https://sputnik.kg/20261126/sogushtu-eb-menen-kiyev-unchukpay-turat-1105132941.html
Кушнер: украин согушун токтотуу боюнча ЕБ менен Киев оңгулуктуу сунуш айта элек
Кушнер: украин согушун токтотуу боюнча ЕБ менен Киев оңгулуктуу сунуш айта элек
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Европа менен Украина согуш отун басуу боюнча Американын сунушуна альтернатива боло турган эч нерсе айта элек. Бул туурасында АКШ... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T10:32+0600
2026-11-26T10:32+0600
2026-11-26T10:44+0600
дүйнөдө
акш
украина
евробиримдик
жаред кушнер
согуш
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105130735_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_70f8e36aeed2f2c4ae877787c6ef7e22.jpg
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Европа менен Украина согуш отун басуу боюнча Американын сунушуна альтернатива боло турган эч нерсе айта элек. Бул туурасында АКШ лидеринин чабарманы жана күйөө баласы Жаред Кушнер айтканын РИА Новости жазды. Ал Германиянын Axel Springer SE медиаконцернинин жетекчиси Матиас Депфнерге берген интервьюсунда согуштан кийин абалды жөнгө салуу маселесине көңүл буруу зарылдыгын белгилеген. Чабарман сүйлөшүүлөрдү чиеленишип калган түйүнгө салыштырган. "Россиялыктар, европалыктар жана украиндер менен сүйлөшүп жатканда бир нече маселени катары менен чече кетүү керектиги билинди. Муну уулум менен балыкка баргандагы көрүнүшкө салыштырам. Анын кайырмагынын жиби чырмалышып калганда бир түйүндү чечүү үчүн беш-алты түйүндү жандырганга туура келет", — деген Кушнер. Ошондой эле ал Вашингтон жаңжалды жөнгө салуунун бардык варианттарын колдоого даяр экенин белгилеген.
https://sputnik.kg/20261124/ukraina-maselesinde-evropanyn-rolu-1105096951.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105130735_188:0:2919:2048_1920x0_80_0_0_267aa7ff2083770079fe9778a3d9af14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, евробиримдик, жаред кушнер, согуш
дүйнөдө, акш, украина, евробиримдик, жаред кушнер, согуш
Кушнер: украин согушун токтотуу боюнча ЕБ менен Киев оңгулуктуу сунуш айта элек
10:32 26.11.2026 (Жаңыртылды: 10:44 26.11.2026) БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Европа менен Украина согуш отун басуу боюнча Американын сунушуна альтернатива боло турган эч нерсе айта элек. Бул туурасында АКШ лидеринин чабарманы жана күйөө баласы Жаред Кушнер айтканын
РИА Новости жазды.
Ал Германиянын Axel Springer SE медиаконцернинин жетекчиси Матиас Депфнерге берген интервьюсунда согуштан кийин абалды жөнгө салуу маселесине көңүл буруу зарылдыгын белгилеген.
"Бул планды иштеп чыгуу атышууну токтотуу боюнча кепке келүүгө жардам берет деп үмүттөнөм. Азырынча биз көрүп турган жалгыз жол ушул. Европалыктар менен украиндерден мындан дагы ылайыктуу жолун сунуштай аласыңарбы деп сураганбыз. Бирок азыркыга чейин эч кимиси башка вариант айта элек", — деген Кушнер.
Чабарман сүйлөшүүлөрдү чиеленишип калган түйүнгө
салыштырган.
"Россиялыктар, европалыктар жана украиндер менен сүйлөшүп жатканда бир нече маселени катары менен чече кетүү керектиги билинди. Муну уулум менен балыкка баргандагы көрүнүшкө салыштырам. Анын кайырмагынын жиби чырмалышып калганда бир түйүндү чечүү үчүн беш-алты түйүндү жандырганга туура келет", — деген Кушнер.
Ошондой эле ал Вашингтон жаңжалды жөнгө салуунун бардык варианттарын колдоого даяр экенин белгилеген.