Нарында кесиптешин атып алган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Кылмыш ишин толук жана ар тараптуу иликтөөгө алуу үчүн аны УКМКнын Нарын облустук башкармалыгы көзөмөлдөйт

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Нарын шаарында кесиптешинин колунан каза тапкан милиционердин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 25-октябрь күнү КР ИИМинин Нарындагы адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын 26 жаштагы кызматкери капысынан өз кесиптешин атып алган. Кырсык саат 18.15те Нарын ШИИБинин күзөт бөлүмүнүн курал сактоочу бөлмөсүндө болгон. Жаракат алган кызматкер ошол жерден жан берген.

"Ага сержант убактылуу кармоо жайына киргизилип, КР Кылмыш жана жаза кодексинин 316-беренеси (Шалаакылык, кызмат адамынын ишине кайдыгер мамилесинен улам адам өлүмүнө алып келиши) менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат билдирүүдө.

Бычакталып каза болгон милиционерге кол салган учур видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Бычакталып каза болгон милиционерге кол салган учур видеого түшүп калган
Кылмыш ишин толук жана ар тараптуу иликтөөгө алуу үчүн аны УКМКнын Нарын облустук башкармалыгы көзөмөлдөөрү айтылды.

Кырсык болгон жерге ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев барган. Маалыматка караганда, өз кызматкерлерин даярдоодо мүчүлүштүк кетирген жетекчилердин иши тыкыр иликтөөгө алынып, катуу чаралар көрүлмөкчү.

Ал эми Ички иштер министрлиги каза болгон Жолдошбек уулу Адилеттин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0