https://sputnik.kg/20261111/-rossiya-aksh-ukraina-suyloshuulor-abu-dabi-medinskiy-1104841589.html
Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүсү өттү. Негизги жыйынтыктар
Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүсү өттү. Негизги жыйынтыктар
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү аяктады. Жолугушуу жабык өтүп, 1,5 саатка жакын созулду. Бардык... 11.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-11T17:59+0600
2026-11-11T17:59+0600
2026-11-11T17:59+0600
дүйнөдө
россия
акш
украина
европа
сүйлөшүү
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104840565_0:163:2286:1449_1920x0_80_0_0_d98979df7d212e04900f0776a71e5564.jpg
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү аяктады. Жолугушуу жабык өтүп, 1,5 саатка жакын созулду. Бардык делегациялар жолугушуу өткөн жерден полиция автоунааларынын коштоосунда чыгып кетишти.Украина маселесин жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский диалогдун чоо-жайы азырынча ачыкталбай турганын билдирди. Ошол эле учурда ал талкуунун жыйынтыгы боюнча жаңжал аяктагандан кийин континенттеги коопсуздук системасы тууралуу маселени күн тартибине коюу туура болгонун айтты.Анын пикиринде, Украинадагы каатчылык Европадагы азыркы коопсуздук тутуму начар иштеп жатканын ачык көрсөттү.Ошондой эле россиялык делегациянын башчысы сүйлөшүүлөргө европалыктардын катышуу ыктымалдыгы тууралуу пикирин билдирди.Сүйлөшүүлөрдө Украинанын атынан Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров, президенттин аппаратынын жетекчиси Кирилл Буданов, депутаттар жана аскер жетекчилигинин өкүлдөрү катышты.АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф, Жаред Кушнер жана НАТОнун Европадагы бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Алексус Гринкевич катышты.Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да Абу-Дабиге келишкени менен, сүйлөшүүлөргө түздөн-түз катышкан жок. Алар россиялык делегация менен да жолугушкан эмес.
https://sputnik.kg/20261111/rossiya-ukraina-tutkundardy-almashuu-abu-dabi-medinskiy-1104840286.html
акш
украина
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104840565_69:0:2217:1611_1920x0_80_0_0_805328ce8c0b71c6e7fc20112e1bc257.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, европа, сүйлөшүү
дүйнөдө, россия, акш, украина, европа, сүйлөшүү
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү аяктады. Жолугушуу жабык өтүп, 1,5 саатка жакын созулду. Бардык делегациялар жолугушуу өткөн жерден полиция автоунааларынын коштоосунда чыгып кетишти.
Украина маселесин жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский диалогдун чоо-жайы азырынча ачыкталбай турганын билдирди. Ошол эле учурда ал талкуунун жыйынтыгы боюнча жаңжал аяктагандан кийин континенттеги коопсуздук системасы тууралуу маселени күн тартибине коюу туура болгонун айтты.
Анын пикиринде, Украинадагы каатчылык Европадагы азыркы коопсуздук тутуму начар иштеп жатканын ачык көрсөттү.
“Чынында бүтүндөй бир организм ооруп жатат, ал эми Украинада болгону ошол жаранын оозу ачылып кетти. Ошондуктан бүтүндөй организмди дарылоо керек. Мында жараны жөн гана таңып коюу жетишсиз. Сүйлөшүүлөрдө дал ушул маселе башкы орунда болду. Биз америкалык тарап менен позицияларыбызды ортого салдык. Айрым суроолор боюнча тил табыштык, ал эми кээ бир маселелерде пикир келишпестиктер сакталып турат. Бул диалог, албетте, уланат. Дүйнөгө бардык мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алган жаңы, заманбап жана адилеттүү коопсуздук системасы керек. Мына ушул багытта иштейбиз”, — деди Мединский.
Ошондой эле россиялык делегациянын башчысы сүйлөшүүлөргө европалыктардын катышуу ыктымалдыгы тууралуу пикирин билдирди.
"Менимче, качан гана алардын абийири ойгонгондо, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн катышуучусу боло алышат. Ага чейин алар, мен буга чейин айткандай, украин элин топ болуп алдап жаткандардын катарында жана чындыгында карапайым элдин өлүмүнө кыйыр тиешеси бар шериктер болуп саналышат", — деп баса белгиледи ал.
Сүйлөшүүлөрдө Украинанын атынан Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров, президенттин аппаратынын жетекчиси Кирилл Буданов, депутаттар жана аскер жетекчилигинин өкүлдөрү катышты.
АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф, Жаред Кушнер жана НАТОнун Европадагы бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Алексус Гринкевич катышты.
Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да Абу-Дабиге келишкени менен, сүйлөшүүлөргө түздөн-түз катышкан жок. Алар россиялык делегация менен да жолугушкан эмес.