https://sputnik.kg/20260902/1103392556.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жыйынтыгында жалпы 28 документ кабыл алынды. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев алардын ичинен негизги үчөөнү атады... 02.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-02T08:59+0600
2026-09-02T08:59+0600
2026-09-02T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103392390_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d5ed14d5fbdaf8d5815e35cb3620c37a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жыйынтыгында жалпы 28 документ кабыл алынды. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев алардын ичинен негизги үчөөнү атады. Алардын бири — ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин эл аралык жана аймактык маселелер боюнча жалпы позициялары чагылдырылган. Ошондой эле мамлекет башчылары ШКУнун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколго кол коюшту. Бул документ уюмдун ишин натыйжалуу жана ийкемдүү жүргүзүүгө укуктук негиз түзөт. Мындан тышкары, коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган документтер кабыл алынды. Алардын алкагында Ташкентте Коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борбордун, Душанбеде ШКУнун Баңгизатка каршы борборунун ишин жөнгө салган жоболор бекитилди.
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кураш, гореш жана монгол күрөшү боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандан бир балбан коло медаль тагынды. Ал эми мелдештин чемпиону Өзбекстандын спортчусу болду.Ошондой эле Ашыралиев бүгүнкү мелдештерге 32 өлкөнүн өкүлдөрү катышканын белгиледи. Жалпысынан 10 салмак категориясы каралып, Кыргызстандан ар бир салмак категориясына бирден спортчу катышты. Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун бир катар спорттук аянтчаларында уланат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программа бардык локацияларда уюштурулуп, күн сайын 500дөн ашык иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу оюндун маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, алардын катарында концерттер, көргөзмөлөр, улуттук оюндар, каада-салттарды жана кол өнөрчүлүктү таанытуу, эл аралык жана республикалык сынактар, мастер-класстар бар. “Иш-чаралар күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин өтөт. Конокторго жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат берүү үчүн ири локациялардын ар биринде атайын топтор иштейт. Ар бир локацияда уюштуруучулар туруктуу иштеп, өтүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берип турушат. Бул өзгөчө маанилүү, анткени чоң аянтчаларда бир убакта ондогон иш-чара өтүшү мүмкүн. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда ат оюндары жана “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этнофестивалы өтөт. Ал эми “Рух Ордо” маданий борборунда ар кайсы өлкөлөрдөн келген белгилүү аткаруучулардын катышуусунда “Көчмөн санаты” салттуу музыка фестивалы уюштурулат. “Дордой-Номад” маданий-этнографиялык борборунда Nomad Fest эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы өтөт. Мындан тышкары, оюндардын алкагында эл аралык жана республикалык сынактар, көргөзмөлөр, чыгармачылык жолугушуулар жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлөт”, — деди Максүтов.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жыйынтыгында жалпы 28 документ кабыл алынды. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев алардын ичинен негизги үчөөнү атады. Алардын бири — ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин эл аралык жана аймактык маселелер боюнча жалпы позициялары чагылдырылган. Ошондой эле мамлекет башчылары ШКУнун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколго кол коюшту. Бул документ уюмдун ишин натыйжалуу жана ийкемдүү жүргүзүүгө укуктук негиз түзөт. Мындан тышкары, коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган документтер кабыл алынды. Алардын алкагында Ташкентте Коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борбордун, Душанбеде ШКУнун Баңгизатка каршы борборунун ишин жөнгө салган жоболор бекитилди. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кураш, гореш жана монгол күрөшү боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандан бир балбан коло медаль тагынды. Ал эми мелдештин чемпиону Өзбекстандын спортчусу болду.Ошондой эле Ашыралиев бүгүнкү мелдештерге 32 өлкөнүн өкүлдөрү катышканын белгиледи. Жалпысынан 10 салмак категориясы каралып, Кыргызстандан ар бир салмак категориясына бирден спортчу катышты. Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун бир катар спорттук аянтчаларында уланат VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программа бардык локацияларда уюштурулуп, күн сайын 500дөн ашык иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу оюндун маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, алардын катарында концерттер, көргөзмөлөр, улуттук оюндар, каада-салттарды жана кол өнөрчүлүктү таанытуу, эл аралык жана республикалык сынактар, мастер-класстар бар. “Иш-чаралар күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин өтөт. Конокторго жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат берүү үчүн ири локациялардын ар биринде атайын топтор иштейт. Ар бир локацияда уюштуруучулар туруктуу иштеп, өтүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берип турушат. Бул өзгөчө маанилүү, анткени чоң аянтчаларда бир убакта ондогон иш-чара өтүшү мүмкүн. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда ат оюндары жана “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этнофестивалы өтөт. Ал эми “Рух Ордо” маданий борборунда ар кайсы өлкөлөрдөн келген белгилүү аткаруучулардын катышуусунда “Көчмөн санаты” салттуу музыка фестивалы уюштурулат. “Дордой-Номад” маданий-этнографиялык борборунда Nomad Fest эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы өтөт. Мындан тышкары, оюндардын алкагында эл аралык жана республикалык сынактар, көргөзмөлөр, чыгармачылык жолугушуулар жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлөт”, — деди Максүтов.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103392390_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3f37d157444b0024e0cf06f468cbb271.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио