00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
On air
18:06
59 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:07
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Экс-депутат Кубанычбек Конгантиев 10-майга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Ленин райондук соту чыгарды. 46 жаштагы мурдагы депутатка 10-мартта иш козголгон. Ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелүүдө. Конгантиев азыркы чакырылыштагы парламентке №21 Ленин шайлоо округунан депутат болуп келген. Буга чейин ал бир нече жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп да шайланган. Анын ордуна кийинки тизме боюнча Чыңгыз Айдарбеков келиши ыктымал.
Россия Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу заттарды мурдагысындай эле жиберип турууга кепилдик берет, бул жаатта тартыштык болбойт. Бул туурасында экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов айтты. Аткаминер Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн Кыргызстандын 2026-жылга карата өнүктүрүүсү боюнча брифингге катышты. "Негизинен продукцияны Россиядан алабыз. Биздин квотабыз бар, тышкы себептерге карабай, РФ рыногубузга мурдагысындай эле жиберип турууга кепилдик беришет. Майдан тартыш болбойбуз деген ишеним бар", — деген Сейитов. Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов күйүүчү-майлоочу май акырындык менен 2,5-3 сомго кымбатташы ыктымалдыгын айтты. Ал мындай учур эгерде күйүүчү майды заводдордон сатып алуунун наркы арзандабаса болушу мүмкүндүгүн айтты.
Афганстандын руханий лидеринин маалымат катчысы Забиулла Можахед Пакистан түндө Кандагардагы күйүүчү май сакталган жайга чабуул жасаганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Пакистандын армиясы Кандагар аэропортунун жанындагы Kam Air жеке авиакомпаниясына таандык күйүүчү май сакталуучу резервуарды аткылады. Бул компания башка жарандык авиакомпанияларды, ошондой эле БУУнун учактарын күйүүчү май менен камсыз кылып келген. Мындан тышкары, соккуга ишкер Хажы Ханзадага таандык жай кабылды", — деп айтылган маалыматта. Афганстандын лидеринин маалымат катчысы билдиргендей, Пакистан мындан сырткары төрт провинцияга: Кабулга, Кандагарга, Пактикага жана Пактияга да чабуул койгон. Можахед бул кадам жоопсуз калбай турганын кошумчалады. Февралдын соңунда Афганстан пакистандык аскерийлердин бомбалоосуна жооп кылып атайын операциясын баштаган. Исламабад талибдер менен ачык согушту баштаганын жар салган.
АКШ 12-мартка карата кемелерге жүктөлгөн Россиянын мунайын жана андан жасалган продукцияларды сатууга уруксат берди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Агенттик муну Американын Финансы министрлигинин чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) башкы лицензиясындагы маалыматка шилтеме кылып кабарлады. "Жогоруда аталган ченемдик актылар менен тыюу салынган. Бирок 2026-жылдын 12-мартында Чыгыш жээк убактысы боюнча саат 00:01ге чейин каалаган кемеге жүктөлгөн Россия мунайын сатууга, жеткирүүгө же түшүрүүгө зарыл болгон бардык операцияларга 2026-жылдын 11-апрели саат 00:01ге чейин уруксат берилет", — деп айтылган анда. Лицензияда документте ачык көрсөтүлбөгөн башка иштерге, мунун ичинде Иранга, анын өкмөтүнө, ошондой эле аталган өлкөнүн товарларына же кызматтарына тиешелүү болгон иштерге тоскоолдук болбошу такталган. Россия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев билдиргендей, АКШ орус мунайына карата чектөөлөрдү алуу менен иш жүзүндө ансыз дүйнөлүк энергетикалык рыноктун туруктуулугун сактоо мүмкүн эмес экенин моюнга алууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0