https://sputnik.kg/20260313/1100219053.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Каракол КМШ өлкөлөрү үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин эл аралык борборуна айланат. Шаарда баасы 150 миллион АКШ долларын... 13.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-13T17:00+0600
2026-03-13T17:00+0600
2026-03-13T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0d/1100218887_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0d74b004577f2ef022f8ffba78553a04.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Каракол КМШ өлкөлөрү үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин эл аралык борборуна айланат. Шаарда баасы 150 миллион АКШ долларын түзгөн эл аралык медициналык кластерди куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду. "Сапардын жүрүшүндө Касымалиевге Каракол шаарында эл аралык медициналык кластерди куруу долбоору тааныштырылды. Бул борбор КМШ жана чектеш мамлекеттер үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин алдыңкы аймактык борбору болору күтүлүүдө. Долбоор диагностиканын жана дарылоонун эң заманбап технологияларын киргизүүнү, онкология жана кардиология боюнча адистештирилген борборлорду түзүүнү, чет элдик алдыңкы адистерди тартууну, ошондой эле заманбап медициналык билим берүү жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо системасын өнүктүрүүнү камтыйт", - деп айтылат маалыматта. Долбоордун жалпы баасы 150 миллион доллар деп бааланууда. Медициналык кластер 510 орунга ылайыкташып, 750гө жакын жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.**Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө. Бул тууралуу окуядан кабары бар маалымат булактар билдирди. Азырынча депутаттын кайсы кылмыш ишинин алкагында жана кандай макамда сурак берип жатканы белгисиз.**Депутат Гүлнара Акимбаева "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында балдарга майыптуулукту аныктоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө чакырды. Анын айтымында, Кыргызстанда 37 миңден ашык майыптыгы бар бала жана 3 миңге жакын психикалык оорудан жабыркаган бала катталган. Депутат көптөгөн ата-энелер майыптуулукту каттоодо татаал процедураларга туш болуп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, үй-бүлөлөр документ чогултуу үчүн көптөгөн ирет тар чөйрөдөгү адистерден текшерүүдөн өтүүгө, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, Республикалык психикалык ден соолук борборуна жана медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга кайра-кайра кайрылууга мажбур болушууда. Буга байланыштуу ал Саламаттык сактоо министрлигин балдар үчүн комиссиядан өтүү жана майыптуулукту каттоо тартибин жөнөкөйлөтүүгө чакырды.**Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов өлкөнүн экономикасы жакшырганын, бирок баалар өскөнүн белгиледи. Тактап айтканда, бул жумушчу күчкө болгон суроо-талаптын өсүшү жана эмгек акынын жогорулашы инфляцияга таасир этүүдө. "Өкмөткө жана Улуттук банкка инфляцияны биргелешип кармоо боюнча тапшырма берилген. Ошондой эле быйыл эсептик чен 12 пайызда сакталары болжолдонууда, бул болсо керектөөчүлүк суроо-талапты чектеп, элди акчаны үнөмдөөгө, көп сарптабоого шыктандырат", — деди Сейитов. Эсептик чен — өлкөдөгү насыя жана депозиттердин пайыздык ченине таасир этүүчү негизги көрсөткүч. Эгер эсептик чен жогору болсо калк жана бизнес үчүн насыя да кымбат болот. Мында жарандар жана бизнес аз карыз алат, чыгымы аз болот. Натыйжада акча жүгүртүү азайып, суроо-талап төмөндөйт. Товарлар менен кызматтардын баасы жай өсөт же түшөт. Демек, инфляция басаңдайт.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0d/1100218887_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_18970d8b47022915db2c4e6d15a2fcf9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио