https://sputnik.kg/20260512/1101271327.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
"Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча ипотекалык турак үйлөр баштапкы төлөмсүз берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик... 12.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-12T15:00+0600
2026-05-12T15:00+0600
2026-05-12T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101271161_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9910dedc1d582402efbb81ed46596542.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
"Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча ипотекалык турак үйлөр баштапкы төлөмсүз берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Аталган багыттар боюнча кезеги келген жарандар мурдагыдай эле баштапкы төлөмсүз, 25 жылга чейин 4% жана 8% үстөк пайыз менен ипотекалык турак жай ала алышат. "Ал эми Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык кредит алган жарандар үчүн мурда колдонулуп келген турак жай аянтына болгон чектөөлөр кайра каралды. Бул өзгөртүү үй-бүлөлөрдүн өсүп жаткан муктаждыктарын эске алуу менен киргизилди.Белгиленгендей, баштапкы төлөмгө байланышкан талаптар өнөктөш-банктар аркылуу берилүүчү ипотекалык каржылоо учурларына гана тиешелүү бойдон калат. Ал эми МИК аркылуу бул багыттар боюнча каржылоо баштапкы төлөмсүз берилет.
Бишкекте 148 унаалуу 13 медициналык тез жардам станциясын жайгаштыруу каралууда. Бул тууралуу борбор калаанын Башкы планында айтылат. Ленин районунда – 50 унаасы бар 4 станция; Октябрь районунда – 55 унаалуу 4 станция; Биринчи май районунда – 13 унаалуу 4 станция; Свердлов районунда – 30 унаасы менен 2 станция. 2050-жылга карата Бишкекте болжол менен 197 унаалуу 20 медициналык тез жардам станциясы иштей тургандыгы кошумчаланган. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 49 унаасы бар 7 медициналык тез жардам станциясы жайгашкан.
Батыш өлкөлөрү Борбор Азия чөлкөмүн өз кызыкчылыгына ылайык кайра калыптандырууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин билдиргенин РИА Новости жазды.Ал белгилегендей, Батыш Борбор Азия мамлекеттерин Россиянын коопсуздугуна коркунуч жараткан аймак катары колдонууга умтулууда."Бүгүнкү күндө Батыш бул аймакты өзүнүн муктаждыктарына ылайыкташтыруу, жаратылыш ресурстарына жетүүнү камсыз кылуу жана ал аркылуу өткөн транспорттук коридорлорду көзөмөлдөө аракеттерин улантууда", — деди Галузин "Валдай" эл аралык талкуу клубунун конференциясында сүйлөп жатып. Бул билдирүү эл аралык саясат жана аймактагы геосаясий кырдаал тууралуу талкуулардын фонунда айтылды.
Украинанын антикоррупция боюнча адистештирилген прокуратурасы (ААП) Владимир Зеленскийдин кеңсесинин мурдагы башчысы Андрей Ермакка кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаган деген күнөө тагылып жатканын билдирди. РИА Новости тартип сакчылар 460 миллион гривенди Киевге жакын жерде элиталык тамдарды куруп жатканда мыйзамдаштырганын таап чыккандыгын жазды.Былтыркы жылдын ноябрынын аягына чейин аталган кызматты Андрей Ермак аркалап келген. Буга чейин Украинанын ТСН телеканалы Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу жана антикоррупциялык адистештирилген прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. Ал эми Ермак өзү тергөө аяктаганга чейин кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартты."Учурда эч кандай комментарий бербейм. Тергөө амалдары соңуна чыкканда баарын ачыктайм", — деген Ермактын сөзүн Украинанын "Общественное" телеканалы таратты.Жогорку Раданын депутаты Ярослав Железняк Ермакка расмий айып тагылганы тууралуу так маалымат жок экенин билдирди. Анын айтымында, кеп тинтүү жөнүндө гана болушу мүмкүн. Кийинчерээк депутат Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюронун кызматкерлери Ермактын Киевдеги үйүндө иш алып барып жатканын кошумчалады.
"Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча ипотекалык турак үйлөр баштапкы төлөмсүз берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Аталган багыттар боюнча кезеги келген жарандар мурдагыдай эле баштапкы төлөмсүз, 25 жылга чейин 4% жана 8% үстөк пайыз менен ипотекалык турак жай ала алышат. "Ал эми Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык кредит алган жарандар үчүн мурда колдонулуп келген турак жай аянтына болгон чектөөлөр кайра каралды. Бул өзгөртүү үй-бүлөлөрдүн өсүп жаткан муктаждыктарын эске алуу менен киргизилди.Белгиленгендей, баштапкы төлөмгө байланышкан талаптар өнөктөш-банктар аркылуу берилүүчү ипотекалык каржылоо учурларына гана тиешелүү бойдон калат. Ал эми МИК аркылуу бул багыттар боюнча каржылоо баштапкы төлөмсүз берилет.Бишкекте 148 унаалуу 13 медициналык тез жардам станциясын жайгаштыруу каралууда. Бул тууралуу борбор калаанын Башкы планында айтылат. Ленин районунда – 50 унаасы бар 4 станция; Октябрь районунда – 55 унаалуу 4 станция; Биринчи май районунда – 13 унаалуу 4 станция; Свердлов районунда – 30 унаасы менен 2 станция. 2050-жылга карата Бишкекте болжол менен 197 унаалуу 20 медициналык тез жардам станциясы иштей тургандыгы кошумчаланган. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 49 унаасы бар 7 медициналык тез жардам станциясы жайгашкан.Батыш өлкөлөрү Борбор Азия чөлкөмүн өз кызыкчылыгына ылайык кайра калыптандырууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин билдиргенин РИА Новости жазды.Ал белгилегендей, Батыш Борбор Азия мамлекеттерин Россиянын коопсуздугуна коркунуч жараткан аймак катары колдонууга умтулууда."Бүгүнкү күндө Батыш бул аймакты өзүнүн муктаждыктарына ылайыкташтыруу, жаратылыш ресурстарына жетүүнү камсыз кылуу жана ал аркылуу өткөн транспорттук коридорлорду көзөмөлдөө аракеттерин улантууда", — деди Галузин "Валдай" эл аралык талкуу клубунун конференциясында сүйлөп жатып. Бул билдирүү эл аралык саясат жана аймактагы геосаясий кырдаал тууралуу талкуулардын фонунда айтылды.Украинанын антикоррупция боюнча адистештирилген прокуратурасы (ААП) Владимир Зеленскийдин кеңсесинин мурдагы башчысы Андрей Ермакка кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаган деген күнөө тагылып жатканын билдирди. РИА Новости тартип сакчылар 460 миллион гривенди Киевге жакын жерде элиталык тамдарды куруп жатканда мыйзамдаштырганын таап чыккандыгын жазды.Былтыркы жылдын ноябрынын аягына чейин аталган кызматты Андрей Ермак аркалап келген. Буга чейин Украинанын ТСН телеканалы Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу жана антикоррупциялык адистештирилген прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. Ал эми Ермак өзү тергөө аяктаганга чейин кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартты."Учурда эч кандай комментарий бербейм. Тергөө амалдары соңуна чыкканда баарын ачыктайм", — деген Ермактын сөзүн Украинанын "Общественное" телеканалы таратты.Жогорку Раданын депутаты Ярослав Железняк Ермакка расмий айып тагылганы тууралуу так маалымат жок экенин билдирди. Анын айтымында, кеп тинтүү жөнүндө гана болушу мүмкүн. Кийинчерээк депутат Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюронун кызматкерлери Ермактын Киевдеги үйүндө иш алып барып жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101271161_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9bd53f7d00b12a0b4f331449a565ab11.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио