https://sputnik.kg/20260901/batysh-dujnodogu-abaldy-kurchutat-1103382813.html
Захарова: Батыш дүйнөнү козуткан негизги күчкө айланды
Захарова: Батыш дүйнөнү козуткан негизги күчкө айланды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк аренадагы үстөмдүгүнөн кол жуубаш үчүн Батыш мамлекеттеринин жасаган аракети дүйнөдөгү абалды курчута турган эң башкы күчкө... 01.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-01T19:04+0600
2026-09-01T19:04+0600
2026-09-01T20:03+0600
дүйнөдө
россия
батыш
тим
мария захарова
чыгыш экономикалык форум
https://sputnik.kg/img/07e9/02/07/1091916669_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_42f28d1c82b00fda8eff9cfe6e319f65.jpg
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк аренадагы үстөмдүгүнөн кол жуубаш үчүн Батыш мамлекеттеринин жасаган аракети дүйнөдөгү абалды курчута турган эң башкы күчкө айланды. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы брифингде билдирди. Анын айтымында, Батыштын Россияга каршы гибриддик согушу жана украин жаңжалы НАТО менен ОБСЕ сыяктуу евроатлантикалык механизмдерге таянып коопсуздуктун моделин ишке ашыруу аракетине чекит койду. Дипломат Батыштын геосаясий оюнуна аргасыз тартылган аймактардын көбөйүп жатканынан улам дүйнө коомчулугу муну жакшы түшүнүп калганын белгилеген. "Англосакстар өткөндүн колониялык империялары сыяктуу. Болгону тарыхты унутуп коюшту", — деди ТИМ өкүлү. Чыгыш экономикалык форуму Владивостокто 1-сентябрда башталган, 4-сентябрга чейин уланат.
https://sputnik.kg/20260901/putin-buu-shku-sammit-el-aralyk-ukuk-bishkek-1103377511.html
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/07/1091916669_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_71ba67090259fe0ca1ab775098dee0ec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, батыш, тим, мария захарова, чыгыш экономикалык форум
дүйнөдө, россия, батыш, тим, мария захарова, чыгыш экономикалык форум
Захарова: Батыш дүйнөнү козуткан негизги күчкө айланды
19:04 01.09.2026 (Жаңыртылды: 20:03 01.09.2026) БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк аренадагы үстөмдүгүнөн кол жуубаш үчүн Батыш мамлекеттеринин жасаган аракети дүйнөдөгү абалды курчута турган эң башкы күчкө айланды. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы брифингде билдирди.
"Азыркы тапта болуп жаткан окуялар Батыштын оңою менен үстөмдүгүнөн ажырагысы келбей, аны колундагы болгон нерсе менен сактап калууга жан үрөй турганын далилдеди. Мындан улам дүйнөнү козутуп, тынчтыкты бузган күчкө айланды", — деди Захарова.
Анын айтымында, Батыштын Россияга каршы гибриддик согушу жана украин жаңжалы НАТО менен ОБСЕ сыяктуу евроатлантикалык механизмдерге таянып коопсуздуктун моделин ишке ашыруу аракетине чекит койду. Дипломат Батыштын геосаясий оюнуна аргасыз тартылган аймактардын көбөйүп жатканынан улам дүйнө коомчулугу муну жакшы түшүнүп калганын белгилеген.
"Англосакстар өткөндүн колониялык империялары сыяктуу. Болгону тарыхты унутуп коюшту", — деди ТИМ өкүлү.
Чыгыш экономикалык форуму Владивостокто 1-сентябрда башталган, 4-сентябрга чейин уланат.