https://sputnik.kg/20260512/1101276218.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
66 миңден ашык бала биринчи класска баруу үчүн катталды. 1mektep.edu.gov.kg порталындагы маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча 66,8 миңден ашык бала биринчи... 12.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-12T17:00+0600
2026-05-12T17:00+0600
2026-05-12T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101276052_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bcf09bb9e4c7a065458b1798d5093369.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
66 миңден ашык бала биринчи класска баруу үчүн катталды. 1mektep.edu.gov.kg порталындагы маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча 66,8 миңден ашык бала биринчи класска катталды.Анын ичинен Бишкек шаарында 9,8 миң бала мектепке кабыл алынган. Алардын 4,2 миңи кыргыз тилдүү, ал эми 5,6 миңден ашыгы орус тилдүү класстарга катталган. Учурда борбор калаада дагы 16,6 миң бош орун бар.2026/27-окуу жылына карата республика боюнча жалпы квота 192,3 миң орунду түзөт. Азырынча 125 миң орун бош бойдон калууда.Белгиленгендей, өлкөнүн түштүк аймактарында өзбек жана тажик тилдеринде окутуучу класстарга да кабыл алуу жүрүп жатат.Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Учурда 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар катталууда. Ал эми жашаган жерине карабастан жүргүзүлүүчү экинчи этап 1-июнда старт алат.
Өткөн айда жүк ташуучу унаалардан 928 миң сом айып пул өндүрүлдү.Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан каботаждык жүк ташуулар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүлөр Чүй облусу жана Бишкек аймагында өтүп, транспорттук мыйзамдарды жана жүк ташуу эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.Жалпысынан 50 жүк ташуучу унаа текшерилип, 50 административдик протокол түзүлгөн. Натыйжада жалпы суммасы 928 миң 500 сом айып пул өндүрүлдү.
Зеленский Украинадагы кылмыштын фигуранты болуп калышы мүмкүн Владимир Зеленский Киевдин айлана-тегерегиндеги үйлөрдүн курулушу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымал. Бул тууралуу Страна.ua жазды. "Фигурант болуп калышы толук мүмкүн. Кызматынан кетери менен бир катар кылмыш иштери ачылышы божомолдонууда", — деп жазылат макалада. Басылма президенттин кеңсесинин мурунку башчысы Андрей Ермак, ишкер Тимур Миндич жана экс-вице-премьер Алексей Чернышовго тиешелүү "Мидас" иши боюнча жаңы пленкалардын үзүндүлөрүн келтирген. "Чернышов "шефинин" көрсөтмөсү менен 2022-жылдын мартында коттедждердин курулушун тездетүүнү талап кылган. Ошол кезде ага "шеф" Зеленский гана болушу мүмкүн болчу", — деп айтылат материалда. Кечээ Украинанын коррупцияга каршы күрөшүү кызматтары Ермакка Киев облусундагы элиталык турак жай курулушунда акча адалдоо боюнча айып коюлду. Сот иштин алкагындагы кыймылсыз мүлктү камакка алды.
Батыш Борбор Азияны өз кызыкчылыгына ылайык өзгөртүүгө аракет кылууда Батыш өлкөлөрү Борбор Азия чөлкөмүн өз кызыкчылыгына ылайык кайра калыптандырууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин билдиргенин РИА Новости жазды. Ал белгилегендей, Батыш Борбор Азия мамлекеттерин Россиянын коопсуздугуна коркунуч жараткан аймак катары колдонууга умтулууда. "Бүгүнкү күндө Батыш бул аймакты өзүнүн муктаждыктарына ылайыкташтыруу, жаратылыш ресурстарына жетүүнү камсыз кылуу жана ал аркылуу өткөн транспорттук коридорлорду көзөмөлдөө аракеттерин улантууда", — деди Галузин "Валдай" эл аралык талкуу клубунун конференциясында сүйлөп жатып. Бул билдирүү эл аралык саясат жана аймактагы геосаясий кырдаал тууралуу талкуулардын фонунда айтылды.
66 миңден ашык бала биринчи класска баруу үчүн катталды. 1mektep.edu.gov.kg порталындагы маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча 66,8 миңден ашык бала биринчи класска катталды.Анын ичинен Бишкек шаарында 9,8 миң бала мектепке кабыл алынган. Алардын 4,2 миңи кыргыз тилдүү, ал эми 5,6 миңден ашыгы орус тилдүү класстарга катталган. Учурда борбор калаада дагы 16,6 миң бош орун бар.2026/27-окуу жылына карата республика боюнча жалпы квота 192,3 миң орунду түзөт. Азырынча 125 миң орун бош бойдон калууда.Белгиленгендей, өлкөнүн түштүк аймактарында өзбек жана тажик тилдеринде окутуучу класстарга да кабыл алуу жүрүп жатат.Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Учурда 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар катталууда. Ал эми жашаган жерине карабастан жүргүзүлүүчү экинчи этап 1-июнда старт алат.Өткөн айда жүк ташуучу унаалардан 928 миң сом айып пул өндүрүлдү.Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан каботаждык жүк ташуулар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүлөр Чүй облусу жана Бишкек аймагында өтүп, транспорттук мыйзамдарды жана жүк ташуу эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.Жалпысынан 50 жүк ташуучу унаа текшерилип, 50 административдик протокол түзүлгөн. Натыйжада жалпы суммасы 928 миң 500 сом айып пул өндүрүлдү.Зеленский Украинадагы кылмыштын фигуранты болуп калышы мүмкүн Владимир Зеленский Киевдин айлана-тегерегиндеги үйлөрдүн курулушу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымал. Бул тууралуу Страна.ua жазды. "Фигурант болуп калышы толук мүмкүн. Кызматынан кетери менен бир катар кылмыш иштери ачылышы божомолдонууда", — деп жазылат макалада. Басылма президенттин кеңсесинин мурунку башчысы Андрей Ермак, ишкер Тимур Миндич жана экс-вице-премьер Алексей Чернышовго тиешелүү "Мидас" иши боюнча жаңы пленкалардын үзүндүлөрүн келтирген. "Чернышов "шефинин" көрсөтмөсү менен 2022-жылдын мартында коттедждердин курулушун тездетүүнү талап кылган. Ошол кезде ага "шеф" Зеленский гана болушу мүмкүн болчу", — деп айтылат материалда. Кечээ Украинанын коррупцияга каршы күрөшүү кызматтары Ермакка Киев облусундагы элиталык турак жай курулушунда акча адалдоо боюнча айып коюлду. Сот иштин алкагындагы кыймылсыз мүлктү камакка алды. Батыш Борбор Азияны өз кызыкчылыгына ылайык өзгөртүүгө аракет кылууда Батыш өлкөлөрү Борбор Азия чөлкөмүн өз кызыкчылыгына ылайык кайра калыптандырууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин билдиргенин РИА Новости жазды. Ал белгилегендей, Батыш Борбор Азия мамлекеттерин Россиянын коопсуздугуна коркунуч жараткан аймак катары колдонууга умтулууда. "Бүгүнкү күндө Батыш бул аймакты өзүнүн муктаждыктарына ылайыкташтыруу, жаратылыш ресурстарына жетүүнү камсыз кылуу жана ал аркылуу өткөн транспорттук коридорлорду көзөмөлдөө аракеттерин улантууда", — деди Галузин "Валдай" эл аралык талкуу клубунун конференциясында сүйлөп жатып. Бул билдирүү эл аралык саясат жана аймактагы геосаясий кырдаал тууралуу талкуулардын фонунда айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101276052_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ed4aef19504dcefaee77e0a3d0b88379.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио