"Тамчыда" инвесторлордун талаш-тартыштары сотсуз, англис укугу менен чечилет

© Sputnik / Михаил Дудин
Жазылуу
ТАМЧЫ, 3-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө ачылган "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагында (АФИА) инвесторлор ортосундагы бардык келишимдер жана талаш-тартыштар Англиянын мыйзамдарынын негизинде соттук процессиз, калыс чечилет. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, долбоор дүйнөлүк эң алдыңкы тажрыйбаларды, анын ичинде Казакстандагы эл аралык финансы борборлорунун ийгиликтүү практикасын эске алуу менен түзүлдү.
"Бул жерде эл аралык деңгээлде абдан чоң кадыр-баркка ээ болгон англис укук системасы, Англиянын мыйзамдары иштейт. Бул укуктук система өзүнүн кынтыксыздыгы менен таанылган. Ошондуктан инвесторлор ортосундагы бардык келишимдер жана талаш-тартыштар дал ушул жерде Англиянын мыйзамдарынын негизинде сот процесси жок, калыс чечилет", — деди Сабиров.
Ал атайын аймактын башка дагы артыкчылыктарын санады:
аймакка кирген жана андан чыккан бардык төлөмдөр, инвестициялык каражаттар үчүн салык алынбайт;
дүйнөнүн кайсы гана бурчунан келген инвестор болбосун, түз келип, өз ара келишимдерди түзүп, соода-сатык иштерин эркин жүргүзүп, кайра чыгып кете алат;
аймакта эл аралык жана ата мекендик ишкерлер деп бөлүү болбойт. Кыргызстандын улуттук компаниялары да резидент катары катталып, түз иштешүүгө толук укуктуу;
келечекте 3 500дөн ашык резидент компания катталып, заманбап технологиялардын жана инновациялардын алкагында 10 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлөт;
аймактын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу үчүн атайын кеңеш түзүлөт. Анын курамына тең салмактуулукту сактоо үчүн бизнес тараптан беш киши жана мамлекет тараптан беш киши тандалат;
6 миң гектарлык атайын аймактын ичинде ишкерлер эркин жүрө алышат. Эгерде алар бул аймактын сыртына чыга турган болсо, көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде каттоодон өтүү талабы сакталат.
