00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
45 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:06
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
2026-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 264,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8 пайызга өстү. Белгиленгендей, ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-февралына салыштырмалуу 13,6 пайызга, кызмат көрсөтүү тармагынын өсүү темпи 6,7 пайызга, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 7,5 пайызга жогорулады.
Кыргызстанды хабга айлантуу аракети кандайча ишке ашарын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Sputnik маалымат борборунда айтып берди. Белгилей кетсек, 13-февралда президенттин администрациясынан республиканы региондун транспорттук-логистикалык, финансылык жана соода агымдары өтүп турган борборго айлантуу планы тууралуу кабарланган. Сейитов бул максатта өлкөнүн транспорттук инфраструктурасына чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу эң орчундуу долбоор болмокчу. Буга катар эле жол түйүнү да өнүгүүдө: Түндүк — Түштүк жолу курулуп, Бишкек — Ош трассасы иштеп жатат, мындан тышкары, башка жолдор да жаңыланууда. Ал транспорттук түйүндүн өнүгүшү өлкө ичинде товарды эрте жеткирүүгө, транзиттик жүк үчүн кампаларды, транспорттук-логистикалык жана бөлүштүрүүчү борборлорду курууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады. **Депутат Болотбек Борбиев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы өлүмдүн болжол менен 53 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келерин айтып, Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта кандай чараларды көрүп жатканына кызыкты. Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиевдин айтымында, өлкөнүн кардиология кызматы акыркы жылдары бир катар ийгиликтерге жетишти. Ал белгилегендей, өлүмдүн олуттуу бөлүгү миокард инфарктына байланыштуу. "Өз убагында жардам көрсөтүү үчүн ангиографиялык жабдыктар колдонулууда. Миокарддын курч инфаркты болгон учурда бейтаптарга мамлекеттин эсебинен акысыз стенттер коюлат. Мындай жардам учурда Кыргыз-Түрк достук ооруканасында көрсөтүлүүдө. Ошондой эле ушундай бөлүмдөр Ош жана Кадамжай шаарларында ачылды", — деди ал. **Владимир Зеленскийдин Крым тууралуу сөзү Киевдеги режим чындап нацисттик экенин айгинелейт. Бул тууралуу италиялык AntiDiplomatico басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады. Кечээ Зеленский Politico гезитине маек куруп жатып, 2014-жылы Крымдын Россияга кошулушун колдогондорду адам катары санабай турганын айткан. "Владимир Зеленский Крым менен Россиянын кошулушун колдогондордун адамдык табиятын танганы үчүн таландыда калды. Билдирүү өтө орчундуу, азыркы Киев режиминин жетекчиси неонацисттик режимге ыктаарын далилдеп турат. Өзүнүн көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн күрөшүп жатканын жар салып келген өлкө кандуу жолду тандоодо", — деп жазган басылма.
Жаңылыктар түрмөгү
0