Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаровго мындай көрүнүш жат эмес.
— Эмне үчүн милиция формасын кийүүнү чечтиңиз эле?
— Жашыраак кезде Фрунзе шаарында грек-рим күрөшү боюнча белгилүү спортчу элем. Боюм 4 см. жетпей калгандыктан милицияга албай коюшкан, анда 170 сантиметрден кем болбошу керек деген талап бар эле. Спорттун чебери болгондуктан, мени МАИге алышты. Бул тынчы жок 90-жылдар эле. 13 жыл кесиптин тереңин билүүгө аракет кылып, жөнөкөй инспектор болуп иштедим.
"Крутой" номурлуу же адаттан башка түстөгү автоунааларды сүрөткө тарткандай эле эстеп калат элем. Ал эми бул жерде баланчадай окуя болуптур десе, ошол көргөн машина болсо, дароо таанычумун. 2000-жылдан бери жол кырсыгынын күнөөлүүлөрүн тапкан – издөө бөлүмүндө иштеп келем.
— Мага кырсык болгон жерге билмексен болуп келип, байкап турган айдоочуну жаземдебей билип коёоруңузду айтышты…
— Эсиңизде өзгөчө сакталып калган учурлардан айтып бериңизчи…
— Макул. Окуя мындан 12 жыл мурда Батыш автобекетте болгон. Чымын-куюн болуп келе жаткан "Мерседести" андан да катуу ылдамдыкта келе жаткан "Ауди" озуп өтүп, жолдон аялынын көзүнчө күйөөсүн койдуруп кеткен. Ушунчалык катуу келип ургандыктан, киши экиге бөлүнүп кеткен. Аялы өң-алеттен кетип, купкуу. Эч нерсе дей албайт. Ал эми айдоочу из жашырыптыр.
Аялга кечирээк барып, сураштыра баштадым. Алардын өзүнүн үйү жок болгондуктан, мектеп-интернаттын кампасында жашачу экен. Аны менен кошо үйүнөн беш бала чыкты. Бир, эки эмес, бешөө! Жөжөдөй, биринен бири кичине. Тилекке каршы, аял эч нерсе эстей албай койду. Бассам-турсам оюмда ошолор. Аялдын купкуу жүзү менен балдар. Уйкудан калдым. Күн сайын кечинде баягы жерге келем десеңиз… Ары карайм, бери карайм. Айланага байкоо салам.
Бир ирет, селсаяк киши басып келип, эмне издеп жүргөнүмдү сурады. Автокырсык болуп, ошону иликтеп жүргөнүмдү айттым. "Менин жардамым тийиши мүмкүн", — деди ал мага сырдуу карап. Дароо түшүндүм. Бир стакан арак алып бердим. Жутуп жиберип, сөзүн улады.
А негизи ишеним кагаз менен машина сатууну алып салгандан кийин, машинаны издөө кыйын болуп калды. Алар өздөрүнө каттатпай туруп эле, алып, кайра сатып жиберишет. Жыйынтыгында, машинанын номурун билип турсак да, таба албайбыз. Менин балдарым, самандан ийне издегендей эле издейт… машакаты күч…
— Жанды кашайткан учурлар да болот эмеспи…
— 2002-жыл болучу. Кезектеги жол кырсыгына келдим. Килейген жол тандабас "Жигулини" тебелеп, анысы аз келгенсип изин жашырып кетиптир. Кырсыкка өзү себепкер болуптур. Джип менен катар келе жатып, анын алдына өтө салыптыр. А бирок, алдына чыккан күндө да ичиндеги кишиси менен тебелетип кете бериш керекпи…
Маекти толугу менен орус тилинде бул жерден окусаңыз болот.