https://sputnik.kg/20261127/evrobirimdik-ukraina-45-mlrd-nasyya-1105156471.html
ЕБде пикир келишпестик: Украинага 45 млрд. евро насыя берүү кийинкиге калды
ЕБде пикир келишпестик: Украинага 45 млрд. евро насыя берүү кийинкиге калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik.Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде өткөн саммитте 2028–2034-жылдарга карата көп жылдык бюджетти бекитүү жана Украинага 45 миллиард... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T10:08+0600
2026-11-27T10:08+0600
2026-11-27T11:10+0600
дүйнөдө
евробиримдик
украина
каражат
насыя
бюджет
антониу кошта
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1c/1097450711_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_acd008a16f4d7b6eb696e4d672ec7506.jpg.webp
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik.Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде өткөн саммитте 2028–2034-жылдарга карата көп жылдык бюджетти бекитүү жана Украинага 45 миллиард евро өлчөмүндө жаңы насыя берүү маселелери боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта бюджеттин жалпы көлөмү жана каражатты бөлүштүрүү боюнча макулдашуу болбогонун билдирди. Айрым өлкөлөр бюджетти 250 миллиард еврого кыскартууну талап кылса, көпчүлүк мамлекеттер буга каршы чыгышкан.Украинага сунушталган жаңы насыя маселеси да чечилбей калды. Коштанын айтымында, сунушту Евробиримдиктин 24 өлкөсү колдогону менен айрым шарттар боюнча пикир келишпестиктер бар. Бул маселе декабрь айында кайра каралат.Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен сүйлөшүүлөр пайдалуу болгонун, бирок алдыда дагы көп иштер турганын белгиледи. Евробиримдик өлкөлөрү бюджеттик чыгымдарды азайтуу маселесинде да бир пикирге келе албай жатышат.Саммиттин жыйынтыгында Европа борбордук банкынын жаңы жетекчилигине Пабло Эрнандес де Косанын талапкерлиги алдын ала колдоо тапты. Бирок бул маселе боюнча акыркы чечим да декабрь айында кабыл алынары күтүлүүдө.
https://sputnik.kg/20261125/vengriya-ukraina-45-milliard-evro-berbejt-1105101726.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1c/1097450711_154:0:2885:2048_1920x0_80_0_0_e5d5f281725df8bc24a578e31c837bb3.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, евробиримдик, украина, каражат, насыя, бюджет, антониу кошта
дүйнөдө, евробиримдик, украина, каражат, насыя, бюджет, антониу кошта
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik.Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде өткөн саммитте 2028–2034-жылдарга карата көп жылдык бюджетти бекитүү жана Украинага 45 миллиард евро өлчөмүндө жаңы насыя берүү маселелери боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта бюджеттин жалпы көлөмү жана каражатты бөлүштүрүү боюнча макулдашуу болбогонун билдирди. Айрым өлкөлөр бюджетти 250 миллиард еврого кыскартууну талап кылса, көпчүлүк мамлекеттер буга каршы чыгышкан.
Украинага сунушталган жаңы насыя маселеси да чечилбей калды. Коштанын айтымында, сунушту Евробиримдиктин 24 өлкөсү колдогону менен айрым шарттар боюнча пикир келишпестиктер бар. Бул маселе декабрь айында кайра каралат.
Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен сүйлөшүүлөр пайдалуу болгонун, бирок алдыда дагы көп иштер турганын белгиледи. Евробиримдик өлкөлөрү бюджеттик чыгымдарды азайтуу маселесинде да бир пикирге келе албай жатышат.
Саммиттин жыйынтыгында Европа борбордук банкынын жаңы жетекчилигине Пабло Эрнандес де Косанын талапкерлиги алдын ала колдоо тапты. Бирок бул маселе боюнча акыркы чечим да декабрь айында кабыл алынары күтүлүүдө.