https://sputnik.kg/20260513/1101297264.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа таршырды. Минкаб төрагасынын айтымында, ата мекендик Chevrolet... 13.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-13T17:00+0600
2026-05-13T17:00+0600
2026-05-13T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0d/1101297098_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_00c619c2ec434a644cd73666cede698d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа таршырды. Минкаб төрагасынын айтымында, ата мекендик Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унааларга 178 млн сом жумшалды. Касымалиев мугалимдердин коом алдындагы вазийпасын жогору баалоо менен берилип жаткан унаалар натыйжасыз чыгымдар кыскарта тургандыгын белгиледи. “Айрыкча ал алыскы райондордогу агартуучулардын ишин жеңилдетет”,-деп белгиледи. Минкаб башчысы кызматтык унааларды Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында тапшырды. Белгилей кетсек, "Ачык кабинет" долбоору мамлекеттик органдардын ишин болгонун болгондой, жасалмалуулугу жок, таңдан баштап кечке чейинки иш күнүн ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүн Адылбек Касымалиев Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү бир нече объектилерди кыдырууда.
Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 5 250 батирлүү турак жай кийинки жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулушту көрүп жатканда белгилүү болду. Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы долбоордун эскиздик чечимдери, инфраструктуралык камсыздоо жана курулуштун даярдык этабы боюнча жооптуу тараптардан кеңири маалымат алды.Долбоор үчүн Кант шаарынын батыш бөлүгүнөн №3 контурда жайгашкан жалпы 60 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Ал жерге 150 жети кабаттуу үй түшүп, 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча каралган. Батирлердин бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:бир бөлмөлүү — 1050 батир; эки бөлмөлүү — 3150 батир; үч бөлмөлүү — 1050 батир.Ошондой эле долбоордо жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар, балдар аянтчалары жана социалдык инфраструктура объектилери камтылган.Касымалиев долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткаруунун зарылдыгын баса көрсөттү. Ал мындай ири социалдык долбоорлор калктын турак жай маселесин чечүүгө жана аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
Жакынкы үч жылда Бишкекти тегерете айланма жол макамындагы трасса курулат, анын бир бөлүгүндө эл акча төлөп жүрөт. Бул туурасында "Кыргыз жол транс долбоор" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ормонов билдирди.Трасса төмөнкү үч бөлүктөн турат: түндүк айланма бөлүгү салынып жатат, бул 2026-жылдын соңунда ишке берилет; чыгыш айланма жол — мамлекеттик-жеке өнөштөштүктүн алкагында курулат, аны менен акча төлөп жүрөбүз; түштүк айланма жол. Бул долбоорлоо стадиясында турат.Ормонов түндүк айланма жол 2026-жылдын аягына чейин бүтүп каларын кошумчалады.
Россия жаңы "Сармат" ракетасын сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Бул тууралуу Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдүн командачысы Сергей Каракаев РФ лидери Владимир Путин менен жолугушууда билдиргенин РИА Новости жазды. Путин "Сарматты" дүйнөдөгү эң кубаттуу ракеталык комплекс экенин белгиледи. Ал жалпы жонунан Батыштагы аналогдорунан төрт эсе күчтүүлүк кылат.РФ лидеринин айткандарынан: "Сармат" ракеталары жыл аягында ишке берилет; 35 миң чакырым аралыкка учуп, баллистикалык эле эле эмес, суборбиталдык траекториядан да өтө алат; Россия өзөктүк күчтөрдү илгерилетүү программасын этап-этабы менен ишке ашырат.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа таршырды. Минкаб төрагасынын айтымында, ата мекендик Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унааларга 178 млн сом жумшалды. Касымалиев мугалимдердин коом алдындагы вазийпасын жогору баалоо менен берилип жаткан унаалар натыйжасыз чыгымдар кыскарта тургандыгын белгиледи. “Айрыкча ал алыскы райондордогу агартуучулардын ишин жеңилдетет”,-деп белгиледи. Минкаб башчысы кызматтык унааларды Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында тапшырды. Белгилей кетсек, "Ачык кабинет" долбоору мамлекеттик органдардын ишин болгонун болгондой, жасалмалуулугу жок, таңдан баштап кечке чейинки иш күнүн ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүн Адылбек Касымалиев Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү бир нече объектилерди кыдырууда.Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 5 250 батирлүү турак жай кийинки жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулушту көрүп жатканда белгилүү болду. Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы долбоордун эскиздик чечимдери, инфраструктуралык камсыздоо жана курулуштун даярдык этабы боюнча жооптуу тараптардан кеңири маалымат алды.Долбоор үчүн Кант шаарынын батыш бөлүгүнөн №3 контурда жайгашкан жалпы 60 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Ал жерге 150 жети кабаттуу үй түшүп, 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча каралган. Батирлердин бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:бир бөлмөлүү — 1050 батир; эки бөлмөлүү — 3150 батир; үч бөлмөлүү — 1050 батир.Ошондой эле долбоордо жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар, балдар аянтчалары жана социалдык инфраструктура объектилери камтылган.Касымалиев долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткаруунун зарылдыгын баса көрсөттү. Ал мындай ири социалдык долбоорлор калктын турак жай маселесин чечүүгө жана аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи. Жакынкы үч жылда Бишкекти тегерете айланма жол макамындагы трасса курулат, анын бир бөлүгүндө эл акча төлөп жүрөт. Бул туурасында "Кыргыз жол транс долбоор" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ормонов билдирди.Трасса төмөнкү үч бөлүктөн турат: түндүк айланма бөлүгү салынып жатат, бул 2026-жылдын соңунда ишке берилет; чыгыш айланма жол — мамлекеттик-жеке өнөштөштүктүн алкагында курулат, аны менен акча төлөп жүрөбүз; түштүк айланма жол. Бул долбоорлоо стадиясында турат.Ормонов түндүк айланма жол 2026-жылдын аягына чейин бүтүп каларын кошумчалады.Россия жаңы "Сармат" ракетасын сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Бул тууралуу Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдүн командачысы Сергей Каракаев РФ лидери Владимир Путин менен жолугушууда билдиргенин РИА Новости жазды. Путин "Сарматты" дүйнөдөгү эң кубаттуу ракеталык комплекс экенин белгиледи. Ал жалпы жонунан Батыштагы аналогдорунан төрт эсе күчтүүлүк кылат.РФ лидеринин айткандарынан: "Сармат" ракеталары жыл аягында ишке берилет; 35 миң чакырым аралыкка учуп, баллистикалык эле эле эмес, суборбиталдык траекториядан да өтө алат; Россия өзөктүк күчтөрдү илгерилетүү программасын этап-этабы менен ишке ашырат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0d/1101297098_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_57c7becffa6a259d7187998360eeb8d5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио