"Мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы". "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Атактуу режиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев менен белгилүү актриса Айтурган Темированын сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көлдүн Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган. Мындан дээрлик 46 жыл мурда.

Ал жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасы жаралган.

Күмүшалиева түнү менен Нургазыга текст жаттатып... "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Ошол кезеңди Кыргыз ССРдин эл артисти, кинооператор Манас Мусаев мындайча эскерет:

"Болот менен Айтурган 1970-жылы "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы тартылып жатканда таанышкан. Анда 16-17 жаштагы кыз биринчи жолу башкы ролун аткарган. Кийин экөө баш кошуп, бир кыздуу болду. Оператор катары "Ак кемеде" да иштештим. Аны жаратууга үй-бүлө башчысы, келинчеги жана кичинекей ымыркайы да тартылган. Үй-бүлөлөрүбүз жакын мамиледе болуп, узак убакыт катышып жүрдүк. Болот экөөбүз бир убакта кыздуу болдук. Ошондо келинчегим ооруп калып, Айтурган кичинекейибизди эмизип калды. Болот менен бир топ тасмаларда иштешип, анын өмүрүнүн аягына чейин катыштым", — деди Мусаев.

Буга чейин Шамшиев ошол учурду эстеп, тасма жаратуу маалында тоодо түгөйлөрдүн колунда беш айлык кызы болгонун айткан.

"Айтурган экөөбүз жаш болуп, колубузда беш айлык тун кызыбыз да бар болчу. Ага карабай биз тоонун башында жүрүп күнү-түнү тасма тартканбыз, ал күндөр жеңил болгон эмес. Келинчегим актриса катары роль жаратса, мен режиссёр катары кино жаратууга катышкан инсандарды өзүм тандап башында тургам", — деген режиссёр.

"Ак кеменин" айынан 1-класска кечиккен Нургазы. Таберик сүрөт 

Ал эми азыр Чехияда экинчи жолдошу менен жашаган Темирова кезинде Болот Шамшиев кино жылдыздарды чыгарганын баса белгилеген жайы бар

"Ал киши менин тунгуч режиссёрум, мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы эле. Болоттун артыкчылыгы адамдардын актёрлук дараметин сезе билчү. Жөн эле сезип койбой, аларга актерлуктун сырын үйрөткөн. Мисалы, Сүймөнкул Чокморовду алалы, ал Шамшиевдин тарткан кинолору менен фестивалдардан олжолуу кайтып, "Эркектин мыкты ролу" наамын алган. Өзү келишимдүү, сулуучумак киши болгону менен башка режиссёрлер талантын көрө албай пробага эле түшүрүп көрүп, кое берип жиберишчү экен. Болот анын жан дүйнөсүн түшүнө алды. Кийин Сүймөнкул башка режиссёрлорду да кызыктыра баштады. Болот башка артисттердин да, анын ичинде менин талантымды ача алды", — деген Темирова.

Жубайлар 25 жыл бирге түтүн булатып, бир кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Кызы Сүйүүтай кесиби боюнча лингвист, эл аралык уюмдарда эмгектенген, учурда үй иштери менен алектенсе, уулу Чыңгыз Шамшиев Бишкектеги ири ЖОЖдордун биринде вице-президент.

Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым

Тасма кийинки жылы көрүүчүлөргө сунушталып жакшы кабыл алынып, ошол эле жылы Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0