00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орунбеков: мамлекеттик медиаларды калыбына келтирүү — системалуу саясаттын жыйынтыгы

© Фото / Пресс-служба президента КРПрезиденттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2026
Жазылуу
Акыркы кезде мамлекеттик маалымат каражаттары тууралуу көп айтылып келет. Жалпысынан бүгүнкү абалга президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков сереп салды.
— Кыргызстандагы мамлекеттик медиалардын ишине ичи чыкпагандар көп. Кандай баа бересиз?
— Узак убакыт бою Кыргызстандын мамлекеттик маалымат каражаттары системалуу түрдө алсырап келгенин танууга болбойт. Каржылоо калдык принцип менен жүргүзүлүп, инфраструктура эскирип, кадрдык курам кыскарып, башкаруучулук чечимдер көбүнчө өнүгүүгө эмес, жөн гана аман калууга багытталган. Натыйжада мамлекеттик медиа атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготуп, өзүнүн негизги маалыматтык функцияларын толук аткара албай калган.
Бүгүн мамлекет бул маселеге башкача көз караш менен мамиле кылып, маалыматтык инфраструктураны комплекстүү калыбына келтирүү этабына өттү. Максат — таасирди күчөтүү эмес, мамлекеттик маалымат каражаттарынын базалык башкаруучулугун, туруктуулугун жана функционалдуулугун калыбына келтирүү.
— Кандай конкреттүү иштер аткарылды?
— Акыркы бир нече жыл ичинде президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Маалыматтык саясат кызматы тарабынан бир катар системалуу чаралар ишке ашырылды. Биринчи кезекте инфраструктура маселесине токтолсок.
УТРКнын имараты курулгандан бери дээрлик 50 жыл ичинде бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Өткөн жылы капиталдык реконструкция жүргүзүлдү. Студиялар жана техникалык бөлмөлөр толук жаңыланды, контентти санарип форматта өндүрүүгө бардык шарттар түзүлдү. Жакшы билесиздер, көчмө телестудиясы эскирип калган болчу, кошумча жаңы көчмө телестудия сатып алынды, ал май айына чейин келет. Көчмө студия мурдагыдан айырмаланып кубаттуулугу, мүмкүнчүлүктөрү бир топ жогору болот. Телеканалдын техникалык базасы толукталып, өзүбүздө чогултулуп жаткан унаа заводунан жаңы 15 кызматтык унаа сатып алынды. Буга чейин эски машиналар алынган экен, көпчүлүгү дээрлик жарабай калган.
— ЭлТР телеканалы боюнча айтсаңыз?
— ЭлТРде да олуттуу өзгөрүүлөр болду. Оштогу башкы имарат капиталдык ремонттон өттү. Техникалык база жаңыртылды, дагы да толукталып жатат. Ысык-Көлдө телеканалга таандык жер тилкеси бар экен, ал жерге кызматкерлер үчүн эс алуу борбору курулуп, колдонууга берилди. Жайкы сезондо кызматкерлер келип, акысыз эс алып кетип жатышат. Ошондой эле сегиз кызматтык унаа, эки кичи автобус сатып алынды.
— "Кабар" агенттигинде да өзгөрүүлөр болсо керек?
— "Кабар" КУМАнын имараты толугу менен модернизацияланып, капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Техникалык жабдуулар жаңыланып, агенттик эл аралык маалымат агенттиктерине коюлуучу базалык талаптарга жооп берген деңгээлге жетти. Кызматтык унааларды сатып бердик.
— Басма сөз каражаттары да четте калган жок окшойт...
— "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттери кызматтык унаалар менен камсыздалды. Басылмалар жайгашкан имарат 2026-жылдын капиталдык салымдар программасына киргизилди. Буюрса, ушул жылы толук капиталдык ремонттон өтүп, заманбап шарттар түзүлөт. Өзүнчө белгилеп кетүүчү нерсе — "Эркин Тоо" гезитинде пилоттук реформа жүргүзүлдү. Натыйжада мурда карызга баткан редакция 2025-жылы 33,5 миллион сомдук иш жүргүзүп, бардык карыздарын жаап, учурда 12 миллион сом резервдик каражат менен иштеп жатат. Ал эми көп жылдан бери өзүн-өзү каржылап араң иштеп келген "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттери, "Ала-Тоо" маданият журналы жана "Байчечекей" балдар журналы бириктирилип, чарбалык эсеп системасынан чыгарылып, бюджеттик каржылоого алынды.
— Кадр маселеси жана мотивация багытында кандай чечимдер бар?
— 2026-жылдын апрель айынан тартып мамлекеттик телерадиокомпаниялардын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 2026-жылдын февраль айынан тарта "Мир" ТРКсынын улуттук филиалында айлык көтөрүлөт.
Медиа жана журналистика тармагында эмгектенгендерди шыктандыруу максатында президенттин "Мейкин" улуттук сыйлыгы уюштурулду. Ал эки жылда бир өткөрүлүп, 10 номинация боюнча жалпы байге фонду 10 миллион сомду түзөт. 2024-жылы өлкө башчынын катышуусунда биринчи иш-чарабыз өткөрүлүп, бүткүл улуттук журналистиканы бириктирген масштабдуу окуя болуп калды.
Мындан тышкары, алдыңкы жылдары кезекте турган мамлекеттик жана жеке медиаларда иштеген 50дөй журналист Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батирлүү болушат. Бул — турак жайга муктаж адистерди социалдык жактан колдоонун маанилүү кадамы. Тизмеде көп жылдан бери үйү жок, унаасында жашап иштеген, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой жана көзү өтүп кеткен журналисттин артында калган үй-бүлөлөрү бар.
Бул жерде эң башкы фактор — президент Садыр Нургожоевичтин түз жана принципиалдуу колдоосу. Президент маалыматтык саясатты мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу менен түз байланышкан тармак катары карайт. Ал социалдык тармактардагы коомдук талкууларды, резонанстуу окуяларды тыкыр көзөмөлдөп, маалымат мейкиндигиндеги процесстерге жеке өзү дагы көңүл бурат. Дал ушул саясий эрк болбосо, мындай масштабдагы инфраструктуралык жана системалуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу мүмкүн эмес эле.
— Жыйынтыктап айтканда, бүгүн кайсы этапта турабыз?
— Мамлекет мамлекеттик маалымат каражаттарынын материалдык жана уюштуруучулук базасын калыбына келтирүү этабын аяктады. Эми мындан аркы натыйжа башкаруучулук чечимдерге, кадрдык саясатка жана эң башкысы, чыгарылып жаткан контенттин сапатына жараша болот. Мамлекет бул багытта мамлекеттик гана эмес, жеке медиаларды колдоо боюнча да ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат.
Бишкекте беш өлкөнүн президенттеринин катышуусунда ЖККУнун саммити - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2026
Кыргызстандын тышкы саясаты. Өлкө бир жылда эмнеге жетишти
Жаңылыктар түрмөгү
0