Дүйшөн менен Алтынайдын ажайып ыры. "Биринчи мугалим" тууралуу 11 факты

© Sputnik / Александр Федоров"Первому учителю" — 50 лет или Почему Кончаловский снял "обнаженку"
Первому учителю — 50 лет или Почему Кончаловский снял обнаженку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыңгыз Айтматовдун атын дүйнөгө тааныткан жана ага Лениндик сыйлыкты алып берген чыгармаларынын катарында "Биринчи мугалим" повести да бар.

Кыргыз жергесинде жаңы советтик мектепти ачып, анын имарат-жайын куруп, окуй турган балдарды ата-энесинин койнунан сууруп чыгып, сабагында В.И.Ленин тууралуу айтып берген алгачкы мугалим илим-билимдин өсүшү менен, биринчи окуучуларынын арасынан академиктердин чыгышы менен өзү унутулуп, башкалардан четте калды. А бирок ал окуучуларынын жүрөгүнүн терең жеринен орун алган экен…

Биз ошол повесть тууралуу 11 фактыны сунуштайбыз.

Библиотеки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Гүлсарат" повести тууралуу 9 факты. Танабай ата узак жашаган эмес
1. "Биринчи мугалимдин" үзүндүлөрү алгач кыргыз окурмандарына тартууланган. Ал кездеги өтө популярдуу "Ала-Тоо" журналы "Бетме-бет" жана "Обон" повесттеринен кийин окурмандарынын арзуусуна да, сынына да кабылып жаткан жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаңы повестин 1961-жылы "Элдик мугалим жөнүндө баллада" деген ат менен басса, "Мугалимдер газетасы" ушул эле жылы "Биринчи мугалим жөнүндө баллада" деген ат менен элге тартуулаган. Айтматов бул повестин Димитриева менен бирге орус тилине которуп, ал Москвадан чыккан "Новый мир" журналынын 1962-жылдагы санына "Первый учитель" деген ат менен жарыянлаган.

2. Жалгыз ысымдуу чыгарма. Жазуучунун көптөгөн чыгармаларынын экиден, айрымдарынын андан да көптөн аталыштары бар. "Обон" — "Жамийла"; "Делбирим" — "Кызыл жоолук жалжалым"; "Жомоктон кийин" — "Ак кеме", "Жаныбарым, Гүлсарым" — "Кош, Гүлсары" — "Гүлсарат", "Тоолор кулаганда" — "Түбөлүк колукту" — "Сардал кыз" ж.б. Ал эми "Биринчи мугалим" элге жалгыз гана аталыш менен тарады. 

3. Жазуучуга Лениндик сыйлыкты алып келген чыгармалардын бири. "Повести гор и степей" деген китеби үчүн Айтматовго 1963-жылы 21-апрелде СССРдеги эң жогорку Лениндик сыйлык ыйгарылган. Ал китепке "Тополек мой в красной косынке", "Джамийла", "Верблюжий глаз" деген чыгармалары менен бирге ушул "Первый учитель" повести да кирген. Бул сыйлык ошол кезде өтө барктуу болуп, ал сыйлыкты алган чыгармалар токтоосуз СССР элдеринин жана дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. 

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЧыңгыз Айтматовдун атын дүйнөгө тааныткан жана ага Лениндик сыйлыкты алып берген чыгармаларынын катарында "Биринчи мугалим" повести да бар
Чингиз Айтматов в своем рабочем кабинете - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматовдун атын дүйнөгө тааныткан жана ага Лениндик сыйлыкты алып берген чыгармаларынын катарында "Биринчи мугалим" повести да бар

4. Дүйшөндүн теректери жана Дүйшөндүн мектеби. Жазуучу "Биринчи мугалим" повестинин баш жагында "Биздин айыл Ак-Жар тоо этегинде, суулар шаркырап аккан чоң тектирде орношкон, андан ылдый – туурасынан суналган Кара-Тоого чейин түзөң өзөн, темир жол кеткен казактын сары талаасы. Айылдын үстүндөгү адырда, мен бала чактан бери билген, эки зор терек болор эле. Бул кош терек азыр да ошол жерде". Мына ошол Шекердеги символикалуу кош терек Дүйшөндүн мектебинин орду, кош теректин бири мугалим — Дүйшөн, бири окуучу кыз — Алтынай.

Жених и невеста играют в национальную игру Кыз куумай - Sputnik Кыргызстан
"Делбирим" повести жөнүндө 11 факты. Асел - эки жигиттин кызыл жоолук жалжалы эле
5. "Биринчи мугалим" Алтынай Сулайманованын баяны. Чыгарманын сюжеттик-композициялык линиясы эң биринчи Дүйшөндүн мектебинде окуган, андан соң ошол кишинин жардамы менен эскиликтин торунан кутулуп, бири-бирине болгон ышкы сезимин ачыкка чыгара албай, чоң окууга кетип, академик болгон Алтынай Сулайманованын айтып берүүсү катары өнүгүп отурат. "Биринчи мугалим" повести 1924-жылкы Шекерде болгон окуяны чагылдырат. Жазуучу бул жылды чыгармасында көрсөтүү менен повестке тарыхый негиз берүүгө атайын аракет кылгандай.

6. "Биринчи мугалим" повестиндеги Дүйшөндүн образы. Бул тууралуу жазуучу башкы каарманын революциянын ишине чексиз берилген коммунисттин атайылап көкөлөткөн образы деп келип, азыркы жаштар ошол өткөн жылдар, андагы күрөшчүл адамдар тууралуу билиши керек дейт. Эски аскер шинелчен Дүйшөн өзү анчалык ашып кеткен билимдүү болбосо да Ала-Тоо арасындагы адамдардын сабатын ачуу керек, жаштарды окутуу керек, эски менен күрөшүү керек деген идеяга берилген, ошол үчүн күрөшөт, жеңилет, жеңет, бирок анын ошол кыйынчылыгын азыркылар ойлоп да койбойт, а түгүл жаңы мектептин ачылышына биринчи мугалимди чакырып коюуну да унутушат. 

© © РИА Новости / Медиабанкка өтүүЧыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган тасма 1965-жылы экранга чыккан
Эпизод из фильма Первый учитель - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган тасма 1965-жылы экранга чыккан

7. Ленин жөнүндө бир ирмем. Повесттин башкы каарманы Дүйшөндүн окуучуларына дубал бооруна жармаштырып койгон бир сүрөттү көрсөтүп, "мына бул киши Ленин, биз ушул кишинин айткан, көрсөткөн жолу менен окуйбуз" деген сөзү Алтынай Сулаймановага гана эмес, бүтүндөй советтик окурмандарга катуу таасир эткен, ушул эпизод үчүн Айтматовду улуу жол башчынын образын түзгөндөрдүн катарына кошуп, мактап келишти.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун ааламына сүңгүйбүз. Чыгармалар менен каармандарды канчалык билесиз?
8. Каармандардын прототиптери да бар. Бул тууралуу көп эле сөз болуп жүрөт. Анын өзүнүн турмуштагы ысымы да Дүйшөн экен. Атүгүл чыгармада айтылгандай Таштанбектин баласы эмес, анын Качканак деген бир тууганынын баласы болуптур, Таштанбек багып алып, өз атына каттатып алган. Дүйшөн агай 1911-жылы 11-сентябрда туулган, 7-классты бүтүп эле мугалим болгон. Кийин-кийин педагогикалык инситутутта окуган. Уулунун аты – Барпыгул. Кызынын аты – Бардакүл. Кызы Фрунзе шаарындагы кыз-келиндер педагогика институтунун математика факультетин бүтүрүп, соңку мезгилде Манас районундагы Исак Отунбаев атындагы мектепте иштеп жүрүптүр.

9. "Биринчи мугалим" көркөм өнөрдүн башка формаларында. Чыгарманын негизинде казак режиссери Султан Ходжиков "Шуулдаган теректер" деп аталган фильм тартмак болот. Бирок негедир андай болбой, эне сүтү оозунан кете элек Андрей Михалков-Кончаловский башкы режиссёрлукка бекиген. Сценарийин Чыңгыз Айтматов, Борис Добродеев, Андрей Кончаловский жазган. Оператору – Георгий Рерберг. Башкы ролдорду Наталья Аринбасарова, Болот Бейшеналиев, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Назирет Дубашев ж.б. актёрлор аткарган. Башкы режиссер советтик атактуу акын Сергей Михалковдун уулу, кинорежиссёр Никита Михалковдун иниси болгон жана анын дипломдук иши катары аткарылган. 1965-жылы Чүй, Талас, Жумгал жеринде алты ай тартылган. Алтынай – казак кызы Наталья Аринбасарова Венецияда өткөн 27-Эл аралык фестивалда (1966) эң мыкты ойногон аялдардын ролуна таандык Озелла күмүш медалы менен сыйланган. 2003-жылдын 23-сентябрында "Биринчи мугалим" фильми үчүн кинорежиссёр Андрей Кончаловский Кыргыз Республикасынын "Данакер" орденин алган. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүТасма сынчылардын купулуна толуп, абройлуу эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга ээ болгон
Кадр из художественного фильма режиссера Андрея Михалкова-Кончаловского Первый учитель - Sputnik Кыргызстан
Тасма сынчылардын купулуна толуп, абройлуу эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга ээ болгон

10. Сыйлуу да, чырлуу да "Биринчи мугалим". Фильмди тартуу учурунда башкы режиссёр менен башкы ролду аткарган кыздын сүйүүсү башталып, кийин ал экөө бир топ жыл бир үй-бүлө болуп түтүн булаткан. 1963-жылы Ташкенттеги көркөм театр институтун жаңы эле аяктап келген 25 жаштагы Дүйшөн – Болот Бейшеналиев үчүн да фильм акжолтой болгон, андан кийин көптөгөн кинолорго чакырылган. Чыңгыз Айтматов белгилүү акын, тамсилчи Сергей Михалковду уулунун шылтоосу менен Кыргызстанга чакырган, ал киши Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин депутаты ж.б. толгон-токой сый-ургалдардын ээси болгон. Эки жазуучунун достугу бекемделген. Бирок кыргыздын Түгөлбай Сыдыкбеков, Азиз Салиев баш болгон атактуу адамдары кинону сындап туш тарапка кат жазышкан. Алар тасмада кыргыздын аксакалдары шылдыңдалып, бойго жеткен кыз дырдай жылаңач сууга киринет сыяктуу улутту кемсинткен жерлерин жүйө келтиришет. Бул пикирди Кыргызстан БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев да колдоп, бирок Михалков менен Айтматовдун кадыр-баркы, мамлекеттик кыргыз кино комитетинин төрагасы Шаршен Усубалиевдин катуу турушу менен фильм сакталып калган.

Сынган кылыч - Sputnik Кыргызстан
"Сынган кылыч", Төлөгөн Касымбеков — аудио китеп
11. Кайра ачылган Дүйшөндүн мектеби жана эстелиги. Бирок ал Шекерде эмес, ага жанаша Арчагул айылында ачылды. Мектеп алдына Дүйшөн Качканаковдун эстелиги да коюлду. Кезинде Чыңгыз Айтматов Арчагулда орус тилинен сабак берип, Дүйшөн агай менен көп сүйлөшүп, болочок повестине уютку даярдаган экен. Билим берүү жана илим министрлиги да бир нече жылдан бери биринчи мугалимге эстелик коюу демилгесин көтөрүп келет…

Жаңылыктар түрмөгү
0