https://sputnik.kg/20261125/vengriya-ukraina-45-milliard-evro-berbejt-1105101726.html
Венгрия ЕБнин Украинага 45 млрд. евро насыя берүүгө катышууну каалабайт
Венгрия ЕБнин Украинага 45 млрд. евро насыя берүүгө катышууну каалабайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Украинага деп пландалып жаткан 45 миллиард евро өлчөмүндөгү насыяны чогултууга Венгрия кошулгусу келбейт. Өлкөнүн премьер-министри... 25.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-25T09:47+0600
2026-11-25T09:47+0600
2026-11-25T11:55+0600
дүйнөдө
украина
венгрия
европа биримдиги
петер мадьяр
насыя
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101971774_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_01007337548da24d7ceb3805e02069ea.jpg
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Украинага деп пландалып жаткан 45 миллиард евро өлчөмүндөгү насыяны чогултууга Венгрия кошулгусу келбейт. Өлкөнүн премьер-министри Петер Мадьярдын айтымында, бул каржылоону Европа биримдигинин бардык мүчөлөрү эмес, анын 24 өлкөсү эле камсыздай алат. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, бул тууралуу өкмөт башчы Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Закарпатьедеги Берегово шаарында өткөн биргелешкен маалымат жыйынында айткан. Мадьярдын белгилешинче, Евробиримдик өткөн жылы Украинага 90 миллиард евро бөлүү боюнча макулдашууда колдонулган механизмди кайрадан пайдалана алат. Эске салсак, 2025-жылдын декабрь айында өткөн Европа биримдигинин саммитинде Украинанын 2026-2027-жылдардагы каржылык муктаждыктарын жабуу үчүн 90 миллиард евро өлчөмүндө биргелешкен насыя берүү чечими кабыл алынган. Аталган насыяны камсыздоого Венгрия, Словакия жана Чехия катышпай турганы белгиленген. Ал эми калган 24 өлкө макулдугун берген.
https://sputnik.kg/20261124/merc-eb-byudzheti-bogottoo-1105089216.html
украина
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101971774_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_1a42b631933115c48634602ad99afe2a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, венгрия, европа биримдиги, петер мадьяр , насыя
дүйнөдө, украина, венгрия, европа биримдиги, петер мадьяр , насыя
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Украинага деп пландалып жаткан 45 миллиард евро өлчөмүндөгү насыяны чогултууга Венгрия кошулгусу келбейт. Өлкөнүн премьер-министри Петер Мадьярдын айтымында, бул каржылоону Европа биримдигинин бардык мүчөлөрү эмес, анын 24 өлкөсү эле камсыздай алат.
РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, бул тууралуу өкмөт башчы Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Закарпатьедеги Берегово шаарында өткөн биргелешкен маалымат жыйынында айткан.
Мадьярдын белгилешинче, Евробиримдик өткөн жылы Украинага 90 миллиард евро бөлүү боюнча макулдашууда колдонулган механизмди кайрадан пайдалана алат.
"Менимче, Евробиримдикте өткөн жылкыдай ыкманы колдонууга мүмкүнчүлүк бар. Азыр сөз 45 миллиард евро жөнүндө болуп жатат. Ага ошол эле 24 өлкө катыша алат", — деди Венгриянын өкмөт башчысы.
Эске салсак, 2025-жылдын декабрь айында өткөн Европа биримдигинин саммитинде Украинанын 2026-2027-жылдардагы каржылык муктаждыктарын жабуу үчүн 90 миллиард евро өлчөмүндө биргелешкен насыя берүү чечими кабыл алынган. Аталган насыяны камсыздоого Венгрия, Словакия жана Чехия катышпай турганы белгиленген. Ал эми калган 24 өлкө макулдугун берген.