Ош: ымыркайын тумчуктуруп өлтүрмөк болгон келин 12,5 жылга кесилди

Ош: ымыркайын тумчуктуруп өлтүрмөк болгон келин 12 жылга кесилди
Sputnik

ОШ, 29-авг. – Sputnik. Ош шаарында бала бакчалардын биринде өзүнүн 1 жаш 4 айлык баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет жасаган 26 жаштагы келин 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Аялын күрөк менен башка чаап, сөөгүн кыкка көөмп салган. Июндагы соттук чечимдер
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 19-июнунда калаадагы бала бакчалардын биринде 26 жаштагы келин ымыркайын жаздык менен тумчуктурууга аракет жасаган. Наристе бала бакчанын кызматкерлери тарабынан куткарылган.

Шаардык милициянын берген маалыматына ылайык, кылмышка шектелген аял 48 саатка камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин 28 жана 97-беренелеринин (адам өлтүрүүгө аракет жасоо жана адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Келин мындай кадамга турмуштук шарты себеп болгонун айтып берген. Жакындары каралашпай, күйөөсү менен ажырашып кеткенин, жокчулуктан кыйналганын жүйө келтирген. Ал алгач уулун, андан соң өзүн өзү өлтүрүүнү пландаштырган.