https://sputnik.kg/20260512/1101258135.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бул саатка алынган жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...Айваз Оморканов Кыргызстандын... 12.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-12T11:00+0600
2026-05-12T11:00+0600
2026-05-12T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101257969_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7221e70ed351b43830680454b1bb8c3e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бул саатка алынган жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...Айваз Оморканов Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды Трамп Иранга кайрадан сокку урууну карап жатат Кыргызстандык зергерлерди Bvlgari академиясында окутуу пландалууда Кыргыз зергерлерин Bvlgari академиясында окутуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен зер буюмдар жана сааттарды чыгарган италиялык Bvlgari брендинин өкүлдөрү жолукканда белгилүү болду. Жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Bvlgari компаниясынын туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча директору Элеонора Риццуто, каржы жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча директору Энрико Фриззи, ошондой эле тиешелүү министрликтердин министрлери жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Тараптар зергерчилик тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Негизги багыттардын бири катары кыргызстандык адистерди Bvlgari академиясынын базасында окутуу каралууда. Сөз заманбап технологияларды үйрөтүү, өндүрүштүн алдыңкы ыкмаларын өздөштүрүү жана ата мекендик зергерлердин квалификациясын жогорулатуу тууралуу болууда. Мындан тышкары, зер буюмдарын өндүрүү үчүн Кыргызстандын чийки затын жеткирүү жана өлкөдөгү зергерчилик ишканаларына италиялык технологияларды киргизүү маселеси да талкууланды. Жолугушуунун соңунда Bvlgari компаниясынын өкүлдөрү "Кыргыз алтын" ААКнын алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барып, продукциянын түрлөрү жана ишкананын баалуу металлдарды сатуу багытындагы ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Трамп Иранга кайрадан сокку урууну карап жатат Мототранспорт каражаттарынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, парктарга, көл жээктерине жана жайыттарга кирүүсүнө жана жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Мында мамлекеттик органдардын кызматтык унааларына, илимий жана маданий иш-чараларда колдонулган техникаларга, ошондой эле жергиликтүү тургундардын кубаттуулугу 4 кВттан ашпаган электр менен жүргөн мототранспорт каражаттарына уруксат берилет.Токтомдун аткарылышын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги көзөмөлдөйт. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн соң күчүнө кирет.
Айваз Оморканов Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды. Ал бул кызматка келген эң жаш жетекчи болуп, учурда 29 жашта. Айваз Оморканов учурда Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти. Ал 2021-жылы аталган уюмдун тарыхындагы эң жаш вице-президенттердин бири болгон. Спорттук карьерасында Оморканов кесипкөй триатлончу катары да белгилүү. Ал триатлон, дуатлон жана акватлон боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, эл аралык Ironman мелдештеринде бир нече жолу жеңүүчү жана байге ээси атанган.
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерди кайра баштоону карап жатат. Бул тууралуу Axios басылмасы өздүк булактарына таянып жазды. Ага ылайык, Вашингтон Иранга басымды күчөтүү үчүн жаңы соккуларды жана Ормуз кысыгындагы кемелерди коштоо операциясын талкуулоодо. Ошондой эле америкалык аскерлер мурда аныктаган айрым буталарга сокку уруунун жолдору каралып жатканы айтылат. Буга чейин АКШ менен Иран ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан, бирок акыркы сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган. Трамп Ирандын акыркы сунушун "кабыл алынгыс" деп атаган.
Бул саатка алынган жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...Айваз Оморканов Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды Трамп Иранга кайрадан сокку урууну карап жатат Кыргызстандык зергерлерди Bvlgari академиясында окутуу пландалууда Кыргыз зергерлерин Bvlgari академиясында окутуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен зер буюмдар жана сааттарды чыгарган италиялык Bvlgari брендинин өкүлдөрү жолукканда белгилүү болду. Жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Bvlgari компаниясынын туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча директору Элеонора Риццуто, каржы жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча директору Энрико Фриззи, ошондой эле тиешелүү министрликтердин министрлери жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Тараптар зергерчилик тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Негизги багыттардын бири катары кыргызстандык адистерди Bvlgari академиясынын базасында окутуу каралууда. Сөз заманбап технологияларды үйрөтүү, өндүрүштүн алдыңкы ыкмаларын өздөштүрүү жана ата мекендик зергерлердин квалификациясын жогорулатуу тууралуу болууда. Мындан тышкары, зер буюмдарын өндүрүү үчүн Кыргызстандын чийки затын жеткирүү жана өлкөдөгү зергерчилик ишканаларына италиялык технологияларды киргизүү маселеси да талкууланды. Жолугушуунун соңунда Bvlgari компаниясынын өкүлдөрү "Кыргыз алтын" ААКнын алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барып, продукциянын түрлөрү жана ишкананын баалуу металлдарды сатуу багытындагы ишмердүүлүгү менен таанышышты. Трамп Иранга кайрадан сокку урууну карап жатат Мототранспорт каражаттарынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, парктарга, көл жээктерине жана жайыттарга кирүүсүнө жана жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Мында мамлекеттик органдардын кызматтык унааларына, илимий жана маданий иш-чараларда колдонулган техникаларга, ошондой эле жергиликтүү тургундардын кубаттуулугу 4 кВттан ашпаган электр менен жүргөн мототранспорт каражаттарына уруксат берилет.Токтомдун аткарылышын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги көзөмөлдөйт. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн соң күчүнө кирет. Айваз Оморканов Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды. Ал бул кызматка келген эң жаш жетекчи болуп, учурда 29 жашта. Айваз Оморканов учурда Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти. Ал 2021-жылы аталган уюмдун тарыхындагы эң жаш вице-президенттердин бири болгон. Спорттук карьерасында Оморканов кесипкөй триатлончу катары да белгилүү. Ал триатлон, дуатлон жана акватлон боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, эл аралык Ironman мелдештеринде бир нече жолу жеңүүчү жана байге ээси атанган. АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерди кайра баштоону карап жатат. Бул тууралуу Axios басылмасы өздүк булактарына таянып жазды. Ага ылайык, Вашингтон Иранга басымды күчөтүү үчүн жаңы соккуларды жана Ормуз кысыгындагы кемелерди коштоо операциясын талкуулоодо. Ошондой эле америкалык аскерлер мурда аныктаган айрым буталарга сокку уруунун жолдору каралып жатканы айтылат. Буга чейин АКШ менен Иран ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан, бирок акыркы сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган. Трамп Ирандын акыркы сунушун "кабыл алынгыс" деп атаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101257969_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_225b802776f35226b4951a6c3847de50.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио