https://sputnik.kg/20260703/monakodogu-zhardyruu-boyuncha-germaniyada-zhashagan-ukrainalyk-ayal-izdoodo-1102214781.html
Монакодогу жардыруу: тергөө Германияда жашаган украиналык аялды издөөдө
Монакодогу жардыруу: тергөө Германияда жашаган украиналык аялды издөөдө
Sputnik Кыргызстан
Тергөө Ермолаенкого кол салуунун артында Украинанын Куралдуу күчтөрү турат деп билдирүүдө. 03.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-03T11:30+0600
2026-07-03T11:30+0600
2026-07-03T11:30+0600
дүйнөдө
украина
монако
италия
жардыруу
тергөө
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102209705_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_d8fae0aa54dba751e75508b1e976e668.jpg
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Украиналык бизнесмен Вадим Ермолаевге Монакодогу кол салууга анын Германияда жашаган 30 жаштагы мекендеши шектелип жатат. Бул туурасында европалык ЖМКлар жазды. Бейшемби күнү Монаконун прокуратурасы атын-жөнүн атабай, бирок шектүүнү кармоого ордер берилгенин билдирген. France Info телеканалынын маалыматына таянсак, аял кылмыш жасагандан кийин Босолей шаарчасына кетип, андан ары шериги менен Италияга качкан. Le Figaro жардыруу жасалган күнү украин аял Ермолаевдин үйүнө бир нече ирет келгенин билдирген. Ал эми BFMTV аял эркектердей кийинип алып, олигархтын жакыны Анна Насобина жанынан өтүп бара жатканда аралыктан туруп жардыра турган аппаратты иштетип жиберген. Мунун кесепетинен аял катуу жарадар болуп, бутунун бир бөлүгүн кесүүгө туура келген. Мындан сырткары, ишкердин уулу да жабыркаган. Ал эми ишкер Ермолаев өзү оор абалда жатканы айтылды. Мурдараак укриан ЖМКлары Ермолаев менен Насобина көп жылдан бери чогуу жашап жүрүшкөнүн, бир уулдуу болгонун жазышкан. Ал эми бизнесмендин мыйзамдуу аялы комментарий берүүдөн баш тарткан. Тергөө Ермолаенкого кол салуунун артында Украинанын Куралдуу күчтөрү турат деп билдирүүдө. Вадим Ермолаев — "Алеф" корпорациясынын негиздөөчүсү жана Днепропетровск шаарынын эң ири курулуш магнаттарынын бири. Forbes журналы аны эң бай украиналыктардын тизмесине бир нече жолу кошкон, бирок бүгүнкү күндө ишкер Кипрдин жараны. 2023-жылы Владимир Зеленский Ермолаевге 10 жылдык мөөнөткө санкция койгон.
https://sputnik.kg/20260701/zelenskiy-ukrainany-terrorduk-uyumdun-uyuguna-aylantty-1102173409.html
украина
монако
италия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102209705_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_138329d8600eacf2809357bc93ccc4a3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, монако, италия, жардыруу, тергөө
дүйнөдө, украина, монако, италия, жардыруу, тергөө
Монакодогу жардыруу: тергөө Германияда жашаган украиналык аялды издөөдө
Тергөө Ермолаенкого кол салуунун артында Украинанын Куралдуу күчтөрү турат деп билдирүүдө.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Украиналык бизнесмен Вадим Ермолаевге Монакодогу кол салууга анын Германияда жашаган 30 жаштагы мекендеши шектелип жатат. Бул туурасында европалык ЖМКлар жазды.
Бейшемби күнү Монаконун прокуратурасы атын-жөнүн атабай, бирок шектүүнү кармоого ордер берилгенин билдирген.
France Info телеканалынын маалыматына таянсак, аял кылмыш жасагандан кийин Босолей шаарчасына кетип, андан ары шериги менен Италияга качкан.
Le Figaro жардыруу жасалган күнү украин аял Ермолаевдин үйүнө бир нече ирет келгенин билдирген. Ал эми BFMTV аял эркектердей кийинип алып, олигархтын жакыны Анна Насобина жанынан өтүп бара жатканда аралыктан туруп жардыра турган аппаратты иштетип жиберген. Мунун кесепетинен аял катуу жарадар болуп, бутунун бир бөлүгүн кесүүгө туура келген. Мындан сырткары, ишкердин уулу да жабыркаган. Ал эми ишкер Ермолаев өзү оор абалда жатканы айтылды.
Мурдараак укриан ЖМКлары Ермолаев менен Насобина көп жылдан бери чогуу жашап жүрүшкөнүн, бир уулдуу болгонун жазышкан. Ал эми бизнесмендин мыйзамдуу аялы комментарий берүүдөн баш тарткан.
Тергөө Ермолаенкого кол салуунун артында Украинанын Куралдуу күчтөрү турат деп билдирүүдө.
Вадим Ермолаев — "Алеф" корпорациясынын негиздөөчүсү жана Днепропетровск шаарынын эң ири курулуш магнаттарынын бири. Forbes журналы аны эң бай украиналыктардын тизмесине бир нече жолу кошкон, бирок бүгүнкү күндө ишкер Кипрдин жараны. 2023-жылы Владимир Зеленский Ермолаевге 10 жылдык мөөнөткө санкция койгон.