https://sputnik.kg/20260711/geosayasat-ekonomika-eaeb-ormuz-inflyaciya-baa-1102318136.html
Геосаясий абал ЕАЭБдин экономикасына кандай таасир этүүдө? Экономист менен маек
Геосаясий абал ЕАЭБдин экономикасына кандай таасир этүүдө? Экономист менен маек
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк экономика олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Санкция, соода согуштары, чыр-чатактар, логистикалык каттамдардын өзгөрүшү, атаандаштык экономикалык... 11.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-11T20:12+0600
2026-07-11T20:12+0600
2026-07-11T20:12+0600
кыргызстан
геосаясат
экономика
еаэб
улукман мамытов
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0e/1095860342_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_8bbb3c5aecfa22b9f4f66566bcc4f51b.jpg
Кыргызстан үчүн бул өзгөрүүлөр өзгөчө маанилүү. Анткени өлкөбүздүн экономикасы тышкы соодага, мигранттардын акчасына, инвестицияларга жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон экономикалык байланышка көз каранды. Геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү товарлардын баасына, улуттук валютанын туруктуулугуна, экспорт менен импорттун көлөмүнө жана бизнес жүргүзүү шарттарына таасир этүүдө. Мындай шартта Кыргызстан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алабы? ЕАЭБ өлкөлөрү учурда кандай чакырыктарга туш болууда? Геосаясий өзгөрүүлөр интеграциялык бирикменин келечегине кандай таасир эте? Ушул жана башка суроолорго экономист-изилдөөчү Улукман Мамытов жооп берди.— Бүгүн экономика менен геосаясат бири-биринен ажырагыс түшүнүктө болуп калды. Акыркы жылдардагы геосаясий окуялар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына кандай таасир тийгизди?— Ар бир чоң геосаясий процесстин өзөгүндө экономика турат. "Саясат — экономиканын концентрацияланган көрүнүшү" дегендей, кандай гана саясат болбосун, анын негизинде сөзсүз экономикалык факторлор жатат. Мисалы, эмне үчүн Израиль Ливанга кайра-кайра чабуул коюуда? Алар муну Ливан тараптан ракеталар учуп келип жатат деген жүйө менен түшүндүрүүдө, бирок негизги максат аймакты кеңейтүү болуп жатат. Анткени Ливан менен Израилдин деңиз чек арасына жакын жайгашкан Жер ортолук деңизинин шельфинде Левиафан газ кени бар. Бул — мен жогоруда айткан ойдун айкын мисалы.Евразия мамлекеттеринин мааниси жылдан жылга өсүүдө, аймактын географиялык жайгашуусу өзгөчө мааниге ээ. Россия, Кытай, араб мамлекеттери, Индия жана Иран сыяктуу ири өлкөлөрдүн чок ортосунда Кыргызстан жайгашкан. Кечээ дүйнөлүк экономиканын борбору Батыш мамлекеттери болсо, эртеңки күндүн экономикасы Евразия жана Чыгыш Азия мамлекеттери менен байланыштуу болот. Бүгүнкү күндө кызматташтык ШКУ, БРИКС жана ЕАЭБ сыяктуу бирикмелердин алкагында чыңдалууда. Сооданын бир тобу Кыргызстан аркылуу өтчүдөй болуп турат. ЕАЭБ, биринчи кезекте, Россия менен байланыштуу. Бүгүнкү күндө Россия атайын аскердик операциядан улам Батыш менен экономикалык жана саясий тирештин шартында жашап жатат. Бул абдан чоң ресурстарды талап кылууда. Өлкөнүн бюджетинин болжол менен 38 пайызы ушул багытка жумшалып жатат. Бирок санкцияларга жана ар кандай тоскоолдуктарга карабай Россиянын экономикасы туруктуулукту көрсөттү. 2022-жылы көптөгөн серепчилер "Россиянын экономикасы кыйрайт" дешти эле, бирок рубль бекемделип, азыр бир доллардын курсу 7 577 рублдин тегерегинде болуп жатат. Валютанын курсу — экономиканын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири.Эгер эртең согуш токтоп, өлкө кайрадан толук кандуу реалдуу экономикага кайтып келсе, Россиянын экономикасы кандай темп менен өсөрүн элестетип көрөлү. Демек, ЕАЭБ экономикасынын туруктуулугу да көп жагынан Россиянын экономикасынын абалына байланыштуу.— Ооба, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасы Россия рыногуна байланган. Экономиканы диверсификациялоо боюнча реалдуу жыйынтыктар кандай болууда?— Кыргызстан алакандай эле мамлекет. Жети миллион калкы бар өлкө — бул чакан рынок, чакан экономика. Эгер көз карандысыз, өз алдынча жетиштүү экономика курууну кааласак, анда күчтүү экономисттер белгилегендей, рыноктун көлөмү кеминде 250-300 миллион калкты түзүшү керек. Себеби азыр биз өз алдынча заманбап технологияларды өндүрүп, күчтүү заводдорду курсак да, өндүрүлгөн продукцияны жетиштүү көлөмдө сата албай калабыз. Чакан мамлекет үчүн глобалдашуу жана экономикалык биримдик абдан маанилүү. ЕАЭБ сыяктуу ири рынок бизге өз экономикабызды алдыга жылдыруу үчүн керек. Мисалы, Япония 123 миллион гана калкы менен дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн бирине айланды. Алар өз убагында Батыштын ачык рыногун натыйжалуу пайдалана алышкан. Бүгүнкү күндө бизге өзүбүз түзгөн тоскоолдуктар гана жолтоо болуп жатат. Маселен, текстиль тармагында продукциябызды көмүскө сатып келгенбиз. Россия ачык-айкын иштөөнү талап кылганда, биз ага өз убагында даярданган жокпуз. Натыйжада талап күчөп, айрым жолдор жабылганда отуруп калдык. Чакан бизнес көбүнчө күнүмдүк кирешени гана ойлоп, бул маселеге жетиштүү көңүл бурган жок. Бул жерде стратегиялык саясат жүргүзбөгөн, керектүү шарттарды түзбөгөн жана тиешелүү экосистеманы калыптандырбаган өкмөттүн да жоопкерчилиги бар. Кесепетин бүгүн көрүп жатабыз.— Жакынкы Чыгыштагы окуялар, Иран менен Израилдин ортосундагы согушту айтып кеттиңиз. Ошол эле Ормуз кысыгынын жабылышы ЕАЭБге кандай таасир берди? Мындан ары эми баалар кандай өзгөрөт?— Менимче, Ормуз кысыгындагы жана Ирандын айланасындагы кырдаал жакын арада жөнгө салынбайт. Тескерисинче, мындан ары дагы курчушу мүмкүн. Трамп (АКШ президенти — ред.) бир нече жолу тараптар орток пикирге келип, келишим түзүлдү деп билдирген. Бирок абал, тескерисинче, начарлап жатат. Албетте, бул дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Ормуз кысыгы жабылса мунай жана газ ташуунун болжол менен 25-30 пайызы үзгүлтүккө учурайт экен. Мындай шартта дүйнөлүк кризис башталып, баалар сөзсүз өсөт. Өзгөчө Кытай, Япония жана Индия сыяктуу Азия мамлекеттеринде энергоресурстун тартыштыгы жаралды. Мындай кырдаал Азияга эле эмес, Батыш өлкөлөрүнө да таасир этүүдө. Батышта инфляцияны ооздуктоо чоң көйгөйгө айланып, пайыздык ченди жогорулатууга аргасыз болуп жатышат. Натыйжада реалдуу экономика кыйындап, тең салмактуулук бузулууда. Товарлардын көлөмү азайып, баа өсүп кетти. Ормуздун айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттери болуп жатканы менен азырынча маселе чечиле элек. Менимче, дагы уланат. Себеби дүйнөдөгү ири оюнчулардын ортосундагы негизги маселе али чечиле элек. Бул кадамдар эмне үчүн жасалды эле? Мурда АКШ Советтер Союзу менен кансыз согуш жүргүзгөн. Бүгүн Кытайдын стратегиялык мааниси кескин өсүп, армиясы, экономикасы, технологиялары жана робототехника тармагы чоң секирик жасады. Ошондуктан Америка Кытайдын экономикасын алсыратуунун негизги жолу катары анын муктаж болгон энергоресурстарга жеткиликтүүлүгүн чектөөнү карап жатат.Ушул саясаттын алкагында Америка адегенде Венесуэлага, андан кийин Иранга каршы чектөөлөрдү киргизди. Ачык айтылбаганы менен негизги максаттардын бири — Иран шылтоосун пайдаланып, Перс булуңундагы энергия агымдарын көзөмөлдөө. Бул саясат Иранга гана эмес, Индия, Индонезия, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөргө да таасирин тийгизет. Трамп өндүрүштөрдүн мүмкүн болушунча Америкага көчүп келишин каалап жатат. Жалпысынан АКШнын азыркы саясаты дүйнөнүн башка өнүккөн өлкөлөрүндө кризис күчөсө, капитал кайра Америкага агылып келет дегенге негизделүүдө. Демек, бул — чоң геосаясат. Анын артында бүгүнкү күндүн эмес, алдыдагы 50-100 жылдык экономикалык кызыкчылыктар жана стратегиялык пландар турат.— Сооданын нугу өзгөргөнү көп айтылууда. Бүгүн ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн кайсы жаңы рыноктор артыкчылыктуу? Кыйын мезгилдер жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү да ачат деген пикирге кошуласызбы?— Ормуз кысыгынын айланасындагы чыңалуу Иранга эле эмес, Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмирликтерине да терс таасирин тийгизди. Дубай акыркы жылдары дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан каржы борборлорунун бири болуп келген. Эгер анын позициясы акырындык менен алсырай баштаса, дүйнөгө жаңы каржы борборлору керек болот. Азыркы учурда мындай альтернативдүү ири борбор катары Гонконг менен Сингапур аталууда. Мурда англосакс дүйнөсүнүн негизги каржы борборлору Нью-Йорк менен Лондон болгон эмеспи. Азыр Дубайдын келечеги кандай болот деген белгисиздик жаралууда. Бул аймак суудан баштап айыл чарба продукцияларына чейин көптөгөн ресурстарга көз каранды. Кыргызстан ушул өзгөрүүлөрдөн жаралган мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана алса чоң утушка ээ болмок.Негизи Евразия үчүн өтө маанилүү географиялык борбор болуп саналган Ирандан үмүт чоң эле. Россия Түндүк — Түштүк транспорттук коридорун өнүктүрүп, Кытай "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алкагында жаңы Жибек Жолун түзүүнү көздөөдө. Бул долбоорлордо Кыргызстандан Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Иранга, андан ары араб өлкөлөрүнө чыгуу каралган. Ушул транспорттук коридорлор аркылуу Евразиянын экономикалык өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк жаралмак. Бирок мындай сценарий Батыштын кызыкчылыгына туура келбейт.Кыргызстан бул багытта системалуу иш жүргүзүшү зарыл. Бул тармак ийкемдүү жана алдын ала ойлонулган саясатты талап кылат. Мисалы, президент белгилеген виртуалдык активдер багытын акырындык менен өнүктүрүү туура болот. Өзүбүздүн экосистеманы түзүп, капитал өлкөнүн ичинде калып, ички долбоорлорго инвестицияланып, улуттук экономиканын өнүгүшүнө кызмат кылышы керек— Инвестициялык климатка геосаясий туруксуздук кандай таасир берүүдө?— Глобалдык масштабда капитал Батышка агылып жатат. Чындыгында эле Трамптын көздөгөн максаты, жүргүзүп жаткан саясаты акырындык менен ишке ашууда. Ачык айтылбаса да, АКШнын саясаты бүгүн Батыш Европага да катуу экономикалык басым жасоого багытталган. Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмдөрүн киргизип, соодадагы тоскоолдуктарды күчөтүүдө. Булар көп жылдар бою союздаш болуп келген, азыр Трамп НАТО боюнча саясат өзгөрүшү мүмкүн экенин айтып жатат. Демек, АКШ менен Европанын экономикалык жана технологиялык кызыкчылыктары эки ача жолго түштү. Ушундай саясат аркылуу Америка Европанын капиталын өзүнө тартууну көздөп жатат.Ал эми Кыргызстанга инвестиция тартууну кааласак, ачык экономикалык саясат жүргүзүп, ашыкча бюрократияны жана административдик тоскоолдуктарды (кустуризация) жоюшубуз керек. Бизнеске, ишкерлерге бут тоспой, аларды колдоо зарыл. Инвестиция мамлекетке эмес, эң оболу ошол ишкерлерге жана компанияларга келет. Эгер биз жасалма тоскоолдуктарды жаратпасак, Россиядан, араб мамлекеттеринен, Кытайдан, Казакстандан жана Түркиядан инвестиция тартууга толук мүмкүнчүлүк бар.ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү каржы мейкиндигин түзүү дагы күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири. Бул тууралуу мен эки-үч жыл мурун эле макала жазгам. Биздин каржы системасын туруктуу кармап туруу үчүн евразиялык валюта фондун түзүү зарыл деп эсептейм.
https://sputnik.kg/20260702/zhakynky-chygyshtagy-sogushtan-borbor-aziya-kandaj-sabak-alyshy-kerek-1102198512.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Асель Сыдыкова
https://sputnik.kg/img/07e5/01/12/1051146625_1507:396:2150:1039_100x100_80_0_0_1e6344f363d0abfadd15ca81915526b7.jpg
Асель Сыдыкова
https://sputnik.kg/img/07e5/01/12/1051146625_1507:396:2150:1039_100x100_80_0_0_1e6344f363d0abfadd15ca81915526b7.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0e/1095860342_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_88bbe9811141fded95645fbd7e5bf7ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Асель Сыдыкова
https://sputnik.kg/img/07e5/01/12/1051146625_1507:396:2150:1039_100x100_80_0_0_1e6344f363d0abfadd15ca81915526b7.jpg
кыргызстан, геосаясат, экономика, еаэб, улукман мамытов
кыргызстан, геосаясат, экономика, еаэб, улукман мамытов
Геосаясий абал ЕАЭБдин экономикасына кандай таасир этүүдө? Экономист менен маек
Дүйнөлүк экономика олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Санкция, соода согуштары, чыр-чатактар, логистикалык каттамдардын өзгөрүшү, атаандаштык экономикалык тартипти кайра түзүүдө. Бул процесстер ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасына да түз таасирин тийгизип жатат.
Кыргызстан үчүн бул өзгөрүүлөр өзгөчө маанилүү. Анткени өлкөбүздүн экономикасы тышкы соодага, мигранттардын акчасына, инвестицияларга жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон экономикалык байланышка көз каранды. Геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү товарлардын баасына, улуттук валютанын туруктуулугуна, экспорт менен импорттун көлөмүнө жана бизнес жүргүзүү шарттарына таасир этүүдө. Мындай шартта Кыргызстан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алабы? ЕАЭБ өлкөлөрү учурда кандай чакырыктарга туш болууда? Геосаясий өзгөрүүлөр интеграциялык бирикменин келечегине кандай таасир эте? Ушул жана башка суроолорго экономист-изилдөөчү Улукман Мамытов жооп берди.
— Бүгүн экономика менен геосаясат бири-биринен ажырагыс түшүнүктө болуп калды. Акыркы жылдардагы геосаясий окуялар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына кандай таасир тийгизди?
— Ар бир чоң геосаясий процесстин өзөгүндө экономика турат. "Саясат — экономиканын концентрацияланган көрүнүшү" дегендей, кандай гана саясат болбосун, анын негизинде сөзсүз экономикалык факторлор жатат. Мисалы, эмне үчүн Израиль Ливанга кайра-кайра чабуул коюуда? Алар муну Ливан тараптан ракеталар учуп келип жатат деген жүйө менен түшүндүрүүдө, бирок негизги максат аймакты кеңейтүү болуп жатат. Анткени Ливан менен Израилдин деңиз чек арасына жакын жайгашкан Жер ортолук деңизинин шельфинде Левиафан газ кени бар. Бул — мен жогоруда айткан ойдун айкын мисалы.
Евразия мамлекеттеринин мааниси жылдан жылга өсүүдө, аймактын географиялык жайгашуусу өзгөчө мааниге ээ. Россия, Кытай, араб мамлекеттери, Индия жана Иран сыяктуу ири өлкөлөрдүн чок ортосунда Кыргызстан жайгашкан. Кечээ дүйнөлүк экономиканын борбору Батыш мамлекеттери болсо, эртеңки күндүн экономикасы Евразия жана Чыгыш Азия мамлекеттери менен байланыштуу болот. Бүгүнкү күндө кызматташтык ШКУ, БРИКС жана ЕАЭБ сыяктуу бирикмелердин алкагында чыңдалууда. Сооданын бир тобу Кыргызстан аркылуу өтчүдөй болуп турат. ЕАЭБ, биринчи кезекте, Россия менен байланыштуу. Бүгүнкү күндө Россия атайын аскердик операциядан улам Батыш менен экономикалык жана саясий тирештин шартында жашап жатат. Бул абдан чоң ресурстарды талап кылууда. Өлкөнүн бюджетинин болжол менен 38 пайызы ушул багытка жумшалып жатат. Бирок санкцияларга жана ар кандай тоскоолдуктарга карабай Россиянын экономикасы туруктуулукту көрсөттү. 2022-жылы көптөгөн серепчилер "Россиянын экономикасы кыйрайт" дешти эле, бирок рубль бекемделип, азыр бир доллардын курсу 7 577 рублдин тегерегинде болуп жатат. Валютанын курсу — экономиканын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири.
Эгер эртең согуш токтоп, өлкө кайрадан толук кандуу реалдуу экономикага кайтып келсе, Россиянын экономикасы кандай темп менен өсөрүн элестетип көрөлү. Демек, ЕАЭБ экономикасынын туруктуулугу да көп жагынан Россиянын экономикасынын абалына байланыштуу.
— Ооба, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасы Россия рыногуна байланган. Экономиканы диверсификациялоо боюнча реалдуу жыйынтыктар кандай болууда?
— Кыргызстан алакандай эле мамлекет. Жети миллион калкы бар өлкө — бул чакан рынок, чакан экономика. Эгер көз карандысыз, өз алдынча жетиштүү экономика курууну кааласак, анда күчтүү экономисттер белгилегендей, рыноктун көлөмү кеминде 250-300 миллион калкты түзүшү керек. Себеби азыр биз өз алдынча заманбап технологияларды өндүрүп, күчтүү заводдорду курсак да, өндүрүлгөн продукцияны жетиштүү көлөмдө сата албай калабыз. Чакан мамлекет үчүн глобалдашуу жана экономикалык биримдик абдан маанилүү. ЕАЭБ сыяктуу ири рынок бизге өз экономикабызды алдыга жылдыруу үчүн керек. Мисалы, Япония 123 миллион гана калкы менен дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн бирине айланды. Алар өз убагында Батыштын ачык рыногун натыйжалуу пайдалана алышкан. Бүгүнкү күндө бизге өзүбүз түзгөн тоскоолдуктар гана жолтоо болуп жатат. Маселен, текстиль тармагында продукциябызды көмүскө сатып келгенбиз. Россия ачык-айкын иштөөнү талап кылганда, биз ага өз убагында даярданган жокпуз. Натыйжада талап күчөп, айрым жолдор жабылганда отуруп калдык. Чакан бизнес көбүнчө күнүмдүк кирешени гана ойлоп, бул маселеге жетиштүү көңүл бурган жок. Бул жерде стратегиялык саясат жүргүзбөгөн, керектүү шарттарды түзбөгөн жана тиешелүү экосистеманы калыптандырбаган өкмөттүн да жоопкерчилиги бар. Кесепетин бүгүн көрүп жатабыз.
— Жакынкы Чыгыштагы окуялар, Иран менен Израилдин ортосундагы согушту айтып кеттиңиз. Ошол эле Ормуз кысыгынын жабылышы ЕАЭБге кандай таасир берди? Мындан ары эми баалар кандай өзгөрөт?
— Менимче, Ормуз кысыгындагы жана Ирандын айланасындагы кырдаал жакын арада жөнгө салынбайт. Тескерисинче, мындан ары дагы курчушу мүмкүн. Трамп (АКШ президенти — ред.) бир нече жолу тараптар орток пикирге келип, келишим түзүлдү деп билдирген. Бирок абал, тескерисинче, начарлап жатат. Албетте, бул дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Ормуз кысыгы жабылса мунай жана газ ташуунун болжол менен 25-30 пайызы үзгүлтүккө учурайт экен. Мындай шартта дүйнөлүк кризис башталып, баалар сөзсүз өсөт. Өзгөчө Кытай, Япония жана Индия сыяктуу Азия мамлекеттеринде энергоресурстун тартыштыгы жаралды. Мындай кырдаал Азияга эле эмес, Батыш өлкөлөрүнө да таасир этүүдө. Батышта инфляцияны ооздуктоо чоң көйгөйгө айланып, пайыздык ченди жогорулатууга аргасыз болуп жатышат. Натыйжада реалдуу экономика кыйындап, тең салмактуулук бузулууда. Товарлардын көлөмү азайып, баа өсүп кетти. Ормуздун айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттери болуп жатканы менен азырынча маселе чечиле элек. Менимче, дагы уланат. Себеби дүйнөдөгү ири оюнчулардын ортосундагы негизги маселе али чечиле элек. Бул кадамдар эмне үчүн жасалды эле? Мурда АКШ Советтер Союзу менен кансыз согуш жүргүзгөн. Бүгүн Кытайдын стратегиялык мааниси кескин өсүп, армиясы, экономикасы, технологиялары жана робототехника тармагы чоң секирик жасады. Ошондуктан Америка Кытайдын экономикасын алсыратуунун негизги жолу катары анын муктаж болгон энергоресурстарга жеткиликтүүлүгүн чектөөнү карап жатат.
Ушул саясаттын алкагында Америка адегенде Венесуэлага, андан кийин Иранга каршы чектөөлөрдү киргизди. Ачык айтылбаганы менен негизги максаттардын бири — Иран шылтоосун пайдаланып, Перс булуңундагы энергия агымдарын көзөмөлдөө. Бул саясат Иранга гана эмес, Индия, Индонезия, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөргө да таасирин тийгизет. Трамп өндүрүштөрдүн мүмкүн болушунча Америкага көчүп келишин каалап жатат. Жалпысынан АКШнын азыркы саясаты дүйнөнүн башка өнүккөн өлкөлөрүндө кризис күчөсө, капитал кайра Америкага агылып келет дегенге негизделүүдө. Демек, бул — чоң геосаясат. Анын артында бүгүнкү күндүн эмес, алдыдагы 50-100 жылдык экономикалык кызыкчылыктар жана стратегиялык пландар турат.
— Сооданын нугу өзгөргөнү көп айтылууда. Бүгүн ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн кайсы жаңы рыноктор артыкчылыктуу? Кыйын мезгилдер жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү да ачат деген пикирге кошуласызбы?
— Ормуз кысыгынын айланасындагы чыңалуу Иранга эле эмес, Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмирликтерине да терс таасирин тийгизди. Дубай акыркы жылдары дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан каржы борборлорунун бири болуп келген. Эгер анын позициясы акырындык менен алсырай баштаса, дүйнөгө жаңы каржы борборлору керек болот. Азыркы учурда мындай альтернативдүү ири борбор катары Гонконг менен Сингапур аталууда. Мурда англосакс дүйнөсүнүн негизги каржы борборлору Нью-Йорк менен Лондон болгон эмеспи. Азыр Дубайдын келечеги кандай болот деген белгисиздик жаралууда. Бул аймак суудан баштап айыл чарба продукцияларына чейин көптөгөн ресурстарга көз каранды. Кыргызстан ушул өзгөрүүлөрдөн жаралган мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана алса чоң утушка ээ болмок.
Негизи Евразия үчүн өтө маанилүү географиялык борбор болуп саналган Ирандан үмүт чоң эле. Россия Түндүк — Түштүк транспорттук коридорун өнүктүрүп, Кытай "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алкагында жаңы Жибек Жолун түзүүнү көздөөдө. Бул долбоорлордо Кыргызстандан Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Иранга, андан ары араб өлкөлөрүнө чыгуу каралган. Ушул транспорттук коридорлор аркылуу Евразиянын экономикалык өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк жаралмак. Бирок мындай сценарий Батыштын кызыкчылыгына туура келбейт.
Кыргызстан бул багытта системалуу иш жүргүзүшү зарыл. Бул тармак ийкемдүү жана алдын ала ойлонулган саясатты талап кылат. Мисалы, президент белгилеген виртуалдык активдер багытын акырындык менен өнүктүрүү туура болот. Өзүбүздүн экосистеманы түзүп, капитал өлкөнүн ичинде калып, ички долбоорлорго инвестицияланып, улуттук экономиканын өнүгүшүнө кызмат кылышы керек
— Инвестициялык климатка геосаясий туруксуздук кандай таасир берүүдө?
— Глобалдык масштабда капитал Батышка агылып жатат. Чындыгында эле Трамптын көздөгөн максаты, жүргүзүп жаткан саясаты акырындык менен ишке ашууда. Ачык айтылбаса да, АКШнын саясаты бүгүн Батыш Европага да катуу экономикалык басым жасоого багытталган. Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмдөрүн киргизип, соодадагы тоскоолдуктарды күчөтүүдө. Булар көп жылдар бою союздаш болуп келген, азыр Трамп НАТО боюнча саясат өзгөрүшү мүмкүн экенин айтып жатат. Демек, АКШ менен Европанын экономикалык жана технологиялык кызыкчылыктары эки ача жолго түштү. Ушундай саясат аркылуу Америка Европанын капиталын өзүнө тартууну көздөп жатат.
Ал эми Кыргызстанга инвестиция тартууну кааласак, ачык экономикалык саясат жүргүзүп, ашыкча бюрократияны жана административдик тоскоолдуктарды (кустуризация) жоюшубуз керек. Бизнеске, ишкерлерге бут тоспой, аларды колдоо зарыл. Инвестиция мамлекетке эмес, эң оболу ошол ишкерлерге жана компанияларга келет. Эгер биз жасалма тоскоолдуктарды жаратпасак, Россиядан, араб мамлекеттеринен, Кытайдан, Казакстандан жана Түркиядан инвестиция тартууга толук мүмкүнчүлүк бар.
ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү каржы мейкиндигин түзүү дагы күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири. Бул тууралуу мен эки-үч жыл мурун эле макала жазгам. Биздин каржы системасын туруктуу кармап туруу үчүн евразиялык валюта фондун түзүү зарыл деп эсептейм.