми экинчиси жолдон четке чыга качканга үлгүрүп, аман калган.

Жүрөккө сайылган бычак. Июндун акыркы күндөрүндө, шаршемби күнү ИИМдин Свердлов району боюнча Адистешкен мамлекеттик күзөт кызматында иштеген милиция кызматкери аял кишинин колунан каза тапты. Маалыматта ал 17 жаштагы кызга сезимин билдирип, анын колун сураган. Окуя кечки саат 23.50лөр чамасында болгон.

"Ал кызга ашыктык сезимин билдирип, эч нерседен коркпой турганын айткан. Кийин экөө белгисиз себептер менен урушуп кеткен. Жигит кыздын колуна бычак карматып, сайып салуусун суранган. Натыйжада кыз милициянкызматкеринин көкүрөгүнө бычак урган", — деп билдирген ИИМдин маалымат кызматынан.

Ал ооруканага жеткирилгени менен алган жараатынан каза тапкан. Милициядан маркум тирүү болгондо август айында күзөт кызматында иштеп жатканына бир жыл толмоктугун кошумчалашты

© Фото / Зульфия ТургуноваОшто Таирбек Уларовдун өлтүрүлүшү
Убийство подполковника Таирбека Уларова в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ошто Таирбек Уларовдун өлтүрүлүшү

Сөөгү үч күндөн кийин табылган подполковник. Ошто Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген подполковниктин сөөгү 24-мартта автоунаанын ичинен табылган. Ал 21-март күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Үч күндөн кийин сөөктү Учар айылынын Набережная көчөсүндө жолдун боюнда токтоп турган көк түстөгү Mitsubishi унаасынан табышкан.

Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук
Ош шаардык милициясынан анын өлүмүнө шектелип, бир үй-бүлө мүчөлөрү кармалгандыгын айтышты. Анда шектелүүчү аялын подполковниктен кызганып, ушундай кадамга баргандыгы айтылган.

Кыргыз милициясы түптөлгөндөн тарта кызмат кылып жаткан учурунда 272 кызматкери өмүрү менен кош айтышкан. Быйыл, 2017-жылы, милиция өзүнүн түптөлгөндүгүнүн 93 жылдыгын белгилеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0