https://sputnik.kg/20260512/1101279185.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ардактуу угармандар, жаңылыктар топтомуна көңүлүңүздөрдү бурабыз. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну менен таанышып алыңыз. РФ ТИМи Россия Борбор Азиянын... 12.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-12T19:00+0600
2026-05-12T19:00+0600
2026-05-12T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101279016_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1862f4395a9a713471e542d57ff4c79f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ардактуу угармандар, жаңылыктар топтомуна көңүлүңүздөрдү бурабыз. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну менен таанышып алыңыз. РФ ТИМи Россия Борбор Азиянын мамлекеттери менен алака-катышка кызыкдар Кыргызстанда 7000 орундуу 9 студенттик жатакана курулат Brent мунайынын баасы 104 долларга жакындады. Эми алдыда кененирээк... Дүйнөлүк мунай рыногунда баалардын өсүшү уланууда. Brent мунайынын бир баррели 104 долларга жакын баада сатылууда. Бул тууралуу Казинформ маалымдады. Маалыматка ылайык, ICE Futures биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 2,68 долларга же 2,65 пайызга жогорулап, баррели 103,97 долларды түздү. Ошол эле учурда NYMEXтындагы электрондук соодада WTI мунайы 2,59 долларга же 2,71 пайызга кымбаттап, бир баррели 98,01 долларга жетти. Белгилей кетсек, өткөн аптада дүйнөлүк мунай баалары 6 пайыздан ашык төмөндөгөн болчу. Ал эми Saudi Aramcoнын башкы директору Амин Насер Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу дагы бир нече жумага созулса, мунай рыногундагы туруксуз абал 2027-жылга чейин уланышы мүмкүн экенин билдирди.
Кыргызстанда студенттер үчүн жаңы жатаканаларды куруу планы талкууланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кеңешмесинде белгилүү болду. Кеңешменин жүрүшүн Адылбек Касымалиев жетектеди. Ал студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана жатакана маселелерин кароого арналды. Гүлзат Исаматова өлкөдөгү студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын сунуштады. Программанын алкагында жалпы 8000 орун каралган. Пландын негизинде өлкөнүн 5 облусунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында 7000ден ашык орунга ылайыкташкан 9 жаңы студенттик жатакана куруу каралууда. Бул долбоорду ишке ашырууда Инженердик изилдөө иштери жүргүзүлүп, жер тилкелери аныкталып, архитектуралык жана долбоордук чечимдер даярдалган. Мындан тышкары, кеңешмеде жогорку окуу жайларына кеңейтилген автономия берүү жана билим берүүдө кредиттик системаны киргизүү маселелери да талкууланды. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду тездетүү жана каржылоо багытында бир катар тапшырмалар берилди.
Россия Борбор Азиянын мамлекеттери менен ар кыл интеграциялык бирикмелердин алкагында алыш-бериште болууга каршы эмес, бирок ЕБ кепке келүүгө, тил табышууга мүмкүн болбогон оюнчуга айланып баратат. Бул туурасында РФ ТИМинин КМШ департаментинин үчүнчү директору Александр Стерник айтканын РИА Новости жазды. "Биз Борбор Азиянын башка уюмдар менен кызматташуусуна каршы эмеспиз. Анткен менен Евробиримдик көз алдыбызда эле агрессиялуу, сөзүнө турбаган жана кепке келүүгө мүмкүн болбогон тарапка айланып баратат. Алар Россияга гана эмес, РФ менен өз ара пайдалуу мамиле түзүп жаткан өлкөлөргө да улам кастарын тигүүдө", — деди Стерник "Валдай" клубунун жыйынында. Анын айтымында, Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүн алар "кээде ачык эле, кээде байкатпай, бирок өтө өжөрлүк менен бири-биринен алыстатууга аракет кылып жатышат". "Мында максат — аларды Россиядан тескери буруу гана эмес, өздөрүнүн кемчиликтерин, тартыштыктарын толуктап алуу", — деп кошумчалады дипломат.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 71 тыйынга юань 12 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 18 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
Аба ырайы 13-майга караган түнү өлкөнүн Чүй, Талас облустарынын башка аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршембиде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлөт. Башка облустарда күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй +21...+26, Талас +21...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын регионунда +18...+20 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +24...+26, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтүүдө. Жаан-чачын жаабайт.
Ардактуу угармандар, жаңылыктар топтомуна көңүлүңүздөрдү бурабыз. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну менен таанышып алыңыз. РФ ТИМи Россия Борбор Азиянын мамлекеттери менен алака-катышка кызыкдар Кыргызстанда 7000 орундуу 9 студенттик жатакана курулат Brent мунайынын баасы 104 долларга жакындады. Эми алдыда кененирээк... Дүйнөлүк мунай рыногунда баалардын өсүшү уланууда. Brent мунайынын бир баррели 104 долларга жакын баада сатылууда. Бул тууралуу Казинформ маалымдады. Маалыматка ылайык, ICE Futures биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 2,68 долларга же 2,65 пайызга жогорулап, баррели 103,97 долларды түздү. Ошол эле учурда NYMEXтындагы электрондук соодада WTI мунайы 2,59 долларга же 2,71 пайызга кымбаттап, бир баррели 98,01 долларга жетти. Белгилей кетсек, өткөн аптада дүйнөлүк мунай баалары 6 пайыздан ашык төмөндөгөн болчу. Ал эми Saudi Aramcoнын башкы директору Амин Насер Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу дагы бир нече жумага созулса, мунай рыногундагы туруксуз абал 2027-жылга чейин уланышы мүмкүн экенин билдирди. Кыргызстанда студенттер үчүн жаңы жатаканаларды куруу планы талкууланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кеңешмесинде белгилүү болду. Кеңешменин жүрүшүн Адылбек Касымалиев жетектеди. Ал студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана жатакана маселелерин кароого арналды. Гүлзат Исаматова өлкөдөгү студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын сунуштады. Программанын алкагында жалпы 8000 орун каралган. Пландын негизинде өлкөнүн 5 облусунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында 7000ден ашык орунга ылайыкташкан 9 жаңы студенттик жатакана куруу каралууда. Бул долбоорду ишке ашырууда Инженердик изилдөө иштери жүргүзүлүп, жер тилкелери аныкталып, архитектуралык жана долбоордук чечимдер даярдалган. Мындан тышкары, кеңешмеде жогорку окуу жайларына кеңейтилген автономия берүү жана билим берүүдө кредиттик системаны киргизүү маселелери да талкууланды. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду тездетүү жана каржылоо багытында бир катар тапшырмалар берилди. Россия Борбор Азиянын мамлекеттери менен ар кыл интеграциялык бирикмелердин алкагында алыш-бериште болууга каршы эмес, бирок ЕБ кепке келүүгө, тил табышууга мүмкүн болбогон оюнчуга айланып баратат. Бул туурасында РФ ТИМинин КМШ департаментинин үчүнчү директору Александр Стерник айтканын РИА Новости жазды. "Биз Борбор Азиянын башка уюмдар менен кызматташуусуна каршы эмеспиз. Анткен менен Евробиримдик көз алдыбызда эле агрессиялуу, сөзүнө турбаган жана кепке келүүгө мүмкүн болбогон тарапка айланып баратат. Алар Россияга гана эмес, РФ менен өз ара пайдалуу мамиле түзүп жаткан өлкөлөргө да улам кастарын тигүүдө", — деди Стерник "Валдай" клубунун жыйынында. Анын айтымында, Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүн алар "кээде ачык эле, кээде байкатпай, бирок өтө өжөрлүк менен бири-биринен алыстатууга аракет кылып жатышат". "Мында максат — аларды Россиядан тескери буруу гана эмес, өздөрүнүн кемчиликтерин, тартыштыктарын толуктап алуу", — деп кошумчалады дипломат. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 71 тыйынга юань 12 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 18 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда. Аба ырайы 13-майга караган түнү өлкөнүн Чүй, Талас облустарынын башка аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршембиде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлөт. Башка облустарда күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй +21...+26, Талас +21...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын регионунда +18...+20 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +24...+26, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтүүдө. Жаан-чачын жаабайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0c/1101279016_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_15ba98266516529e88c0e83b50498415.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио