00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:00
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:58
1 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
6 мин
Тема дня
Когда кыргызские лекарства смогут выйти на рынок ЕАЭС
10:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Кыргызстан станет частью нового транспортного каркаса Евразии
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылына 17% киреше — Кыргызстандыктар мамлекеттик баалуу кагаздарды кантип сатып алат?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адамзат эми мунай эмес, суу талашып согушабы? Ой толгоо

© AP Photo / Anna SzilagyiКургакчылык. Архив
Кургакчылык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2026
Жазылуу
Жакынкы Чыгыштагы окуялар углеводород менен энергетикалык ресурстардын тартыштыгы күчөп турганына ынандырды. Деген менен андан да курч маселенин чет-бучкагы көрүнө баштагандай.
Молдова энергетика жана суу менен камсыздоо жаатында өзгөчө абал жаралганын билдирип чыкты. Жаратылыш министринин айтымында, өлкө жакынкы жылдары күн сайын 120-130 мегаватт-сааттык электр кубатынын таңсыктыгына туш болот, тартыштыкты Румыниядан OPCOM интерконнектору аркылуу жана Украинадан келе турган авариялык электр агымдарынын эсебинен жабуу пландалууда. Электр энергиясы ал жактан Европанын ENTSO-E системалык операторлорунун түйүнү аркылуу келет. Ошентсе да бул жерде жаңылык башка: Молдова бийлиги стратегиялык запас деп эсептелген Новоднестровский суу сактагычында турган сууну пайдалана баштады. Жөнөкөй тил менен айтканда, Кишинев башкы мамлекеттик резервуарды кактоодо. Дүйнөдөгү кырдаалга сереп салган Сергей Савчуктун макаласын РИА Новости жарыялады.
Маселенин түпкү себеби Борбордук Европанын көлдөрүн соолутуп жиберген адаттан тыш ысык менен Молдованын негизги артериясы болгон Днестрдеги суу деңгээлинин болуп көрбөгөндөй төмөндөшүндө. Натыйжада Украинанын Хмельницкий, Винница жана Черновцы облустарынан өткөн Новоднестровский суу сактагычына секундасына болгону 30 куб метр суу келип жатат. Мындан улам суу жарымына да жетпей калган, ал эми бир жыл мурун азыркыдан беш метр өйдө болчу. Даанараак болсун үчүн Новоднестровский суу сактагычынын эң терең жери 54, орточосу 21 метрге жетерин айта кетели.
Электр кубатынын тартыштыгына да суунун азайышы себеп, суу сактагычтан 20 чакырым ылдыйраак кубаттуулугу 700 мегаваттка жеткен Днестр-1 ГЭСи жайгашкан.
Албетте, азыркы кыйынчылыктарды мезгилдик олку-солкулукка шылтап койсо деле болот, бирок маселенин тамыры тереңде. Кечээ жакында Казакстандын президенти суу таңсыктыгы күчөп жатканын дагы бир ирет козгоду. Касым-Жомарт Токаев БУУ адистеринин баалоосу боюнча 2040-жылга карата сууну керектөө көлөмү жалпы жеткиликтүү ресурстан 40 пайызга көбөйөрүн эске салган. Казак лидери көптөн бери Арал менен Каспий деңиздеринин тартылышы боюнча маселеге дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып келет, көйгөй аймактык эле эмес, глобалдуу экени да белгиленген. Ошол эле расмий маалыматта тобокелдикке Түндүк Африка эле эмес, дарыя-көлдөрү соолуп жаткан Борбордук Азия да кабылары айтылат. Абалды дарыяларга салынып жаткан гидротехникалык курулуштар да курчутууда, каскаддары улам ылдыйлаган сайын суунун жылдык агымы ошончолук чектелүүдө.
Дүйнө жүзү мунайга башын оорутуп жаткан маалда суу маселеси, тилекке каршы, тээ алыста сымал сезилет. Эгер, мисалы, бензин жок калса, болгону ыңгайсыздык жаратат, ал эми ичүүчү суунун үчтөн бир бөлүгү жок болсо адамзат жапырт кырыла баштайт. Бул — жөн эле сөз эмес, кадимки физиология. Организмге жетпеген ошол үчтөн бир бөлүк өлүмдү шарттайт, бул мезгилде адам суу деле ичкиси келбей калат.
Илгери, мындан он жыл мурун, Андрей Кондрашовдун "Суу үчүн согуш" деп аталган даректүү тасмасы чыккан эле, азыр көпчүлүктүн эсинде деле болбосо керек. Эки саат бою россиялык журналисттердин командасы канча деген кандуу согуштун түпкү себебин кылдат түшүндүрүп берген. Анда Израиль менен Сириянын Голан дөңсөөлөрү үчүн айыгышкан кармашы да сөз болгон. Израилдик саясатчылар тарыхый аймак, буфердик коопсуздук зонасы тууралуу айтканды жакшы көрүшөт, бирок чындыгында Голан дөңсөөлөрү — аталган региондун минералдык суу запасынын теңи. Израиль ичкен суунун ар бир үчүнчү литри дал ушул жерден келет.
Ошол эле тасмада Муаммар Каддафинин буйругу менен Ливияда ишке ашырылган "Улуу дарыя" ири долбоору талданган. Сахарада, Нубиянын чөлүндө орточо тереңдиги 500 метрден ашкан 1,5 миң скважина курулуп, алар артезиан суусун сордуруп, жер алдындагы резервуарларга толтуруп турган. Миңдеген чакырымдарга созулган түтүктөр аркылуу чөлдүн каалаган жерине суткасына 6,5 миллион куб метрге чейин суу жеткирүүгө мүмкүн эле. Салтанаттуу ачылышында Муаммар Каддафи бул адамзат тарыхындагы эң чоң ирригациялык долбоор экенин белгилеп, ар бир тамчы менен аймактын суудан көз карандысыздыгына жол бергиси келбеген батыш мамлекеттери, биринчи кезекте АКШ тараптан кооптуулук өсө турганын айткан.
Айтканындай болду. АКШ, Улуу Британия, Франция жана Канаданын бөлүктөрүнөн турган топ адегенде эле бутага "Улуу дарыяны" алды. Соккудан улам суу ондогон метрге чейин атылып жаткан видеолор азыр да бар. Ошол боюнча кургап, кайра калыбына келген жок, ал эми Ливиянын айыл чарбасы бир жылга жетип-жетпей кыйрап, ачарчылыкты шарттады да, бир мамлекет ошону менен жок болду.
Суудан анча жабыр тарта элек биз үчүн тартыштыктын деңгээлин элестетүү оор. Деген менен БУУнун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдө суунун 60 пайызы түгөнгөн. Учурдагы абал сакталып турса 2040-жылга карата Испания, Италия, Португалия сыяктуу европалык өлкөлөр суунун тартыштыгын жон тери менен сезе баштайт.
Үчүнчү дүйнөлүк согуш суудан башталат деген сөз азырынча теория боюнча калууда. Бирок ХХ кылымдын башында жүз жылдан кийин нефть чоң байлыкка айланып, согуштун себепкери эле эмес, глобалдуу таасир этүүнүн куралына айланат дегенге эч ким ишенген эмес эле, туурабы?..
Тынч океаны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2026
БУУ Жердин көп бөлүгүндө аба ырайы катуу өзгөрө турганын эскертти. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0