Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык 28-июнда, саат 16.35 чамасында катталган.
Subaru Forester үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу Чолпон-Атанын Совет көчөсү менен батышты көздөй бараткан. Ал борбордук мечиттин аймагына жеткенде рулду оң жакка буруп жиберген, натыйжада кызматтык унаасынын жанында турган милиционерлерди сүзүп кеткен. Экинчи милиционер убагында качууга жетишип, жабыркаган эмес. Ал эми оор жаракат алган кызматкердин эки буту сынып, ички органдары жабыркаган. Ага учурда операция жасалууда.
Subaru унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качкан эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кырсыктын видеосун күбө жиберди.