Аялын күрөк менен башка чаап, сөөгүн кыкка көөмп салган. Июндагы соттук чечимдер

© AFP / FARSHAD USYANФабрика мела на окраине Мазари-Шарифа. Афганистан
Фабрика мела на окраине Мазари-Шарифа. Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамак жасоодон баш тарткан келинди күйөөсү күрөк менен башка чаап өлтүрүп, сарайдын артындагы кыкка көөмп таштаган.

Өтүп кеткен ай өлкөдөгү соттор үчүн оор болду. Караган иштеринин арасында эки секелек кызды зордуктаган кылмыш бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги июндагы чуулгандуу соттук чечимдерди сунуштайт.

Малдын кыгына көмүлгөн келин

Колуна бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Негедир адамдын этин жегим келди... 90-жылдардагы үрөй учурган кылмыштар
Каргаша жаңы үйлөнүп, элдин малы менен тоого чыккан бүлөдө болгон. Жубайлар ичимдик ичип отуруп, уруша кеткен. Анда кызуу болуп калган келинди "мен тамак жасабайм, керекпи өзүң жасап ал" деген сөзү үчүн күйөөсү күрөк менен башка чаап таштаган. Канжалаган жубайы эсине келе албай окуя болгон жерде көз жумат. Үй ээси маркумду сарайдын артындагы кыкка көөмп салган. Келинди алгач, туугандары жоктойт, издеп байланышууга жасаган аракеттеринен майнап чыккан эмес. Кийин аялдын сөөгүн малдын кыгын түрттүргөн тракторист таап алган. Сот адам өмүрүн алган күйөө сөрөйдү 10 жылга эркинен ажыратты.

Кызыл камчы күйөө

19 жаштагы жигит келинчегин  катуу сабап салганы үчүн жоопко тартылды. Таяктаганы аз келгенсип, бети-башы көгала болуп, катуу тепкиленген келинди түн ортосунда чачынан сүйрөп үйдөн чыгарып койгон. Жубайлардын жаңжалын көргөн кошуна анын төркүнүн чакыртат. Ызы-чуу менен коштолгон иш кийин сотко өтүп, аялын сабаган киши 3000 сом айыпка жыгылды.

Кайната бычак менен коргонуп…

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксыда эки мугалимдин өлүмүнө забын болгон милиционер 8 жылга кесилди
Ал күнү жабырлануучу досу менен арактан шыңгытып, өз ара баарлашып отурган. Стакандашы анын кайнатасы жөнүндө сөз кылып, аялынын атасы ал жөнүндө жаман сөздөрдү эл арасында жайылтып жаткандыгын айтат. Ачууланган күйөө бала кайын журтуна барып келинчегинин атасына кол көтөргөн. Жан айласы кылып ал күйөө баласын бычак менен сайып жиберген. Андан соң такси чыкыртып мас абалындагы жаранды ооруканага алып барган. Бактыга жараша, анын жарааты жеңил болуп аман калат. Сотто күйөө бала өзүнөн да кемчилик кеткенин билдирип, күнөө кайнатасынан кетпегенин айтат. Натыйжада, бычак шитлеген адам эки жылга шарттуу кесилди.

12 жаштагы секелекти зордуктаган…

Таксист болуп иштеген 53 жаштагы жаран жол боюнда турган 12 жаштагы кызды жеткизип коем деп унаасына салып алып, андан ары анын курсагын тойгузуу үчүн өзүнүн үйүнө алып барган. Соттолуучу ал жерде секелек кызга күч колдонуп зордуктаган. Тергөө маалында шектүү киши кылганын мойнуна алган. Эми бачабаз өмүр бою темир тор артында болот.

Мушташка айланган кызганыч

Жумуштан келген күйөөсүн аялы "Кыял деген ким? Сен аны менен жүрөсүң" деп ызы-чуу менен тосуп алган. Жолдошу ал болгону кесиптеши экенин, ортодо эч кандай мамиле жок экенин айтса да болбойт. Ошентип алардын чыры кол көтөрүүгө айланып келин катуу сабалган. Дарыгерлер жабырлануучунун баш мээси чайкалып, денеси көгала болгондугун аныктады. Сот чоң муштумду 5000 сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Зөөкүр

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялына ок чыгарган күйөө, бети-башы канжалаган бала. Майдагы чуулуу 8 соттук иш
26 жаштагы жигит түн ортосунда автоунаада уктап жаткан беш жаштагы кызды эч кимге көрсөтпөстөн көтөрүп кетип, киши жашабаган курулушка алып барып зордуктаган. Сот отурумунда шектүү мас абалында болуп, кантип эски үйгө барып калгандыгын билбей жатканын жана кызды зордуктабаганын айтып актанган. Бирок тергөөчүлөр кичинекей чүрпөгө карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук жасагалганын тактаган. Арыздашкан тараптар бири-бирин жакшы таанып, бир айылда жашаганы аныкталды. Сот эргулду 20 жылга кести.

Ажаткананын айынан чыккан чатак

Эки кошуна чогуу майрамдап отуруп, уруша кеткен. Ортодогу чыр жалпы колдонгон ажаткананын айынан чыгып, коңшулар кезектешип тазалоону кызуу талкуулайт. Акыры эки кожоюн мушташып, бири экинчисин пневматикалык тапанчасы менен коркутканга чейин барат. Эки аял жанталашып анын колунан куралын алууга аракет жасайт. Өзүн токтото албай калган киши бычагын сууруп чыгып коңшусун сайып тынат. Сот айыпталуучуну сыноо мөөнөтүнө калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0