Бүгүн жазуучунун жаштык романтикасы менен жазылган "Делбирим" повести тууралуу 11 фактыны сунуштайбыз.
Ооба, мен анда бийик тоолор тарапка жол алган жолоочу гана элем. Аякка башка эле бир милдет менен аттангам. Бирок ошол канжолдо "Кызыл жоолук жалжалымды" таап, ага негиз берген бир тагдыр менен кезиккем…"
Эки аты бар бир эле чыгарма. Повесть элге эки аты менен тараган: биринчиси – "Кызыл жоолук жалжалым", экинчиси – "Делбирим".
Кыргыздарды жыйырма эки жыл күттүргөн "… кызыл жоолук жалжал". Кыргызча үзүндүсү 1959-жылы чыга баштаган Долондогу махабат баянынын толук чыгышы узаргандан узарып кеткен, 1981-жылы гана, арадан 22 жыл өтүп жазуучунун шекерлик иниси Ашым Жакыпбековдун котормосунда "Делбирим" деген ат менен ала-тоолуктардын эне тилинде жарыяланган.
Армандуу махабат баяны көрсөтүлгөн. Илияс менен Аселдин сүйүүдөн тургузган үй-бүлөсүнүн бири-бирин түшүнө албастыктан кыйроосу, Илиясты жакшы көргөн Катийча жана Аселди жакшы көргөн Байтемир – төртөө тең өз-өз ордунда туруу менен, төртөө төрт башка мүнөздү алып жүрүп, бир дарыяга куйган өзөндөрдөй төртөө ыйык махабат дайрасына өз тагдырлары менен кошулуп турат.
Турмушка дал келбеген фактылар бар. Баяндоочу каарман-журналист бир жолу Илияс экөө поезд менен Ошко чейин барып, андан ары Илияс Памирге кетет. Чынында жүргүнчү поезддери эч качан Ошко чейин барган эмес, Ошко барчулар же Анжиан, же Кара-Суу станцияларынан түшүп калып, андан ары кара жол менен жүрүшөт. Бирок окурман муну элес да албайт.
Экинчи жолу бул адабий чыгармага "Мосфильм" киностудиясынын "сугу түшүп", режиссёр Ирина Поплавская "Я – Тянь-Шань" деген фильм тартат. Токтогул ГЭСине жүк ташып, чиркегичин кырсыкка кабылткан жаш шофёрдун армандуу махабаты 1973-жылы 19-мартта премьера катары көрсөтүлүп, прокаттан чоң каражат түшүрөт. Эки сүрөтчү – Динара Чочунбаева Аселдин, Сүймөнкул Чокморов Байтемирдин ролун аткарат. Ошол жылы Москвада театралдык институтта билим алып жаткан Дүйшөн Байдөбөтов Илияздын, Назира Мамбетова Катийчанын ролун аткарып, ысымдары дароо жалпы союзга дүң болгон.
Үчүнчү жолу түркиялык режиссёр Атил Йылмыз "Selvi Boylum Al Yazmalim" ("Кызыл жоолук") деген фильм тартып, 1980-жылы экранга чыгарат.
Түркиялык киночулардын урааны – "Сүйүүнү багыш керек!" 2014-жылы "Selvi Boylum Al Yazmalim" фильмин тарткан кино топ Ыстамбулдагы аянтка эл менен жолугушууга келет. Аселдин ролун аткарган Түркан Шорай баягыдай Асел болуп, Илияздын ролун ойногон Кадир Инаныр куду фильмдеги Илияздын КамАЗ машинасын минип келет. Фильмдеги музыка жаңырып турат. Азыр атактуу актриса болгон Түркан Шорай "Мен бул КамАЗды 1977-жылдан бери көрө элек болчумун. Бул унаа улуу махабатка күбө болгон" деп толкунданып, көз жаш кылып жиберди. Баары бир ооздон элге кайрылып "Сүйүүнү багыш керек!" деп кыйкырышты.
Москванын Чоң театрында көрүүчүлөргө кол чаптырган "Асель". Повесттин негизинде композитор Владимир Власов "Асель" балетин жазган, 1967-жылы 7-ноябрда бет ачары Чоң театрда коюлганда москвалык көрүүчүлөрдүн арзуусун арттырган, андан кийин бул чыгарма дүйнө кыдырып кеткен. Бир эле чоң театрда репертуарынан түшпөй 1975-жылга чейин 72 жолу коюлган.
"Асель" балетин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры да даярдаган. Бет ачары 1967-жылы 29-октябрда болуп өткөн. Балетмейстер – Уран Сарыбагышов, дирижёр – Калый Молдобасанов, Асель – Бүбүсара Бейшеналиева (кийин Айсулуу Токомбаева, Рейна Чокоева).
Бул балетти Казань, Челябинск, Днепропетровск шаарындагы опера жана балет театрлары да өз-өзүнчө даярдап элге тартуулаган.