https://sputnik.kg/20171028/miliciya-kantip-olturulgon-okuyanyn-choo-zhajy-1036046613.html
Бишкекте 25 жаштагы милиционер кантип өлтүрүлгөн. Окуянын чоо-жайы менен сүрөттөрү
Бишкекте 25 жаштагы милиционер кантип өлтүрүлгөн. Окуянын чоо-жайы менен сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Ал токтотулган автоунааларды аралап, тийген жарыктан боюн алакачып, бир шойкомдуу иш жасай тургандай таризде жүргөн 28.10.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-10-28T15:48+0600
2017-10-28T15:48+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103027/42/1030274234_0:0:6016:3385_1920x0_80_0_0_6fc70951597c37b0c5e7fcf776455df1.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103027/42/1030274234_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_650a35d733fedd7eeea88d0e181063cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаңылыктар, бишкекте бычакталган милиционер
кыргызстан, коом, жаңылыктар, бишкекте бычакталган милиционер
Бишкекте 25 жаштагы милиционер кантип өлтүрүлгөн. Окуянын чоо-жайы менен сүрөттөрү
15:48 28.10.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ал токтотулган автоунааларды аралап, тийген жарыктан боюн алакачып, бир шойкомдуу иш жасай тургандай таризде жүргөн
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосунда бычакталган милиция кызматкеринин өлүмүнө шектелген 26 жаштагы жаран кармалып, кылмышты кантип жасаганын айтып берди. Анын үйүн тинте келгенде кылмыш учурунда пайдаланган буюмдары менен кийимдери чыкты. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ал күнү түн жамынып, шектүү жүргөн кишини көргөн Уларбек Майрамбеков жанына жакын басып келип токтоткон. Анын ким экендигин жана ал мындай маалда эмне кылып жүргөндүгүн сураган. Буга кошумча милиционер кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн. Мындан улам жини келген киши койнундагы бычагы менен Майрамбековду бир сайган да, качып кеткен.
Милиция колундагы видеого таянып, шектүү жана анын кадамдары туурасында маалымат берген.
"Ал токтотулган автоунааларды аралап, тийген жарыктан боюн алакачып, бир шойкомдуу иш жасай тургандай таризде жүргөн. Шектүүнүн компьютердик клубдарга көп барганы маалым болду", —деп билдирди милициядан.
Эске салсак, 26-октябрга караган түнү Бишкектин Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкеринин сөөгү табылган.
28 Тогуздун айы 2017, 13:17
Кылмышкердин колунан бычакталып каза болгон милиция кызматкери 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков Биринчи Май райондук милициясынын криминалдык кызматында иштечү. Ал мурунку күнү Уларбек өзүнүн өндүрүшүндөгү иштерди жана табелдик куралын тапшырып, үйлөнөрүн айтып эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн рапорт жазган. Иштен чыгып кесиптештерин Бишкектин ичиндеги бир жерге алып барууну суранып, ал жакта калган. Бир нече убакыттан кийин ал бычакталып каза болгону белгилүү болгон.