00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жакынкы Чыгыштагы согуш Кыргызстан менен Борбор Азия үчүн кандай сабак болду

© Изображение сгенерировано ИИЖакынкы Чыгыштагы согуштан Кыргызстан менен Борбор Азия алчу сабак
Жакынкы Чыгыштагы согуштан Кыргызстан менен Борбор Азия алчу сабак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2026
Жазылуу
Колумнист жалпы Борбор Азия мамлекеттери Жакынкы Чыгыштагы кагылышуудан эмне сабак алып, аймактын тынчтыгы үчүн кандай чараларды көрүшү керектиги тууралуу ой калчаган.
Иран менен АКШ 18-июнга караган түнү февралдын соңу менен башталган согуштун бүтүшүн шарттай турган меморандумга аралыктан кол коюшту. Документте АКШнын деңиз блокадасын жое турган убактысы жана Ирандын Ормуз кысыгында кеме кыймылын жандантуу мөөнөтү да каралган. Мындан тышкары, Иран өзөктүк куралга ээ болуу укугунан ажырады, ал эми өлкөнүн өзөктүк программасы өзүнчө макулдашуу менен жөнгө салынмакчы. Муну менен Тегеран өзүнө каршы салынган санкцияларды алдыртууга умтулуп жатат.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 28-февралында АКШ менен Израиль Иранга каршы ири аскердик операциясын баштап, өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи өлтүрүлгөн болчу. Жооп иретинде Иран Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына ракеталык сокку урган. Кагылышуу июндун башына чейин уланды.

Коопсуздук жаатындагы кооптуулуктар

АКШ менен Израилдин Иранга карата мындай жаалы ири геосаясий жаңжал эле болбостон, коопсуздуктун дүйнөлүк системасына да доо кетирди. Согуштун Борбор Азияга таасири азырынча көп байкала элек. Бир гана нерсе талашсыз — биздин регион бул согуштан туура чечим чыгарышы керек.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжалда согуштук аракеттердин жаңы түрлөрү колдонулууда. Салыштырмалуу арзаныраак түшкөн учкучсуз учкан технологиялар тараптардын негизги куралына айланды. Дрондор аскердик базалар менен авиацияга эле кооптуулук жаратпастан, бүтүндөй авиабазаларды ташып жүргөн кемелерди да жарактан чыгарууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Мындан тышкары, мындай аппараттар кымбат турган энергетика объектилерине, мунай сакталган кампаларга жана башка энергосистемаларга коркунуч туудура алат. Курулуш компаниясынын кадимки эле жүк ташыган унаасы Бишкектин жарымын аз убакытка жарыксыз калтырган күн эсиңиздеби? Эми дрон чабуулун элестетип көрүңүз. Демек, тышкы таасирлер алдында энергетикалык системалар кыйла эле алсыз экени айгине.
Ушунун баарын эске алуу менен Борбор Азия мамлекеттери өтө маанилүү инфраструктураны коргоого өзгөчө көңүл бөлүшү керек. Казакстанда болжол менен 2400 мегаваттык АЭСтин, Өзбекстанда жаңы типтеги төрт реакторго ылайыкташтырылган атомдук станциянын курулушу башталганын эске сала кетейин. Эми региондо абадан жана дрондон коргонуучу системаларды куруу зарылдыгы жаралды, өзгөчө ГЭСтер менен АЭСтер тыкыр эске алынышы кажет. ГЭС демекчи, Баткен окуялары учурунда согушкерлер Токтогул станциясын жардырууга аракет кылганын унута элек болсок керек. Бүгүн алар өлкө аймагына кирип да убара болбойт, станцияны иштен чыгаруу үчүн эки-үч дрон жетиштүү. Ооба, бизде Россия менен Кыргызстандын абадан коргонуу боюнча биргелешкен системасы иштейт, өлкө ЖККУнун коопсуздук системасына кирет, деген менен заман талабына ылайык архитектураны жаңылап, жооп кайтаруунун жаңы инструменттерин киргизүү зарыл. Керек болсо чакан жана ири ГЭСтерди долбоорлоодо, курулуш иштеринде жаңы тобокелчиликтерди эске алуу кажет.

Тамак-аштан кыйналабызбы?

Энергетика рыногундагы оор абал азык-түлүктү кымбаттатып жибериши мүмкүн, андан барып инфляция өсүшү ыктымал. Бул, албетте, Кыргызстанга да тиешелүү.
Эки аспект бар. Биринчиси — Ормуз кысыгынын жабылышынан улам углеводороддордун тартыштыгы жаралып, баасы кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Мисалы, Кыргызстанда дизель майынын литри бир доллардан ашты, мындан ары деле өсө берет шекилдүү. Жазгы талаа жумуштары майдын баасы кыйла көтөрүлгөндө жүргөнүн эске алсак, күзүндө тамак-аш кымбат болорун божомолдой берсек болчудай.
Согуш шарттаган энергетикалык каатчылык чоң көйгөйдүн бир бөлүгү гана. Экинчи аспект — жер семирткичтердин таңсыктыгы, андан барып кымбатташы. АКШ менен Израилдин Иранга кол салуусунан улам Перс булуңундагы өлкөлөрдө азот жер семирткичтеринин өндүрүшү кыскарды. Кагылышуу учурунда Иран менен башка араб өлкөлөрүнүн мунай жана газ чыккан жерлерине ракеталык сокку урулган, ал эми жер семирткич өндүрүү жаратылыш газы жана мунай химиясы менен тыгыз байланышта. Ушул себептен рынокто тартыштык жаралды. Ормуз кысыгы бөгөттөлүп тургандыктан азыр жер семирткичтин запасы сакталып турган Перс булуңундагы өлкөлөр да аны алып чыга албай турушат. Ушул факторлордон улам күзүндө азык-түлүк, өзгөчө сырттан ташылган тамак-аш кескин кымбаттайт, ал эми баанын жогорулашы инфляцияны шарттап келери белгилүү.
Албетте, таптакыр эле итке минип калабыз дегенден алысмын. Кыргызстан азык-түлүктү негизинен Россия менен Казакстандан алып келет, бул мамлекеттердин өзүнүн углеводороду жетиштүү, жер семирткич боюнча да маселе жаралбашы керек. ЕАЭБ алкагындагы кызматташуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо чоң жардамчы экенин да унутпайлы. Андыктан Борбор Азия мамлекеттеринде ачкачылык башталабы деген суроого: "жок, ачарчылык болбойт, бирок баанын өсүшү элдин жонун жукартып, социалдык чыңалууну жаратат" деп жооп бере алам.

Маалыматтык аспект

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал алдыдагы жылдарга эл аралык саясаттын нугун аныктаган бир нече маанилүү тенденцияны көрсөттү. Бул жерде аскердик аракеттерден тышкары маалыматтык, экономикалык жана технологиялык жааттагы кагылышуулар тууралуу сөз болуп жатат. Санариптешүү шартында маалыматтык технологиялар геосаясий таасир этүүнүн толук кандуу куралы болуп, коомдук пикир үчүн күрөш тирешүүнүн негизги фронтуна айланды.
Буга январда Иранда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети мисал. Дал ошондо социалдык тармак менен мессенджерлер өлкөнү чайпалтып, элди көчөгө алып чыгууда негизги ролду ойногон. Ал эми мындай көрүнүш Ирандын башка мамлекеттердей эле өзүнүн медиасистемасынын жоктугунан улам болду.
Демек, айрым өлкөлөрдүн аскердик жана дипломатиялык чөйрөдөгү ийгиликтерине карабастан, медиаталаада Евразия мамлекеттери соцтармак менен мессенджерлерге ээлик кылган батыш оппоненттеринен кыйла артта.
Суверенитетти, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн бизге кастарын тиккен медиачөйрөдө иштөө үчүн жаңы инструменттерди издөө зарыл экени айкын болду. ЖМК сыяктуу салттуу куралдын күчү азыркы заманда жетишсиз болуп калды, тышкы маалыматтык кысымды тоготпогудай жаңы технологиялык ыкмалар зарыл болуп турат.

Алчу сабак

Америкалык "демократия" аралап өткөн Югославия, Ливия, Ирак жана башка топ мамлекеттин ал-абалы бирөөнүн жаза басканынан сабак алышыбыз керек экенин даана көрсөттү. Ал эми АКШнын жаалына туруштук берип, ал тургай көп тармакта артыкчылыгын көрсөткөн Иран элдин биримдиги, кайрат-деми керемет жарата аларын далилдеди. Мындай шартта Борбор Азия мамлекеттери түрдүү жаңжалга тартылып кетпеши үчүн биримдигин сактап, стратегиялык пландоо жаатында иштеши керек. Идеологиясы күчтүү, улуттук коопсуздук системасы бекем, алдыны көрө билген мамлекеттер тышкы таасирлерге жана каатчылыктарга оңой менен алдырбай турганын тарых саймедиреп келет.
Айтайын дегеним, Кыргызстан жана Борбор Азиядагы башка мамлекеттер үчүн, жалпы эле постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөр үчүн коопсуздугун бекемдөө, стратегиялык объектилерин коргоо зарылдыгы күч экени ачык билинди. Ар бир мамлекет маалыматтык суверенитетин түптөө үчүн өзүнүн медиасистемасын (социалдык тармак, дата-борборлор ж.б.) өнүктүрүшү керек. Ал эми улуттук өнүгүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы ар кандай кооптуулуктар менен чакырыктарга ыкчам жооп кайтарууга жол ачат. Дал ушул факторлор XXI кылымдын глобалдык турбуленттиги күчөгөн шартта мамлекеттердин туруштук бере алар-албас дараметин аныктайт.
Мунай өндүрүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2026
Ирандагы кырдаалдан улам дүйнө энергетикалык кризистин кооптуу этабына кирип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0