https://sputnik.kg/20260804/drsmd-kelishimine-cheyinki-sssrdin-kuraldary-1102788232.html
Өзөктүк куралды жок кылуу келишимине чейинки СССРдин куралдары. Инфографика
Өзөктүк куралды жок кылуу келишимине чейинки СССРдин куралдары. Инфографика
Sputnik Кыргызстан
Россия Орто жана жакын аралыктагы ракеталарды жок кылуу келишими боюнча мораторийге байланбастыгын бир жыл мурда РФ ТИМи билдирген. 04.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-04T20:18+0600
2026-08-04T20:18+0600
2026-08-05T09:36+0600
ссср
россия
өзөктүк курал
канаттуу ракета
келишим
тарых
https://sputnik.kg/img/07ea/08/04/1102787871_0:154:3091:1893_1920x0_80_0_0_b3173fb832589a084c0b5cb4d21001b7.jpg
Бул макулдашуунун курмандыгына айланган "Орешниктин" мурдагы мууну кандай куралдар эле? "Скорость" — өтө тактыкка ээ ракеталык комплекс Бул орто аралыкка учуучу комплекс 1980-жылдары "Пионер" жана "Тополь" ракеталарынын баскычтарынын негизинде иштелип чыккан. Анын башкы максаты Европадагы Американын Pershing-2 орто аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын тез жана таамай жок кылуу болгон. Бирок 1987-жылкы Михаил Горбачевдун жарлыгы менен Орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды жок кылуу келишимине (ДРСМД) кол коюу пландарынан улам долбоор жабылып калган. "Калибрдин" агасы — "Рельеф" Сыртынан караганда бул комплекс кадимки С-300 зениттик-ракеталык системасына окшоп кетчү. Бирок анын ичине орто аралыкка учуучу канаттуу ракеталар катылган. Ал расмий түрдө куралдуу күчтөрдүн катарына кошулууга үлгүргөн. Анткен менен 1988-жылы ДРСМД келишимине шылтоо кылып, америкалыктардын көз алдында эле аны кесип, жок кылышкан. Кийинчерээк "Рельефтин" түзүлүш тажрыйбасы азыркы белгилүү "Калибр" ракеталарын жасоодо колдонулган. Көзгө урунбаган "Курьер" 1980-жылдары жолдордон кадимки эле "Совтрансавто" ишканасынын МАЗ-5432 жүк ташуучу автоунаасын жолуктурууга мүмкүн эле. Бирок сыртынан жөнөкөй көрүнгөн бул фургондун ичинде 10 миң чакырымга чейин уча алган континент аралык баллистикалык ракета катылган болчу. Анын стандарттуу МАЗ-7909 автоунаасынын базасындагы варианты да болгон. Бул СССРдин Американын MGM-134 Midgetman ракетасына берген жообу эле. Натыйжада америкалык аналогуна караганда абдан мобилдүү жана байкалбай турган курал жасалган. Бирок 1991-жылы Горбачевдун жарлыгы менен бул долбоор да токтотулган. "Скорость", "Рельеф", "Курьер" жана башка көптөгөн орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталык комплекстердин түбүнө ДРСМД келишими менен СССРдин тараганы жеткен. Кантсе да бул долбоорлордогу табылгалар кийин Россиянын өзөктүк калканына айланган ракеталардын негизин түздү. Ал эми АКШ бул келишимден чыгып кеткен азыркы шартта, ал тажрыйбалар дагы да көпкө кызмат кылары шексиз.
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/04/1102787871_181:0:2912:2048_1920x0_80_0_0_8af08c106593dcc5403d55e65eaede92.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, россия, өзөктүк курал, канаттуу ракета, келишим, тарых, инфографика
ссср, россия, өзөктүк курал, канаттуу ракета, келишим, тарых, инфографика
Өзөктүк куралды жок кылуу келишимине чейинки СССРдин куралдары. Инфографика
20:18 04.08.2026 (Жаңыртылды: 09:36 05.08.2026) Россия Орто жана жакын аралыктагы ракеталарды жок кылуу келишими боюнча мораторийге байланбастыгын бир жыл мурда РФ ТИМи билдирген.
Бул макулдашуунун курмандыгына айланган "Орешниктин" мурдагы мууну кандай куралдар эле?
"Скорость" — өтө тактыкка ээ ракеталык комплекс
Бул орто аралыкка учуучу комплекс 1980-жылдары "Пионер" жана "Тополь" ракеталарынын баскычтарынын негизинде иштелип чыккан. Анын башкы максаты Европадагы Американын Pershing-2 орто аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын тез жана таамай жок кылуу болгон. Бирок 1987-жылкы Михаил Горбачевдун жарлыгы менен Орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды жок кылуу келишимине (ДРСМД) кол коюу пландарынан улам долбоор жабылып калган.
"Калибрдин" агасы — "Рельеф"
Сыртынан караганда бул комплекс кадимки С-300 зениттик-ракеталык системасына окшоп кетчү. Бирок анын ичине орто аралыкка учуучу канаттуу ракеталар катылган. Ал расмий түрдө куралдуу күчтөрдүн катарына кошулууга үлгүргөн. Анткен менен 1988-жылы ДРСМД келишимине шылтоо кылып, америкалыктардын көз алдында эле аны кесип, жок кылышкан. Кийинчерээк "Рельефтин" түзүлүш тажрыйбасы азыркы белгилүү "Калибр" ракеталарын жасоодо колдонулган.
1980-жылдары жолдордон кадимки эле "Совтрансавто" ишканасынын МАЗ-5432 жүк ташуучу автоунаасын жолуктурууга мүмкүн эле. Бирок сыртынан жөнөкөй көрүнгөн бул фургондун ичинде 10 миң чакырымга чейин уча алган континент аралык баллистикалык ракета катылган болчу. Анын стандарттуу МАЗ-7909 автоунаасынын базасындагы варианты да болгон. Бул СССРдин Американын MGM-134 Midgetman ракетасына берген жообу эле. Натыйжада америкалык аналогуна караганда абдан мобилдүү жана байкалбай турган курал жасалган. Бирок 1991-жылы Горбачевдун жарлыгы менен бул долбоор да токтотулган.
"Скорость", "Рельеф", "Курьер" жана башка көптөгөн орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталык комплекстердин түбүнө ДРСМД келишими менен СССРдин тараганы жеткен. Кантсе да бул долбоорлордогу табылгалар кийин Россиянын өзөктүк калканына айланган ракеталардын негизин түздү. Ал эми АКШ бул келишимден чыгып кеткен азыркы шартта, ал тажрыйбалар дагы да көпкө кызмат кылары шексиз.