Кыргыз жергесинде жаңы советтик мектепти ачып, анын имарат-жайын куруп, окуй турган балдарды ата-энесинин койнунан сууруп чыгып, сабагында В.И.Ленин тууралуу айтып берген алгачкы мугалим илим-билимдин өсүшү менен, биринчи окуучуларынын арасынан академиктердин чыгышы менен өзү унутулуп, башкалардан четте калды. А бирок ал окуучуларынын жүрөгүнүн терең жеринен орун алган экен…
Биз ошол повесть тууралуу 11 фактыны сунуштайбыз.
2. Жалгыз ысымдуу чыгарма. Жазуучунун көптөгөн чыгармаларынын экиден, айрымдарынын андан да көптөн аталыштары бар. "Обон" — "Жамийла"; "Делбирим" — "Кызыл жоолук жалжалым"; "Жомоктон кийин" — "Ак кеме", "Жаныбарым, Гүлсарым" — "Кош, Гүлсары" — "Гүлсарат", "Тоолор кулаганда" — "Түбөлүк колукту" — "Сардал кыз" ж.б. Ал эми "Биринчи мугалим" элге жалгыз гана аталыш менен тарады.
3. Жазуучуга Лениндик сыйлыкты алып келген чыгармалардын бири. "Повести гор и степей" деген китеби үчүн Айтматовго 1963-жылы 21-апрелде СССРдеги эң жогорку Лениндик сыйлык ыйгарылган. Ал китепке "Тополек мой в красной косынке", "Джамийла", "Верблюжий глаз" деген чыгармалары менен бирге ушул "Первый учитель" повести да кирген. Бул сыйлык ошол кезде өтө барктуу болуп, ал сыйлыкты алган чыгармалар токтоосуз СССР элдеринин жана дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган.
4. Дүйшөндүн теректери жана Дүйшөндүн мектеби. Жазуучу "Биринчи мугалим" повестинин баш жагында "Биздин айыл Ак-Жар тоо этегинде, суулар шаркырап аккан чоң тектирде орношкон, андан ылдый – туурасынан суналган Кара-Тоого чейин түзөң өзөн, темир жол кеткен казактын сары талаасы. Айылдын үстүндөгү адырда, мен бала чактан бери билген, эки зор терек болор эле. Бул кош терек азыр да ошол жерде". Мына ошол Шекердеги символикалуу кош терек Дүйшөндүн мектебинин орду, кош теректин бири мугалим — Дүйшөн, бири окуучу кыз — Алтынай.
6. "Биринчи мугалим" повестиндеги Дүйшөндүн образы. Бул тууралуу жазуучу башкы каарманын революциянын ишине чексиз берилген коммунисттин атайылап көкөлөткөн образы деп келип, азыркы жаштар ошол өткөн жылдар, андагы күрөшчүл адамдар тууралуу билиши керек дейт. Эски аскер шинелчен Дүйшөн өзү анчалык ашып кеткен билимдүү болбосо да Ала-Тоо арасындагы адамдардын сабатын ачуу керек, жаштарды окутуу керек, эски менен күрөшүү керек деген идеяга берилген, ошол үчүн күрөшөт, жеңилет, жеңет, бирок анын ошол кыйынчылыгын азыркылар ойлоп да койбойт, а түгүл жаңы мектептин ачылышына биринчи мугалимди чакырып коюуну да унутушат.
7. Ленин жөнүндө бир ирмем. Повесттин башкы каарманы Дүйшөндүн окуучуларына дубал бооруна жармаштырып койгон бир сүрөттү көрсөтүп, "мына бул киши Ленин, биз ушул кишинин айткан, көрсөткөн жолу менен окуйбуз" деген сөзү Алтынай Сулаймановага гана эмес, бүтүндөй советтик окурмандарга катуу таасир эткен, ушул эпизод үчүн Айтматовду улуу жол башчынын образын түзгөндөрдүн катарына кошуп, мактап келишти.
9. "Биринчи мугалим" көркөм өнөрдүн башка формаларында. Чыгарманын негизинде казак режиссери Султан Ходжиков "Шуулдаган теректер" деп аталган фильм тартмак болот. Бирок негедир андай болбой, эне сүтү оозунан кете элек Андрей Михалков-Кончаловский башкы режиссёрлукка бекиген. Сценарийин Чыңгыз Айтматов, Борис Добродеев, Андрей Кончаловский жазган. Оператору – Георгий Рерберг. Башкы ролдорду Наталья Аринбасарова, Болот Бейшеналиев, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Назирет Дубашев ж.б. актёрлор аткарган. Башкы режиссер советтик атактуу акын Сергей Михалковдун уулу, кинорежиссёр Никита Михалковдун иниси болгон жана анын дипломдук иши катары аткарылган. 1965-жылы Чүй, Талас, Жумгал жеринде алты ай тартылган. Алтынай – казак кызы Наталья Аринбасарова Венецияда өткөн 27-Эл аралык фестивалда (1966) эң мыкты ойногон аялдардын ролуна таандык Озелла күмүш медалы менен сыйланган. 2003-жылдын 23-сентябрында "Биринчи мугалим" фильми үчүн кинорежиссёр Андрей Кончаловский Кыргыз Республикасынын "Данакер" орденин алган.
10. Сыйлуу да, чырлуу да "Биринчи мугалим". Фильмди тартуу учурунда башкы режиссёр менен башкы ролду аткарган кыздын сүйүүсү башталып, кийин ал экөө бир топ жыл бир үй-бүлө болуп түтүн булаткан. 1963-жылы Ташкенттеги көркөм театр институтун жаңы эле аяктап келген 25 жаштагы Дүйшөн – Болот Бейшеналиев үчүн да фильм акжолтой болгон, андан кийин көптөгөн кинолорго чакырылган. Чыңгыз Айтматов белгилүү акын, тамсилчи Сергей Михалковду уулунун шылтоосу менен Кыргызстанга чакырган, ал киши Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин депутаты ж.б. толгон-токой сый-ургалдардын ээси болгон. Эки жазуучунун достугу бекемделген. Бирок кыргыздын Түгөлбай Сыдыкбеков, Азиз Салиев баш болгон атактуу адамдары кинону сындап туш тарапка кат жазышкан. Алар тасмада кыргыздын аксакалдары шылдыңдалып, бойго жеткен кыз дырдай жылаңач сууга киринет сыяктуу улутту кемсинткен жерлерин жүйө келтиришет. Бул пикирди Кыргызстан БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев да колдоп, бирок Михалков менен Айтматовдун кадыр-баркы, мамлекеттик кыргыз кино комитетинин төрагасы Шаршен Усубалиевдин катуу турушу менен фильм сакталып калган.