"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынган маданий борбордун көрүнүшү
"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынган маданий борбордун көрүнүшү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынып жаткан маданий... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынып жаткан маданий борбордун жана чыгыш айланма жолунун курулушун көрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мурдагы кинотеатрдын ордуна курулуп жаткан үч кабаттуу маданий борбордун жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Анда алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана башка жайлар болот. Ошондой эле эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай курулат. Учурда имараттын ичин жасалгалоо, айланасын көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайды куруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Мындан тышкары, Касымалиев чыгыш айланма жолунун курулушу менен таанышты. Долбоор боюнча, жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзүп, төрт тилкелүү болот. Мындан тышкары, көпүрө, жол түйүндөрүн жана башка инженердик курулмаларды салуу да каралган. Сапардын соңунда өкмөт башчы жооптуу органдарга жана курулуш компанияларына иштерди сапаттуу аткарып, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынып жаткан маданий борбордун жана чыгыш айланма жолунун курулушун көрдү.
Жаңы борбордо алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана башка жайлар болот
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мурдагы кинотеатрдын ордуна курулуп жаткан үч кабаттуу маданий борбордун жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Анда алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана башка жайлар болот. Ошондой эле эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай курулат.
Учурда имараттын ичин жасалгалоо, айланасын көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайды куруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, Касымалиев чыгыш айланма жолунун курулушу менен таанышты. Долбоор боюнча, жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзүп, төрт тилкелүү болот. Мындан тышкары, көпүрө, жол түйүндөрүн жана башка инженердик курулмаларды салуу да каралган.
Сапардын соңунда өкмөт башчы жооптуу органдарга жана курулуш компанияларына иштерди сапаттуу аткарып, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.