https://sputnik.kg/20260513/rossiya-islam-duynosu-uchun-ishenimduu-soyuzdash-boluuga-umtulat-1101297589.html
РФ ТИМи: Россия ислам дүйнөсү үчүн ишенимдүү союздаш болууга умтулат
РФ ТИМи: Россия ислам дүйнөсү үчүн ишенимдүү союздаш болууга умтулат
Sputnik Кыргызстан
Батыштын Россияга карата жүргүзүп жаткан гибриддик согушу Москванын ислам дүйнөсү менен жакындашуусун тездетти. 13.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-13T17:42+0600
2026-05-13T17:42+0600
2026-05-13T17:42+0600
дүйнөдө
россия
батыш
ислам
форум
кызматташуу
стратегиялык өнөктөш
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0d/1101297873_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_fe2c586629720cf80893188339b5a98e.jpg
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Россия ислам дүйнөсү үчүн өнөктөш эле эмес, ишенимдүү союздаш болууга умтулат. Бул туурасында РФ ТИМинин Федерация субъектилери, парламенттик жана коомдук уюмдар менен байланыш департаментинин жетекчисинин орун басары Кирилл Сапоженков Казандагы форумда айтты. Анын айтымында, Россиянын ислам мамлекеттери менен алакасы жаңы деңгээлге чыгып бара жатат. Дипломат Батыш Россияга карата жүргүзүп жаткан гибриддик согуш Москванын ислам дүйнөсү менен жакындашуусун тездеткенин белгиледи. Казанда бүгүн "Россия - ислам дүйнөсү: КазаньФорум" XVII эл аралык экономикалык форуму башталды. Иш-чара РФ менен Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарды чыңдоочу аянтча болмокчу. РФ президентинин жарлыгы менен 2023-жылдан тартып форумга федералдык макам берилген.
https://sputnik.kg/20250515/rossiya-menen-musulman-olkolorunun-mamilesi-1093992216.html
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0d/1101297873_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_65769fef061ba85b2ade554b8a13364f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, батыш, ислам, форум, кызматташуу, стратегиялык өнөктөш
дүйнөдө, россия, батыш, ислам, форум, кызматташуу, стратегиялык өнөктөш
РФ ТИМи: Россия ислам дүйнөсү үчүн ишенимдүү союздаш болууга умтулат
Батыштын Россияга карата жүргүзүп жаткан гибриддик согушу Москванын ислам дүйнөсү менен жакындашуусун тездетти.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Россия ислам дүйнөсү үчүн өнөктөш эле эмес, ишенимдүү союздаш болууга умтулат. Бул туурасында РФ ТИМинин Федерация субъектилери, парламенттик жана коомдук уюмдар менен байланыш департаментинин жетекчисинин орун басары Кирилл Сапоженков Казандагы форумда айтты.
"Биз (Россия — ред.) алар үчүн (ислам мамлекеттери — ред.) кызыктуу өнөктөш эле эмес, ишенимдүү саясий союздаш болууга умтулабыз. Өз ара урматка негизделген кызматташууда бул нерсе өтө маанилүү. Мындай кадам Ислам кызматташуусу уюмуна кирген өлкөлөрдүн жапырт колдоосуна арзыйт", — деди Сапоженков "Россия – ислам дүйнөсү: КазаньФорум" деп аталган ири иш-чарада.
Анын айтымында, Россиянын ислам мамлекеттери менен алакасы жаңы деңгээлге чыгып бара жатат. Дипломат Батыш Россияга карата жүргүзүп жаткан гибриддик согуш Москванын ислам дүйнөсү менен жакындашуусун тездеткенин белгиледи.
Казанда бүгүн "Россия - ислам дүйнөсү: КазаньФорум" XVII эл аралык экономикалык форуму башталды. Иш-чара РФ менен Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарды чыңдоочу аянтча болмокчу. РФ президентинин жарлыгы менен 2023-жылдан тартып форумга федералдык макам берилген.