https://sputnik.kg/20260917/rossiyadan-kelgen-azyk-tuluk-taratylat-1103720912.html
Өлкөдө 15 миңге чукул бүлөгө Россиядан келген азык-түлүк таратылат
Өлкөдө 15 миңге чукул бүлөгө Россиядан келген азык-түлүк таратылат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жарым тоннага жакын тамак-ашты гуманитардык жардам катары берди... 17.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-17T11:54+0600
2026-09-17T11:54+0600
2026-09-17T11:54+0600
кыргызстан
россия
буу
ош
гуманитардык жардам
май
ун
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103719375_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_02dc1552f8254ee93cd6a61a8ea33fb0.jpg
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жарым тоннага жакын тамак-ашты гуманитардык жардам катары берди. Бул туурасында аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди. Мунун 473,2 тоннасы байытылган ун, 67,5и тазаланып, экиге бөлүнгөн буурчак экенин айтышты. Расмий иш-чара Ош шаарында болуп, ага РФтин башкы консулу Роман Свистин, "Русский дом" борборунун жетекчиси Дмитрий Аврам жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалымат кызматынын адиси Алмаз Чороев азык-түлүк майыптыгы бар бүлөлөргө таратыла турганын кабарлады. Соңку маалыматтарга таянсак, 2008-жылдан бери Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программаларын колдоого 118,5 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Белгилей кетсек, Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жыл ичинде РФ өкмөтү менен уюм өлкөдө шашылыш жардам, калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программаларын ишке ашырып келет.
https://sputnik.kg/20260731/rossiya-kyrgyzstanga-2-tonnaga-chukul-azyk-tuluk-berdi-1102720595.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/11/1103719375_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_e2a65be76f0138363f8a4e8ca26cf6a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, буу, ош, гуманитардык жардам, май, ун
кыргызстан, россия, буу, ош, гуманитардык жардам, май, ун
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жарым тоннага жакын тамак-ашты гуманитардык жардам катары берди. Бул туурасында аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Мунун 473,2 тоннасы байытылган ун, 67,5и тазаланып, экиге бөлүнгөн буурчак экенин айтышты.
Расмий иш-чара Ош шаарында болуп, ага РФтин башкы консулу Роман Свистин, "Русский дом" борборунун жетекчиси Дмитрий Аврам жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалымат кызматынын адиси Алмаз Чороев азык-түлүк майыптыгы бар бүлөлөргө таратыла турганын кабарлады.
"Ар бир үй-бүлө 12,5 килограмм буурчак, 100 килограмм ун жана 10 литр күн карама майын алат. Ошондо 15 миң үй-бүлөгө көмөктөшөбүз. Бул жардам бекер таратылат", — деди ал.
Соңку маалыматтарга таянсак, 2008-жылдан бери Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программаларын колдоого 118,5 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Белгилей кетсек, Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жыл ичинде РФ өкмөтү менен уюм өлкөдө шашылыш жардам, калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программаларын ишке ашырып келет.