Казакстан жаңы жылдан тарта педофилдерди бычып жазаламай болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылдан баштап Казакстанда педофилдерди химиялык бычуу жазасы каралган норма киргизилет. Айыпкерлерге кайсы бир убакытка чейин делебесин козготпой салчу препараттар сайылмакчы.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Педофилдерди химиялык бычуу аракеттерине Казакстан тогуз миллион теңгеден ашуун каражат бөлөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. 

“2018-2020-жылдарга карата республикалык бюджет жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу” тууралуу токтом 1-январдан тарта күчүнө кирет.

Следственный изолятор Матросская тишина - Sputnik Кыргызстан
Британияда педофилдикке шектелген имам 13 жылга эркинен ажыратылды
Ага ылайык, 2018-жылдан тарта педофилдерди химиялык бычууга уруксат берген норма ишке киргизилип, күнөөкөр адамдардын организмине кайсы бир убакытка чейин делебени козгобой турчу дарылар сайылат. Мындай аракет жашы жете элек балдардын зордук-зомбулукка кабылуусунун алдын алуу максатында жасалууда.

Маалыматта бычуу процедурасын соттун чечиминин негизинде медициналык уюмдар ишке ашыра турганы айтылат. 

Казакстан буга 9 миллион 629 миң теңге бөлдү. Каражаттын басымдуу бөлүгү, башкача айтканда, 1,9 миллион теңге Караганда облусуна, эң азы, же 121 миң теңге Атырау облусуна берилген. Алматыга 512 миң, ал эми Астана шаарына 1,4 миллион теңге бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0