https://sputnik.kg/20260904/germaniyanyn-yraakka-atyluuchu-sistemasy-buta-1103443881.html
Германиянын ыраакка атылуучу системасы Россиянын бутасына айланары айтылды
Германиянын ыраакка атылуучу системасы Россиянын бутасына айланары айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Германиянын ыраакка атылуучу системалары жайгашкан жерлер Россиянын мыйзамдуу бутасына айланат. Бул тууралуу РФтин Берлиндеги... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T12:36+0600
2026-09-04T12:36+0600
2026-09-04T12:36+0600
дүйнөдө
россия
германия
нато
арсенал
https://sputnik.kg/img/07e6/07/12/1066153697_191:605:2756:2048_1920x0_80_0_0_89fa87bec5f7f6ead7177c78348de4ee.jpg
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Германиянын ыраакка атылуучу системалары жайгашкан жерлер Россиянын мыйзамдуу бутасына айланат. Бул тууралуу РФтин Берлиндеги элчилиги билдиргенин РИА Новости жазды. Элчилик Европа милитаризация процессин тездетип жатканын белгилеген. Басылманын маектештери Германия Улуу Британия жана Франция менен биргеликте ыраакка атылуучу арсенал түзүү боюнча иш баштаганын айтып беришкен. "Россияны тизгиндеп туруу максатында бундесвердин каршы тараптын тереңинде жайгашкан объектилерге эки миң чакырым аралыктан сокку уруу мүмкүнчүлүгү болушу каралууда. Иш европалык союздаштар менен аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында, биринчи кезекте Лондон жана Париж менен биргеликте жасалып жатат", — деп айтылат маалыматта. Элчилик Германия доктриналык аскердик-саясий документтеринде өзүнүн ыраакка атылуучу жогорку тактыктагы жана учкучсуз учкан системалары болушуна көбүрөөк ыктап баратканын белгилеген. Мындай кадамын немец бийлиги өзөктүк куралынын жоктугу менен түшүндүрүүдө. Акыркы жылдары Россия батыш чегинде НАТОнун катуу активдешип жатканын айтып келет. Альянс улам кулачын кеңейтип, муну Россияны ооздуктоо деп атоодо. Москва блок күчтөнүп жатканына тынчсыздануусун билдирген. РФ ТИМи НАТО менен тең укуктуу диалогго ачык экенин эскертип, Батышты континентти милитаризациялоодон баш тартууга чакырган.
https://sputnik.kg/20260901/batysh-dujnodogu-abaldy-kurchutat-1103382813.html
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/12/1066153697_263:643:2137:2048_1920x0_80_0_0_cd28e9c72957c1c64dacb91702c34145.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, германия, нато, арсенал
дүйнөдө, россия, германия, нато, арсенал
Германиянын ыраакка атылуучу системасы Россиянын бутасына айланары айтылды
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Германиянын ыраакка атылуучу системалары жайгашкан жерлер Россиянын мыйзамдуу бутасына айланат. Бул тууралуу РФтин Берлиндеги элчилиги билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Германиянын милитаризацияланышын сындагандар мындай курал-жарак сакталган жерлер Россиянын мыйзамдуу бутасына айланат деп туура айтып жатышат", — дешти дипломаттар.
Элчилик Европа милитаризация процессин тездетип жатканын белгилеген. Басылманын маектештери Германия Улуу Британия жана Франция менен биргеликте ыраакка атылуучу арсенал түзүү боюнча иш баштаганын айтып беришкен.
"Россияны тизгиндеп туруу максатында бундесвердин каршы тараптын тереңинде жайгашкан объектилерге эки миң чакырым аралыктан сокку уруу мүмкүнчүлүгү болушу каралууда. Иш европалык союздаштар менен аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында, биринчи кезекте Лондон жана Париж менен биргеликте жасалып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Элчилик Германия доктриналык аскердик-саясий документтеринде өзүнүн ыраакка атылуучу жогорку тактыктагы жана учкучсуз учкан системалары болушуна көбүрөөк ыктап баратканын белгилеген. Мындай кадамын немец бийлиги өзөктүк куралынын жоктугу менен түшүндүрүүдө.
Акыркы жылдары Россия батыш чегинде НАТОнун катуу активдешип жатканын айтып келет. Альянс улам кулачын кеңейтип, муну Россияны ооздуктоо деп атоодо. Москва блок күчтөнүп жатканына тынчсыздануусун билдирген. РФ ТИМи НАТО менен тең укуктуу диалогго ачык экенин эскертип, Батышты континентти милитаризациялоодон баш тартууга чакырган.