https://sputnik.kg/20260520/aksyda-sel-zhurdu-1101434125.html
Бодо мал, автоунааны агызып... Аксынын Сыны айлында да катуу сел жүрдү. Видео
Бодо мал, автоунааны агызып... Аксынын Сыны айлында да катуу сел жүрдү. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районундагы Сыны айылында катуу жааган жамгырдан улам чоң сел жүрдү. Соцтармакта тараган видеолордон автоунааны... 20.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-20T16:47+0600
2026-05-20T16:47+0600
2026-05-20T16:47+0600
кыргызстан
аксы
сел
мал
автоунаа
жамгыр
өкм
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0c/1087804496_0:121:3213:1928_1920x0_80_0_0_1b6c9452104bf78bed1ca34c81565455.jpg
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районундагы Сыны айылында катуу жааган жамгырдан улам чоң сел жүрдү. Соцтармакта тараган видеолордон автоунааны, бир нече бодо малды суу агызып кеткенин көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундардын айтымында, сел электр энергиясын өчүрүп, байланыш калыбына келе элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюу боюнча Аксы райондук жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жыйын өткөрүлүп, тийиштүү тапшырмалар коюлганын билдирди. 19-майдын кечинде нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып, Ак-Жол айыл аймагында жети турак үйдүн короосун суу каптап, айрым унаа жолдордун бөлүктөрүн, көпүрөнү кыян алып, Сыны айылында сел өтүүчү сайдан бир жеңил унааны агызган. Агып кеткен унаа чыгарылган, жабыркагандар жок. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.
https://sputnik.kg/20260520/chpu-ala-bukada-kopuronu-sel-aldy-1101420225.html
аксы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0c/1087804496_242:0:2973:2048_1920x0_80_0_0_0b13e2abf93fe35b48d4a610d3a2bf52.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аксы, сел, мал, автоунаа, жамгыр, өкм
кыргызстан, аксы, сел, мал, автоунаа, жамгыр, өкм
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районундагы Сыны айылында катуу жааган жамгырдан улам чоң сел жүрдү. Соцтармакта тараган видеолордон автоунааны, бир нече бодо малды суу агызып кеткенин көрүүгө болот.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, сел электр энергиясын өчүрүп, байланыш калыбына келе элек.
"Электр мамылары кыйшайып калган. Алар келтирилген зыянды эсептеп, жергиликтүү администрацияга жөнөтүшкөнүн айтышууда. Айыл канча зыян тартканын азырынча так айтуу кыйын", — деди жергиликтүү тургун Замирбек Мырзакеев.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюу боюнча Аксы райондук жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жыйын өткөрүлүп, тийиштүү тапшырмалар коюлганын билдирди.
19-майдын кечинде нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып, Ак-Жол айыл аймагында жети турак үйдүн короосун суу каптап, айрым унаа жолдордун бөлүктөрүн, көпүрөнү кыян алып, Сыны айылында сел өтүүчү сайдан бир жеңил унааны агызган.
Агып кеткен унаа чыгарылган, жабыркагандар жок. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.