БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Декабрь айына карата калк үчүн бир куб метр газдын баасы 14,47 сом, ал эми өнөр жай ишканалары, коммерциялык структура жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктарды эске алуу менен 17,74 сомго бааланганын "Газпром — Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Мыйзам боюнча "Газпром — Кыргызстан" ишканасы газдын наркын Улуттук банктын ар бир айдын башына карата бекиткен доллардын курсуна ылайык баалайт.
Ошентип газ өткөн айга салыштырмалуу 8 тыйынга кымбаттады.
1-декабрда доллардын расмий курсу 69,15 сомду түздү.