00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:04
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 1,7 эсеге өстү: камсыздандыруу тармагында эмне өзгөрдү?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жол фондунун каражатынын 10 пайызы кайда жумшалат — Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алды
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
”Үй-бүлөгө көмөк” жана башка жөлөк пулдар: жаңы талаптар
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечекте банктар жоюлабы? Web 3.0 дүн экономикадагы орду
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
”Үй-бүлөгө көмөк” жана башка жөлөк пулдар: жаңы талаптар
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору билдиргендей, Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) кошумча каттоо 16–20-май күндөрү Бишкек шаарында жана өлкөнүн бардык облустарында жүргүзүлөт. Каттоо ЖРТ өтө турган мектептерде саат 13:00дөн 17:00гө чейин болот. Тестирлөө эки этап менен өтөт: биринчи этап — 17–19-май, экинчи этап — 21–23-май. ЖРТге катышуучулар жанында паспорттун түп нускасын, тестке кирүү талонун жана көк түстөгү калем сапты алып жүрүшү керек. Ошондой эле борбор Түндүк тиркемесиндеги электрондук документтер кабыл алынбай турганын эскертти. Тест учурунда уюлдук телефон, акылдуу саат жана башка электрондук байланыш каражаттарын колдонууга тыюу салынат. Белгилей кетсек, ЖРТ 2012-жылдан бери өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү сынак болуп эсептелет.
Министрлер кабинети майыптыгы бар адамдарды санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо менен камсыз кылуу жана акчалай компенсация төлөө тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Жаңы тартипке ылайык, санаториялык-курорттук мекемеге жолдомодон баш тарткан майыптыгы бар жарандарга акчалай компенсация төлөнөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен тиешелүү каражаттарды жыл сайын бөлүү тапшырылды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди. Токтом 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
1,7 млрд сом инвестиция салынып, Кеминде канаттуулар комплекси кеңейтилет Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен Агро Куш компаниясынын башкы директору Аскат Абдрахманов инвестициялык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Кемин району аймагында иштеп жаткан канаттуулар комплексин кеңейтүүгө багытталган. Анын алкагында жаңы өндүрүштүк жайлар курулуп, комплекстин кубаттуулугу жогорулатылат. Долбоор боюнча кошумча эки өндүрүштүк аянтчада канаттуулар багыла турган 24 имарат куруу мерчемделүүдө. Ошондой эле саатына 30 тонна тоют өндүрө алган заманбап завод ишке берилет. Жалпы инвестициянын көлөмү 1,7 млрд сомдон ашат. Аталган демилге агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, ички өндүрүштү көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди. Мындан тышкары, долбоор азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана жергиликтүү калкты туруктуу жумуш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0