https://sputnik.kg/20260922/mehr-bolot-ibragimovgo-zhoop-berdi-1103832442.html
"Ар бир сантиметрин текшерсин". Мэр вице-спикерге жооп берди
"Ар бир сантиметрин текшерсин". Мэр вице-спикерге жооп берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жолдордун салынышы боюнча сын айткан Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимовго курулуштун ар бир... 22.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-22T16:20+0600
2026-09-22T16:20+0600
2026-09-22T16:26+0600
кыргызстан
бишкек
айбек жунушалиев
болот ибрагимов
жол
курулуш
комиссия
https://sputnik.kg/img/07ea/08/03/1102772108_0:0:900:506_1920x0_80_0_0_3e1b2427a424f9f8bf18ae85b9d14603.jpg
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жолдордун салынышы боюнча сын айткан Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимовго курулуштун ар бир сантиметрин карап чыкса болорун айтып жооп берди.Эскерте кетсек, калаа башчысы бүгүн журналисттер менен шаарды кыдырып, жаңы курулган объектилерди көрсөтүп, суроолоруна жооп берип жатат.Жунушалиевдин айтымында, ЖК төрагасынын орун басары миңдеген комиссия түзүп, текшерүү жүргүзсө болот.
https://sputnik.kg/20260922/bishkek-meriya-tygyn-radikaldyk-chara-koldonbojt-1103830089.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/03/1102772108_82:0:882:600_1920x0_80_0_0_ab7a8fc82c9ae92b762828c1512286e1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, айбек жунушалиев, болот ибрагимов, жол, курулуш, комиссия
кыргызстан, бишкек, айбек жунушалиев, болот ибрагимов, жол, курулуш, комиссия
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жолдордун салынышы боюнча сын айткан Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимовго курулуштун ар бир сантиметрин карап чыкса болорун айтып жооп берди.
Эскерте кетсек, калаа башчысы бүгүн журналисттер менен шаарды кыдырып, жаңы курулган объектилерди көрсөтүп, суроолоруна жооп берип жатат.
Жунушалиевдин айтымында, ЖК төрагасынын орун басары миңдеген комиссия түзүп, текшерүү жүргүзсө болот.
"Мэрия жолду сапатсыз салып жатат дегендерге бир суроо бергим келет. Жолду ким куруп жатат, мэр өзүбү же орун басарыбы? Түлеевдин тушунда, андан кийинкилердин убагында иштеген компаниялар азыр деле тендерди утуп жатышат. Алар бизге чейин да иштеген, азыр да иштеп жатышат. Болгону унаалардын саны маселе жаратууда. Мисалы, Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү алалы. Кечинде эринбей барып, канча чоң машина өткөнүн санап көргүлөчү. Эгер жол сапатсыз курулуп, үч жыл ичинде бузулса, салган компания өзү оңдойт. Чыгымын да өзү көтөрөт", — деген мэр.