00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровдун чечими менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Агартуу министрлиги акыркы күндөрү коомчулукта тарап жаткан айрым такталбаган маалыматтарга карата төмөнкүлөрдү билдирет: "Айлык акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге тиешелүү болот. Айрым гана (STEM) предметтердин мугалимдеринин айлыгы көтөрүлүп, тарых, кыргыз тили же география мугалимдериники жогорулабайт деген сөздөр — жалган. Ошондой эле бул предметтердин сааттары кыскарат деген маалыматтар да чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, өлкө башчысынын мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу чечими педагогдордун статусун көтөрүүгө жана алардын мамлекеттин өнүгүшүндөгү ролун баалоого багытталган.
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу чыгармачыл бирикмелер жана илимий интеллигенциянын республикалык форумунун үчүнчү этабын ишке ашырууга арналган жыйын өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда форумдун негизги мааниси, демилгелери, максаттары жана милдеттери талкууланды. Ошондой эле форумдун үчүнчү этабын өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери, иш-чаралардын мазмуну жана аларды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Катышуучулар иш-чара чыгармачыл коомчулук менен илимий интеллигенциянын өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө, улуттук маданий баалуулуктарды даңазалоо жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти. Жыйындын соңунда форумду өткөрүү боюнча мындан аркы иш-чараларды координациялоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Африка Биримдигинин өлкөлөрү кулчулук үчүн Европанын айрым мамлекеттеринен кенемте талап кылып БУУнун Эл аралык сотуна кайрылууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Telegraph жазды. "Африка Биримдигинин мүчөлөрү империялык ишмердүүлүк жүргүзүп, кулчулукту гүлдөткөн мурунку колониялык державалардын үстүнөн эл аралык сотторго кайрылуу ниетинде. Алардын айтымында, трансатлантикалык кулчулук адамзатка каршы кылмыш болуп саналат", — деп айтылат макалада. Басылма Африка мамлекеттерине Улуу Британияны Чагос аралын өткөрүп берүүгө мажбур кылган Маврикиянын юридикалык стратегиясы дем бергенин белгилеген. Африкалыктардын доосу Франция, Испания, Португалия жана Улуу Британияга каршы багытталмакчы. Telegraph репарация "Африка менен Глобалдуу Түндүктүн ортосундагы экономикалык теңсиздикти жоюуга" жасалган аракет болорун жазды.
АКШ Израилден Ирандын энергетика тармагына, айрыкча мунай инфраструктурасына сокку урбоону өтүндү. Бул тууралуу Axios порталы ишенимдүү маалымат булактарга таянып жазды. "Ага ылайык, Дональд Трамптын администрациясы Израилге кайрылып, Ирандын энергетика тармагындагы объектилерин, өзгөчө мунай инфраструктурасын мындан ары бутага албоого чакырган", — деп
Жаңылыктар түрмөгү
0