00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

БУУ Жердин көп бөлүгүндө аба ырайы катуу өзгөрө турганын эскертти. Себеби

© Sputnik / Александр ПирагисТынч океаны. Архив
Тынч океаны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2026
Жазылуу
Тынч океандагы бул кубулуштун кесепетинен Жердин бир катар аймактарын аптап каптаса, кайсы бир жерлеринде жаан-чачындын арбый турганы айтылды.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. БУУнун курамына кирген уюмдардын бири Дүйнөлүк метеорология уюмуна таянып Эль-Ниньо кубулушу жакынкы айларда күндүн ысышына таасир этерин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн айтсак, Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук аймагынын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү океан суусунун үстүңкү катмарынын температурасынын көтөрүлүшү менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. Ал орто эсеп менен ар бир 2-7 жылда кайталанып турат. Узактыгы адатта 9 айдан 12 айга чейин созулат.
"Тынч океандын тропикалык бөлүгүндөгү океан сууларынын адаттан тыш жылышынан улам Эль-Ниньо кубулушу күчөп жатат. Бул жакынкы айларда кооптуу аба ырайын жана андан улам болчу коркунучту арбытып, глобалдык ысыкка жана жаан-чачындын адаттагы ыраатына таасирин тийгизиши күтүлүүдө", — деп баяндамада айтылат.
Бул кубулуш Жердин көп бөлүгүндөгү аба ырайына таасир этерин аталган метеорология уюму билдирген.
"Күчтүү Эль-Нинього даярданышыбыз керек. Кургакчылык менен нөшөрдү шарттайт, андан сырткары, кургактыкта жана океанда аптаптын толкундарын жаратышы мүмкүн", — деген Женевада берген брифингде Дүйнөлүк метеорология уюмунун катчысы Селесте Сауло.
Аптаптан сырткары нөшөрлөгөн жамгыр да болору айтылды. Бул кубулуштар быйыл июнь-августта жүрөт дешти.
"Эль-Ниньо адатта Түштүк Американын кээ бир райондорунда, АКШнын түштүгүндө, Африканын кээ бир жерлеринде жана Борбор Азияда жаан-чачындын арбышы менен шартталат. Ага карама-каршы келген кургакчылык Австралияда, Индонезияда жана Түштүк Азиянын бир катар жерлеринде болот", — деп айтылган БУУнун Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча башкармалыгынын сайтында (UNDRR).
Метеорологдор бул сапаркы кубулуш ноябрга чейин созулат деп божомолдошууда.
"Эль-Ниньонун качан туу чокусуна жетери жана анын кубаты тууралуу кээде так айта албаган учурлар бар, бирок божомолдогон изилдөөлөр күчү эң аз дегенде орточо, ал түгүл өтө кубаттуу болорун көрсөтүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Саулонун айтымында, аталган аймактардагы жаан-чачын менен кургакчылыктан сырткары Тынч океандын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө катуу шамалдын жаралышына шарт түзөт. Андан тышкары, аптаптын кесептинен чымын-чиркей аркылуу жугуучу оорулардын кеңири жайылышы, азык-түлүк жана суу корунун азайышы сыяктуу тобокелдиктер болорун айтышты.
   Антарктикадагы айсберг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2026
Эксперт: Антарктикадагы ири мөңгү эрисе алты өлкөгө зыянын тийгизиши мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0