https://sputnik.kg/20260512/1101262287.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мекенибизде күндүзгү саат 1. Бул саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыз. Алгач биз токтоло турган кабарлардын кыскача мазмуну...Трамптын Венесуэланы... 12.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-12T13:00+0600
2026-05-12T13:00+0600
2026-05-12T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101262121_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_12cd87006a20777d3d9069f688eb4182.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мекенибизде күндүзгү саат 1. Бул саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыз. Алгач биз токтоло турган кабарлардын кыскача мазмуну...Трамптын Венесуэланы алуу ниетине Каракас жооп берди Өлкөдө 600 миң гектардан ашык жер айдалды Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды. Алдыда кененирээк... Министрлер кабинентинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды. Тиешелүү чечим бүгүн Бишкек шаарында өткөн биримдиктин кезексиз конгрессинде кабыл алынды. Кыргыз футбол биримдиги маалымдагандай, жыйындын алкагында уюмдун жаңы жетекчилиги жана аткаруучу комитетинин курамы аныкталды. КФБнын Уставына ылайык, президенттик кызматка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоо тапты. Мындан тышкары, аткаруучу комитеттин жаңы мүчөлөрү болуп Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды. Жаңы шайланган президенттин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары 2030-жылга чейин уланат.
Өлкөдө 600 миң гектардан ашык жер айдалды Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда жазгы-талаа иштери активдүү жүрүүдө. Учурда республика боюнча 609,1 миң гектар жер айдалып, жазгы себүү планы 48,7 пайызга аткарылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп. Аймактар арасында Баткен облусунда иштер дээрлик аяктап, план 96,4 пайызга жетсе, Чүй облусунда эң көп — 204,7 миң гектар жер иштетилди. Министрлик маалымдагандай, быйыл талаа иштери агротехникалык мөөнөттөргө ылайык уюшкандыкта жүрүүдө. Дыйкандар үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар жана сугат суу менен өз убагында камсыз болуп жатышат. Ошондой эле түшүмдүүлүктү жогорулатуу максатында заманбап агротехнологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Трамптын Венесуэланы алуу ниетине Каракас жооп берди АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул туурасында Fox News бекемдегенин РИА Новости жазды. "Азыр эле сүйлөштүм (Трамп менен — ред.). Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуп алуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу эле карап жатканын айтты", — деп телеканалдын алып баруучусу Жон Роберт X социалдык тармагына жазган. Март айында АКШ лидери бул тууралуу кыйытып айткан. Ал кезде Венесуэланын бейсбол боюнча курама командасын италиялыктарды жеңгенин куттуктап, алардын ийгилигин Каракастын АКШ менен кызматташуусу менен байланыштырган. Ак үйдүн кожоюнунун мындай пландарына Венесуэланын президентинин милдетин аткарып жаткан Дельси Родригес буга кескин жооп берген. "Бул тууралуу кеп да болушу мүмкүн эмес жана эч качан болбойт, себеби венесуэлалыктар кандай гана болбосун мекенинин эгемендигин катуу сүйөт. Аймактык бүтүндүгүбүздү, көз карандысыздыгыбызды коргоону уланта беребиз... Президент Трамп кызматташунун дипломатиялык күн тартибин аныктап, иштеп жатканыбызды билет жана биз өз жолубузду дал ушундай көрөбүз", — деп Родригес Гаагадагы Эл аралык соттон чыккандан кийин журналисттерге айткан. АКШ жана Венесуэла дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү процессин баштады. Бул кадам Вашингтондун январь айынын башында Каракаска президент Николас Мадурону жана анын жубайын колго түшүрүү үчүн жасаган авиачабуулунан кийин ташталды. Анда Трамп Венесуэланын мунайын өз көзөмөлүнө алуу ниетин да жарыялаган эле. Америка соту аялы менен күйөөсүн баңгизат террорлугуна күнөөлүү деп тапкан.
Мекенибизде күндүзгү саат 1. Бул саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыз. Алгач биз токтоло турган кабарлардын кыскача мазмуну...Трамптын Венесуэланы алуу ниетине Каракас жооп берди Өлкөдө 600 миң гектардан ашык жер айдалды Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды. Алдыда кененирээк... Министрлер кабинентинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды. Тиешелүү чечим бүгүн Бишкек шаарында өткөн биримдиктин кезексиз конгрессинде кабыл алынды. Кыргыз футбол биримдиги маалымдагандай, жыйындын алкагында уюмдун жаңы жетекчилиги жана аткаруучу комитетинин курамы аныкталды. КФБнын Уставына ылайык, президенттик кызматка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоо тапты. Мындан тышкары, аткаруучу комитеттин жаңы мүчөлөрү болуп Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды. Жаңы шайланган президенттин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары 2030-жылга чейин уланат. Өлкөдө 600 миң гектардан ашык жер айдалды Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда жазгы-талаа иштери активдүү жүрүүдө. Учурда республика боюнча 609,1 миң гектар жер айдалып, жазгы себүү планы 48,7 пайызга аткарылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп. Аймактар арасында Баткен облусунда иштер дээрлик аяктап, план 96,4 пайызга жетсе, Чүй облусунда эң көп — 204,7 миң гектар жер иштетилди. Министрлик маалымдагандай, быйыл талаа иштери агротехникалык мөөнөттөргө ылайык уюшкандыкта жүрүүдө. Дыйкандар үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар жана сугат суу менен өз убагында камсыз болуп жатышат. Ошондой эле түшүмдүүлүктү жогорулатуу максатында заманбап агротехнологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулууда.Трамптын Венесуэланы алуу ниетине Каракас жооп берди АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул туурасында Fox News бекемдегенин РИА Новости жазды. "Азыр эле сүйлөштүм (Трамп менен — ред.). Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуп алуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу эле карап жатканын айтты", — деп телеканалдын алып баруучусу Жон Роберт X социалдык тармагына жазган. Март айында АКШ лидери бул тууралуу кыйытып айткан. Ал кезде Венесуэланын бейсбол боюнча курама командасын италиялыктарды жеңгенин куттуктап, алардын ийгилигин Каракастын АКШ менен кызматташуусу менен байланыштырган. Ак үйдүн кожоюнунун мындай пландарына Венесуэланын президентинин милдетин аткарып жаткан Дельси Родригес буга кескин жооп берген. "Бул тууралуу кеп да болушу мүмкүн эмес жана эч качан болбойт, себеби венесуэлалыктар кандай гана болбосун мекенинин эгемендигин катуу сүйөт. Аймактык бүтүндүгүбүздү, көз карандысыздыгыбызды коргоону уланта беребиз... Президент Трамп кызматташунун дипломатиялык күн тартибин аныктап, иштеп жатканыбызды билет жана биз өз жолубузду дал ушундай көрөбүз", — деп Родригес Гаагадагы Эл аралык соттон чыккандан кийин журналисттерге айткан. АКШ жана Венесуэла дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү процессин баштады. Бул кадам Вашингтондун январь айынын башында Каракаска президент Николас Мадурону жана анын жубайын колго түшүрүү үчүн жасаган авиачабуулунан кийин ташталды. Анда Трамп Венесуэланын мунайын өз көзөмөлүнө алуу ниетин да жарыялаган эле. Америка соту аялы менен күйөөсүн баңгизат террорлугуна күнөөлүү деп тапкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101262121_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_79518ad7018c4b9c4766045a5aa213b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио