ТЭЦ-2ни реабилитациялоо пландалууда. Жапаров объектини өзү көрүп келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Бишкектеги ТЭЦ-2нин абалы менен таанышты
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ТЭЦ-2нин абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалганы айтылды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди.

"Долбоор боюнча стратегиялык объектиде жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Аны 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, ЖЭБ-2нин санитардык зонасына, тагыраагы, 47 гектар аянтына акырындык менен турак үйлөр курулуп кеткен", — деп айтылат билдирмеде.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТЭЦ-2 в жилмассиве Ак-Ордо на окраине Бишкека
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/5
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время ознакомления с состоянием ТЭЦ-2 в городе Бишкек. 13 августа 2021 года
Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди - Sputnik Кыргызстан
2/5
Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТЭЦ-2 в жилмассиве Ак-Ордо на окраине Бишкека
ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан
3/5
ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время ознакомления с состоянием ТЭЦ-2 в городе Бишкек. 13 августа 2021 года
Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган - Sputnik Кыргызстан
4/5
Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время ознакомления с состоянием ТЭЦ-2 в городе Бишкек. 13 августа 2021 года
Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан - Sputnik Кыргызстан
5/5
Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан
1/5
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты
2/5
Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди
3/5
ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду
4/5
Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган
5/5
Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан

ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду. Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган.

Түштүк магистраль узартылып, ТЭЦ-2ге чейин жеткирилет. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Түштүк магистраль узартылып, ТЭЦ-2ге чейин жеткирилет. Видео
Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан. Ал жергиликтүү жашоочуларга ЖЭБ-2нин курулушун бүтүрүү ниети, парламенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча пландаштырылган чаралар жөнүндө айтып, элди коронавируска каршы эмдөөдөн активдүү өтүүгө чакырды.

Баарлашууда жергиликтүү тургундар ЖЭБ-2нин айланасындагы участокторду трансформациялоо, социалдык объектилерди куруу жана башка курч көйгөйлөр тууралуу суроолорун беришкени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0