00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал конфликт ыйык Орозо айында болуп жатканы абдан өкүнүчтүү экенин белгилеген. “Биз аймактагы элдер менен бирге, жай турмушта күн кечирген элдин арасында көптөгөн жарандар курман болуп жаткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарынын орду толгус кайгы-муңун тең бөлүшөбүз. Мындай апаатка алып келген аракеттердин баарын айыптайбыз”, — деди өлкө башчы. Ал Кыргызстан БУУнун уставына жана таанылган эл аралык укук принциптерине ылайык, аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактай турганын белгиледи. “Тараптарды сабырдуулукту карманууга, согуш аракеттерин дароо токтотууга жана кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн, конструктивдүү диалогго тезирээк кайтып келүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө чакырабыз”, — деди Жапаров. Эске салсак, 28-февралда Америка Кошмо Штаттары менен Израиль Иранга каршы ири чабуулдарды баштаган. Сокку Минаб шаарындагы кыздар үчүн башталгыч мектептин имаратына тийген. Ирандын билим берүү министри Алиреза Каземи каза болгон окуучулар менен мугалимдердин саны 200дөн ашык экенин айткан.
Гулбара Ишенапысова саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бүгүн президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Элден Калчакеев министрдин жаңы орун басарын эмгек жамаатына тааныштырды.
РКӨФ жетекчиси Артем Новиков Кыргызстандын Баскетбол федерациясынын жаңы президенти болуп шайланды. Тиешелүү чечим федерациянын жыйынында бир добуштан кабыл алынган.Новиков башкармалыктын мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө спортту өнүктүрүү жана жаштарды колдоо мамлекеттин күн тартибиндеги маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи. “Президентибиз ар дайым спортту өнүктүрүү зарылдыгын айтып келет, футбол, күрөш сыяктуу башка багыттарда да чоң аракеттер жасалууда. Биз спортчулардын Олимпиада оюндарында кандай жыйынтык көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз.Мен биргелешкен аракеттердин үстүндө баскетболдун популярдуулугун дагы арттыра алабыз деп ишенем, — деди ал.Анын айтымында, жакынкы мезгилде федерация өспүрүмдөр баскетболун өнүктүрүү, улуттук курама командаларды күчтөндүрүү жана өлкө боюнча бул спорт түрү менен машыгууга шарт түзүүгө көңүл бурат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын руханий лидери, маркум Али Хаменеинин ордундагы уулу Можтаба бул кызматта турганда элге чыга албайт деген билдирүүсүн таратты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Мурдагы тиранды жок кылдык, эми жаңысы... Элдин алдына чыга албайт", — деген Нетаньяху маалымат жыйында. Израилдин өкмөт башчысы бул согушта алдыда дагы бир топ күтүлбөгөн "белектер" турганын, бирок аны азырынча коомчулукка жар салбастыгын айтып, көкүрөк каккан. Тагыраагы, бул Ирандын жаңы руханий лидери менен "Хезболланын" башкы катчысына байланыштуу деп "белегинин" четин чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0