БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Январь айына карата 1 куб метр газдын баасы калк үчүн 14,48 сом, өнөр-жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын кошкондо 17,75 тыйын деп белгиленди. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы билдирди.
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин "Калк үчүн жаратылыш газынын тарифи жөнүндөгү" буйругуна ылайык, газдын тарифи ай сайын АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан бекитилген курсу менен өзгөрүп турат.
2016-жылдын 31-декабрга карата доллардын курсу 69, 23 сом деп белгиленди.
Белгилей кетсек, декабрда көгүлтүр оттун баасы калк үчүн 14,47 сом, өнөр-жай ишканалары үчүн 17,75 сом болгон.